Лев Лещенконун Ала-Тоо жана жайлоо жөнүндө ырдаганын уктуңуз беле? Видео

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүРоссиялык айтылуу ырчы Лев Лещенко. Архив
Россиялык айтылуу ырчы Лев Лещенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Ырчы бул чыгарманы 1985-жылдын март айында композитор Людмила Лядованын юбилейлик кечесинде аткарган. Иш-чара Москва шаарынын Союздар үйүндө өткөн.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиялык айтылуу ырчы Лев Лещенконун репертуарында Кыргызстан тууралуу ыр бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек.
Николай Старостиндин сөзүнө жазылган "Ала-Тоо — земля моя родная" аттуу чыгарманы Лещенко ырдап жаткан видеону Александр Зеличенко өзүнүн Facebook баракчасына жүктөдү. 
Ретро музыкалар боюнча сайтта жазылганына караганда, Лещенко бул ырды 1985-жылдын март айында композитор Людмила Лядованын юбилейлик кечесинде ырдаган. Иш-чара Москва шаарынын Союздар үйүндө өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0