Өтө ысык болуп сырыңды төгүп салба. Аяштар мамилесиндеги этикет

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн татыктуу алып жүрүү эрежелери менен тааныштырат.
Эки адам баш кошкондо алардын жашоосунда өмүрлүк жар менен кайын журттан тышкары түгөйүнүн достору дагы пайда болот. Айрым учурда бул адамдар жеңил кабыл алынып, бат эле жуурулушуп кетсе, кээде оңой менен "өз ордун" таба албайт. Мунун айынан аял менен эркектин ортосунда пикир келишпестик жаралып, достордон кол үзгөн учурлар жок эмес.
Бул канчалык туура көрүнүш? Анткени адам дос күтөт, бирөө менен сырдашып, көңүл ачып, алыш-катышта болушу керек. Мунсуз жашоону элестетүү кыйын эмеспи.
Бүгүн этикет мугалими Нуржан Исмаилова жубайлар бири-биринин достору менен жакшы мамиледе болушу үчүн кандай эрежелерди карманышы керектигин айтып берди.

Күлүп тосуп ал

Тойго келген коноктор тост учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Той ээсинин көзүн карап сүйлө. Тост айтуу маданияты

Алгач достордун үйгө келишинен баштайлы. Албетте, адамда маанайы жок учурлар болот. Кээде келе жаткан коноктордун арасынан кимдир бирөө менен жылдызыңыз келишпеши мүмкүн. Бирок мейман сиздин үйгө келип жаткандан кийин эч нерсеге карабай үй ээси жылуу-жумшак тосуп алганы туура. Бул көбүнесе аялдарга тиешелүү эрежедей сезилиши мүмкүн, бирок эркектерден дагы айланып өтпөшү керек. Үйдүн кожоюну жубайынын курбу-курдаштары келгенде чогуу отуруп, көңүл ачууга убактысы жетпесе (же кыз-келиндин сөзүнө аралашкысы келбесе) дагы дасторконго отургузганга кол кабыш кылганы жакшы. Бир чыны чай ууртап, ал-жай сурашкандан кийин шартын түшүндүрүп, туруп кетсе болот.

Ысык болуп кетпе

Аяштар ынтымакта болгону жакшы, бирок ого эле ынак болуп, болгон-бүткөн сырды ачык айтып койгон кооптуураак. Достор арасында бирде болбосо бирде сөз болуп, өзүңүздүн эле абийириңиз төгүлөт. Кийин бул нерсе үйдөгү атмосферага дагы таасир этип коюшу ыктымал. Баса, аяштарды бири-бирине жамандоо дагы туура эмес, айланып келип өз башыңызга тийип калбасын.

Куру кол барба

Свидание в ресторане - Sputnik Кыргызстан
Адамды сүйсөңүз фантазияга чек койбоңуз. Таанышуу этикети

Жолугушуу үйдө, кафеде, жаратылышта, айтор кайсы жакта болбосун, шартка жараша баштыгыңыз же капчыгыңыз куру болбошу керек. Үйгө барганда дасторконго, жок дегенде балдарга таттуу алып алганыңыз туура. Ал эми башка жактарда бирөөнүн колун карап калбай чөнтөктө акча болгону жакшы. Өзгөчө эркек киши эки эле жолу акчасыз жүрүп калса, аяштарынын арасында тетири пикир жаратып коюшу мүмкүн.

Тамаша чеги менен

Албетте, достор, аяштар чогулган жерде түркүн-түрлүү тамаша айтылат. Өткөн-кеткенди эске салып, чер жазылат. Бирок айрым шакаба сөздөр кимдир бирөөлөргө зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Балким бирөөлөрдүн үй-бүлөсүндө бул же тигил тема жабык