Апасы менен киного тартылган 5 жаштагы Шамшиев. "Бөрү зындандагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

КРдин эл артисти, белгилүү актриса Айтурган Темирова менен белгилүү советтик актер Талгат Нигматулин жана кичинекей Чыңгыз Шамшиевдин сүрөтү 1983-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти, режиссер Болот Шамшиев казакстандык Эркен Абишев экөө жашоодогу чыныгы окуялардын негизинде сценарий жазып, "Бөрү зындан" тасмасын тартууга киришкен.

Ошол кезеңди Шамшиевдин уулу Чыңгыз мындайча эскерет.

"Бул сүрөт борбор калаадагы азыркы Эркиндик бульварында тартылган. Тасманын сюжети боюнча ал жерде башкы каарман Самат келинчеги Ажар жана уулу жолугат. Мен Бектур деген кичинекей баланын ролун жаратып, ошол эпизоддо Нигматулиндин колундагы чемоданын сурап, бербей койсо апама арызданам. Анын ичинде кылмыштуу жол менен топтолгон ири өлчөмдөгү акча болгон. Кийин тасма кинотеатрларга чыкканда ошол эпизодду көптөгөн курдаштарым, агаларым көчөдө аткарып берүүмдү суранып жүрүштү. Ал кыска ролумду атам менен кеминде он жолу репетиция кылып даярданып тартканыбыз эсимде. Мен аябай чарчап калчумун, атама менин аткаруум жагып, ыраазы болгонго чейин кайталачубуз. Негизи ата-энебиз көбүнчө тасма тартуу иштери менен тоо-ташта, аймактарда командировкада көп жүрүшчү", — деди Шамшиев.

Эске сала кетсек, режиссёр Болот Шамшиев менен актриса Темирова 25 жыл бирге түтүн булатып, бир кыз, бир уулду чоңойткон. Кызы Сүйүтай кесиби боюнча лингвист, эл аралык уюмдарда эмгектенген. Уулу Чыңгыз учурда Бишкектеги ири ЖОЖдордун биринде вице-президент кызматын аркалап келет.

Бакайдын жайыты тасмасында кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
Муратбек Рыскуловду чапканга кол барбай... "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт
Аталган эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев да роль жараткан.

Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун былыктары, коомдогу кылмыштуулук, баңгилик жөнүндө баяндалат. Ал эмгекти көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Түрдүү эсептөөлөр боюнча аны союз учурунда 21 миллиондон ашык адам көргөн.

Аталган тасмадагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0