Баянды эшиктин жыртыгынан шыкаалап, кайтарып... Композитор Адылбек Кыязов менен маек

© Sputnik / Асель СыдыковаКомпозитор Адылбек Кыязов
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1970-80-жылдары белгилүү ырчы, композитор Адылбек Кыязов "Ай, эркем ай", "Гүлмира" өңдүү ырлары менен элге таанылган. Композитордун обондору, ырлары өз убагында эл арасына сиңип, тарап кеткен.
Биздин маектеш көп жылдар бою Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу театрында жубайы, Кыргыз эл артисти Дамира Баратбаева менен бир канча жыл эмгектенишкен. Кыязов ушу кезге чейин мамлекеттен "Эмгек сиңирген артист" наамын албаса да, жумурай-журт ага сый-урматы менен "Эл артисти" наамын ыйгарып койгондой.
Анын Омор Хайямдын рубаилеринен алынган:
"Мейли жүз жыл, мейли миң жашагын,
Билгин чындык жер алдында жатарын.
Падыша бол, кайырчы бол, баары бир,
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың", — деген саптары бар "Өмүр кемеси" аттуу ырын билбеген адам чанда болсо керек.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы белгилүү обончу Адылбек Кыязов менен чыгармачылыгы, жаштыгы, үй-бүлөсү тууралуу маектешкен.
— Искусство, маданият чөйрөсүнө кантип келип калгансыз?
— Өнөргө жакын адамдардын баарынын эле чыгармачылыгы бала кезинен башталат. Мен алты жашыман комуз үйрөндүм. Атам да чыгармачылыкка жакын киши болчу. Ал убакта комуздан башка музыкалык аспап деле жок. Өзү чертпегени менен ырларды кызыгуу менен укчу. Союз убагы, атам колхоздо алдыңкы чабандардан болуп, жылына сыйлыкка бирден патефон көтөрүп келет. Ага бирден пластинканы салып, Муса Баетовдун, Атай Огомбаев, Калмураттын ырларын угар элек. Ал киши эртең менен малды айдап, кой кайтарганы кетип бара жатып улам бир ырды тапшырма катары берип, "жаттап, кечинде мага ырдап бересиң" дечү. Мен баягы пластинканы кайра-кайра түрдүрүп жаттап, кечинде ырдап берсем аябай сүйүнүп калар эле. Ошентип жүрүп "Кептешке" деген ырды жаттап алып, жайлоого келгендердин баарына комуз менен ырдап берип жүрдүм. Мен ырдасам бүт эле кыраан-каткы күлкү. Атам да "ушинтип ырдай бер" деп күлүп койду. "Ушунчалык эле күлкүлүү ырдаймынбы" деп мен өзүмчө таң калып коём. Анан бир жолу эле айылдагы Тепеш аксакал баштыкка момпосуйларын салып алып келип: "Ээ, айланайын балам, мени ырдайт экенсиң. Атайын ошону угайын деп келдим. Кана, ырдап берчи",— деп калды. Ырдап берсем, ал да каткырып "оо, айланайын" деп алкайт. Көрсө, "айрылып калдым Кептештен дебей, Тепештен" деп ырдап жүрчү экенмин (күлүп). Айылдын баары "баланчанын баласы "Тепештен айрылдым" деп ырдайт экен" дешип лакап кеп болгом. Анан ошентип жүрүп 7-класста окуп жүргөндө мектепке алгач ирет баян келди. Аны балдарга бербей эле директордун кабинетине бекитип коюшчу. Оюмдун баары ошол баянда, күндө барып эшиктин жыртыгынан аңдып коём. Аябай чертким келет. Анан бир күнү жакага келген атамды ортого салып директордон сураттырдым. Директор туугандарыбыз болчу. Аны эки-үч айдын ичинде үйрөнүп алдым.
© Sputnik / Асель СыдыковаАдылбек Кыязов алты жашында комуз черткенди үйрөнгөн
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан
Адылбек Кыязов алты жашында комуз черткенди үйрөнгөн
— Ал убакта нота деле билчү эмессиз да?
— Жок, айылда жүрсөм кайдан билем. Угуу сезимиң күчтүү болсо эле үйрөнүп кетет экенсиң. Ошентип райондогу өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып, азыркы Каныкей Эралиеванын черткенин көрүп, жакшылап үйрөнүп алдым. Ал Ак-Талаанын борборунда мени менен параллель класста окучу. Анан көрүп ал, айылдагы той-торопо, армияга узатуу болсо эле мени чакырышып, абдан "барктуу" да болуп кеттим (күлүп)...
— Кийин Фрунзеге келип музыкалык билим алдыңызбы?
— Атам мен 7-класста окуп жүргөнүмдө 53 жашында эле каза болуп калды. Ошентип мектепти бүткөндө "апаңды багышың керек, окуп кел" дешип айылдан мени Фрунзеге жиберишти. Келип, Канттан бери Киргшёлктогу айыл чарба техникумуна тапшырдым. "Дай хлеб" дегенден башка орусча эч бир сөз билбейм. Баары эле орустар, арасында үч кыргыз жүрөт. Аларга эптеп кыргызча сүйлөсөм же түшүнүшпөйт. Ошентип аябай чүнчүп кеттим окшойт, акыры чемоданымды алып, айылга баса бердим. Кийин айланып эле маданият тармагына барып, Филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окудум. "Гүлмира", "Ай, эркем ай" деген ырларым ошол кезде эле жаралган.
— Теле, радиолорго ырларыңыз качан чыга баштады?
— Студияда окуп жүргөндө ырларымды өзүбүздүн ансамблге салып ырдап жатсам, диктор Кеңешбек Ашимов келип калып "мен ырдайын, бересиңби?" дегенинен макул болгом. Ошентип Кеңешбек агай "Гүлмира" жана "Ай, эркем ай" аттуу эки ырымды радиого жаздырдып, ал таңкы саат 6:00дө "Кутмандуу болсун күнүңөр" берүүсүнөн жаңырды. Жатаканадагылар баарыбыз таң атпай радиону тегеректеп күтүп отурган элек. Сүйүнгөндү айтпа! Ал убакта радиодон чанда кишинин ыры чыкчу. Ошондон тарта студияда, балдар арасында барктуу болуп, кимдин туулган күнү болсо эле "Адике, баяның менен ырдап берип койчу" деп эле колтуктап калышат... Ошондой кызыктуу күндөр өткөн.
— Жүздөн ашык обон жараткан экенсиз, ырларыңыздын да тарыхы болсо керек?
— Кээ бир ырларыма тексттерди өзүм жазгам, бирок "Гүлмира" деген ырымды радиого жаздырарда Бексултан Эламанов сөздөрүн оңдоп берген. Ошондон улам ал кишинин аты жазылып калган. Андан кийин "бүгүн кеч кандай гана ырахаттуу" деген сабы бар "Сенин үнүң" деген ырдын сөзү Бөрүкул Алыбаев аттуу аксакалдыкы. Бир жолу жумуштан чыгып келе жатсам Бөрүкул аксакал ыр китебин кармап, атайын күтүп туруптур. Анан ошол китептин арасынан ушул ырды тандап алып обон жараткан элем. Бул ырды Дамира (Баратбаева — ред.) экөөбүзгө ылайыктап дует кылып чыгаргам. Ал эми "Кел жигиттер, кел кыздар"аттуу ырым да элге жакшы сиңип, убагында орустар да ырдап жүрүштү. Бир жолу Ошко гастролго барып калдык, ал кезде чоң коңгуродой радиолорду ар бир контордун жанына илип койчу. Ал айылга бүт угулуп турчу. Ошол убакта 1-Май майрамына карата Москвада 15 союздук республиканын парады өтүп жаткан. Бир убакта "делегация из Киргизии" дегенде алыстан "тың...тың...тың..." деп келип эле "Кел жигиттер, кел кыздар..." деп ырдап өтүп бара жатышат. Мен бери жакта өзүмчө эле сүйүнүп алгам, же жанымда тааныган киши болсочу (күлүп).
Кыргыз элинин залкар төкмө акындарынын бири Ашыраалы Айталиев  - Sputnik Кыргызстан
Ашыраалы Айталиевдин небереси: чоң атам футбол, бильярд ойночу, романтик эле
Андан мурда "Өмүр кемеси" деген ырым да элге алынып калган. Нарын облустук агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Алаховдун сунушу менен Омор Хайямдын кыргызчага которулган китебин колума алып калдым. Жалил Садыков жакшы которуптур. Ошол китептен терип отуруп жети куплет тандап алып "Өмүр кемеси" деп чыгардым. Кийин Жалил Садыков агага жолукканда: "Ой айланайын, бул Омор Хайямдын сөзү деп эле теле-радиолордон ырың берилет. Которуу да чыгарманы кайра жазганга барабар. Анын уйкаштыгын, ыргагын карайсың. Мени такыр эле белгилебей жүрөсүң", — деп таарынычын айтты эле. Бирок мен айтсам деле узак болуп калат дешеби, радиолордо Омор Хайямдын ысымы эле аталчу. Ал эми "Раймалы менен Бегимай" деген ырымды бир жакшы ырдаган жаштар болсо берейин деп ойлонуп жүрөм. Кийин "Достор" тобу жаңы уюшулганда Гүлзат Байзаковага "Досторго" деген ырымды бергем.
— Театрда да спектаклдерге музыка жазып, Токтоболот Абдумомуновдун "Борбаштын досу Камгакбай" спектаклиндеги лирикалык ырларыңыз убагында жаштардын сүйүү ырына айланыптыр...
— Ооба, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында иштеп жүргөндө бир катар пьесаларга музыка жазып калдым. Казакстанга чейин барып, "Курманжан" спектаклинин музыкасын даярдадым. Негизи менин жан дүйнөмдү ээлеген, жүрөгүмө жакын сыйкырдуу күч — обончулук. Бала кезимде Ак-Талаанын кооз тоо койнунда кунан минип жүрүп окшобосо деле заңкылдап обон чыгарып, созо берчүмүн.
© Sputnik / Асель СыдыковаАдылбек Кыязов: "Раймалы менен Бегимай" деген ырымды бир жакшы ырдаган жаштар болсо берейин деп ойлонуп жүрөм
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан
Адылбек Кыязов: "Раймалы менен Бегимай" деген ырымды бир жакшы ырдаган жаштар болсо берейин деп ойлонуп жүрөм
— Нарын музыкалуу драма театрында кандайча иштеп калдыңыз эле?
— Мен студияны бүткөндө бул жактагы мугалимим: "Адылбек, сенден жакшы композитор чыгат. Искусство институтуна тапшыр, бекер кылып жатасың. Театрда качан болсо иштеп үлгүрөсүң", — деп калды. Анткени диктант жазганда бир музыканы аспапта ойноп, аны кийин дептерге нотага түшүрүп сальфеджио жазчубуз. Мен дароо эле ноталарды ордуна тушүрүп, кагазды агайдын алдына жылдырып чыгып кетчүмүн. Ошондо байкаган окшойт. Анын үстүнө студенттик кезимде эле обондорум чыга баштаган.
Бирок болбой эле кетип калдым. Анткени Нарын театрында иштөө бала кезден кыялым эле. Биз кичине кезде оюн коюп келген артисттердин жүгүн, чемоданын көтөрүшүп, кошо даярданышып жүрө берчүмүн. Ал мен үчүн сыймык болчу. Бир жолу Сагийпа Чечейбаева эженин чемоданын көтөрүшүп барып автобуска салышканым алигече эсимде...
Ошентип барсам, менмендеген залкар адамдар иштейт экен. Ошол кездеги белгилүү таланттар Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиевдер кычырап жүрүшөт. Жумамүдүн Шералиевди ошондо көрдүм, таяк таянган киши экен. Театрдагы музыкалык бөлүмдүн жетекчиси катары мени ортого чакырып, эмгек жамаатка тааныштырды. Өзүмдүн да боюм узун, арык баламын. Буту-колум калчылдап аябай сүрдөгөм.
Төкмө акын, кытайлык кыргыз Акмат Султан  - Sputnik Кыргызстан
Эл өлкө эмес өз камын ойлойт экен. Кытайлык кыргыз акын Акмат Султандын маеги
— Жумамүдүн Шералиевге шакирт болуп калган турбайсызбы?
— Ооба, ал киши музыкалык бөлүмдүн башчысы катары ыр, хор, квартеттерди даярдап, ошол жерде кандай иш-чара өтсө баарын көзөмөлдөчү. Ошентип аксакал менен иштешип калдым. Кээде хорду кайра-кайра кайталап, кечке отуруп тажап, башыбыз ооругандан балдар шыбыраша баштачубуз. Аны байкаган Жумакем (Шералиев — ред.): "Келгиле, беш мүнөт сүйлөшүп, силердин көңүлүңөрдү ачып койбосо болбойт", — деп анекдотторду, жаңылмачтарды айтып берчү. Бизди бир сыйра күлдүрүп, анан кайра жумушка киришер эле. Устаттык жагынан да мыкты болгон. Мындай таланттуу корифей адамдар менен аралашып иштеп жүргөндө маани берип, баркын билбейт экенсиң. Качан көзү өткөндө же жер-жерлерде концерт бергенде бирөө-жарым суктанганда билесиң. Негизи Нарын театрын "таланттардын бешиги" деп койчу. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Жеңишбек Ашымов деген таланттар иштеп кетишкен. Кийин Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов болуп чогуу иштешип жүрүп, Союз тараганда театр каралбай калып, артисттердин көбү Бишкекке кетүүгө мажбур болушкан. Алардын катарында биз да Бишкекке келдик, бирок чыгармачылыктан алыстаган жокпуз.
— Кийин өзүңүз иштеген Нарын театрына директор да болупсуз го...
— 2005-жылы "Адылбек, келип театрга баш-көз болуп бербесең болбойт. Тарап кеткени калды" деп чакырышкандан бардым. Ошондон баштап тартипти орнотуп, коллектив менен сыйлашып жакшы иштештик. Ал убакта акча жок, кыйын убак. Бирок коррупция ошондо эле бар экен. Жетекчилик кызматтагылардын түрдүү финансылык схемаларын байкадым. Жадагалса облустун каржы бөлүмүнө маяна алууга барганда чөнтөгүнө беш миң сом таштабасаң, мекеменин айлыгын бербейт экен. "Акча түгөндү, мында минтип калды" деген ар кыл шылтоону айтып, улам кийинкиге жылдырат да, пара берген мекемелердикин дароо берет.  Ушундай схемалардын баарын көрдүм. Театрдын эсепчилеринин ичип-жегендерин айтып койсом, ал аял ак үй, көк үйдөгү чиновниктердин тааныштарынан болот экен. Ошондон кийин мага асылып, ар кимиси текшерип, эч нерсе таппай эле кайра кетет. Тынчыраак иштөөгө эч мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Акыры адамдардын эки жүздүүлүгүнө, жеп-ичкендерине чыдабай кеттим. Бир жылда колумдан келишинче театрды тартипке алып келип, тазалыкты орноттум. Анан эч кимге айтпай эле Бишкекке келип, арызымды жазып кызматтан кетип калдым. Эмгек жамаат губернаторго чейин кирип ызы-чуу болушканда Султан Раев барып, арызымды көргөзүп тынчыткан. Андан кийин "өз жолумда эле иштейм" деп театрда Жумамүдүн Шералиевдин ордуна музыкалык бөлүмдү жетектеп, ал кишинин кабинетин жасап алып чыгармачылык менен алектендим. Бир канча жыл иштегенден кийин үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу кайрадан борборго көчүп келдим.
© Sputnik / Асель СыдыковаАдылбек Кыязов: кээ бир ырларыма тексттерди өзүм жазгам, бирок "Гүлмира" деген ырымды радиого жаздырарда Бексултан Эламанов сөздөрүн оңдоп берген. Ошондон улам ал кишинин аты жазылып калган
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан
Адылбек Кыязов: кээ бир ырларыма тексттерди өзүм жазгам, бирок "Гүлмира" деген ырымды радиого жаздырарда Бексултан Эламанов сөздөрүн оңдоп берген. Ошондон улам ал кишинин аты жазылып калган
— Азыр кайда иштейсиз?
— Азыр орто мектептерде, музыкалык окуу жайларда сабак берем. Драмалык, ыр кружокторду өтөм. Театр, маданий жайларга ишке кирген жокмун. Бир ай иштеген акчаң араң беш -алты миң сом болот экен. Бирок чыгармачылыкты таштаган жокмун.
— Жубайыңыз Дамира Баратбаева да белгилүү ырчы. Кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?
— Нарын театрына барбасам Дамира экөөбүз таанышпай деле калмакпыз. Мен барганда ал жакта солкулдаган кыздар көп экен. Анын үстүнө бул жактан радиодон ырларым чыгып, атым аталып калган кез эле. Нарында жаштар эс ала турган жалгыз эле кинотеатр болчу. Анан кыздар биринен сала бири киного чакыра башташты. Бирөө менен киного барып койсом, экинчиси таарынгандай болуп... Бир жылдай ошентип жүрүп, анан топ кыздардын арасынан Дамира экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калды. Тагдыр буйруп койгон экен, Нарындан эле үйлөндүк. Экөөбүз бири-бирибизди бир эле көз караштан түшүнүшөбүз. Анын мага жаккан көп сапаттары бар, жакшы аялзаты. Чыгармачыл адамды билесиңер, тегерегинде кыздар көп болот. Менде өзгөчө болду. Дамира ошол кыздардын баарын ооздуктап, мени тыйып, баскан-турганымды байкап, көп нерсени сактап калды. Баарына чыдады. Жашпыз баарыбыз. Гастролго барганда сыртка келген кыздардын баарын менден мурун чыгып туруп, эмне эркек балага келип жатасыңар деп кууп жиберчү экен. "Менден биринчи эмнеге кууп жиберди" деп кээде туруп Дамирага жиним келчү.
Ырчы, актриса НурЧолпон  - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги
— Кыздардан кат көп келчү беле?
— Ооба, гастролго барып келгенден кийин Нарын театрында кат толуп калчу. Бир жолу Ысык-Көлгө гастролго Сейитказы Андабековдун бригадасы менен барып келдим. Анда бойдок кез, жаш баламын. Анан келсем эле "директор чакырып жатат" деп калышты. "Кудай урду, эмне болду экен" деп бардым. Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Алиевдер баш болгон жалаң эле дөө-шаа артисттердин баары отуруп алышыптыр. "Эй бала, сен жакшы эле барып келдиң беле? Кудай урган баласың го", — деди директор. "Ооба, жөн эле келгем", — деп түшүнбөй Сейитказы абаны карасам, ал дагы "билбе-ейм, бул бала жөн эле жүргөндөй болду эле" деп койду. Мен эмне болуп жатат деп таң калып турам. Директордун бул жагында үйүлүп почтадан келген толтура конверттер жаткан. "Ой, булар эмне" дешкенден, кебелбей "ал кат" деп койдум. "Ой, иштебей эле кыздар менен жүргөнсүңбү? Ай, сен бузулган баласың го", — деп жетекчи тилдеп, арасынан бирди сууруп алып окутушту. Төрт барак ыр менен жазылган орусча сүйүү каты экен. Жети-Өгүздүн борбору Покровкадан 9-класстын кызы өзүнүн сүйүүсүн ыр менен жазыптыр. Мен аны тилим келбей булдурап окуп жатсам, "ай, токтот, түшүнүктүү" деп анан кетиришкен.
Дамира экөөбүз үйлөнгөндөн кийин бардык каттарды чогултуп, "пенсияга чыкканда окуйм" деп чоң коробкага салып, үйгө коюп койгом. Аны Дамира таап алып өрттөп салыптыр. Ошентип окубай калбадымбы (күлүп).
© Sputnik / Асель СыдыковаАдылбек Кыязов: сыйлыгың жокпу" деп көбү таң калып сурашат. Бирок наамды деген эл берет экен. Мен Ысык-Көлгө, Ошко же Таласкабы, кайсы жерге барсам да элдин сыйындамын
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан
Адылбек Кыязов: сыйлыгың жокпу" деп көбү таң калып сурашат. Бирок наамды деген эл берет экен. Мен Ысык-Көлгө, Ошко же Таласкабы, кайсы жерге барсам да элдин сыйындамын
— Канча баланын ата-энеси болдуңуздар?
— Бир кыз, бир уулубуз бар. Кызым Германияда жашайт. Күйөө балам немис улутунан. Андан кийин уулум бар. Кудайга шүгүр, неберелүү болгонбуз.
— Ушу кезге чейин "Эмгек сиңирген артист" деген наам ала электигиңизди угуп таң калдым. Анткени калк арасында эл артистиндей эле баркыңыз бар эмеспи...
— "Сыйлыгың жокпу" деп көбү таң калып сурашат. Бирок наамды деген эл берет экен. Мен Ысык-Көлгө, Ошко же Таласкабы, кайсы жерге барсам да элдин сыйындамын. Нарын театрында иштеп жүргөндө мени сыйлыкка көрсөтүп, 20 жолудай документ жиберишти. Акырында Нарын облусунун профсоюздук комитетинин жетекчиси: "Адылбек, айланайын, сеникин жылда кетиребиз. Бул эмне деген уяты жоктук. Мына акыркысын кызыл сыя менен жазып, "ушуну сөзсүз өткөргүлө" деп облустун атынан жиберип жатабыз", — деп айтты эле. Себебин өзүм деле түшүнбөйм. Мен теледен, радиодон кайра-кайра түшпөй элге таанылган жокмун. Айылдарды, республиканын аймагын кыдырып, эл аралап концерт коюп жүрүп таанылдым. Бир жылда дөңгөлөктүн үстүндө жети ай жүрчүбүз. Андан кийин гана радиолорго чакырышып, ырларым тынбай бериле баштаган.
Эми өйдө жакта деле "капчыктар" отурат экен да. Менин болгон мүнөзүм ушундай. Учурашса учурашам, болбосо унчукпай эле өтүп кетем. Өзүм барып жалпактабайм. Бирөөгө барып "эмгек сиңиргенди" алып берчи" деп суранып көргөн эмесмин. Бир ырды чыгара коюп эле уялбай "Эл артистин" алып алгандарды деле көрбөдүк беле. Анын баары кийин эл арасында айтылат экен. Азыр мамлекеттик сыйлык алган жаштар кайра тапшырабыз деп жүрүшөт. Алар эмгеги сиңбей алганы үчүн баркын билишпейт да. Зайнидин Иманалиевге 60 жаштан ашканда эптеп "Эмгек сиңиргенди" берди. Ал деген эбак "Эл артисти" наамын ала турган киши. Ал эми укмуш керемет обондорду жараткан Догдурбай Урманбетовдун эмгеги ушу кезге чейин бааланбай жүрөт. Мындай чыгармачыл инсандар көп.
Жаңылыктар түрмөгү
0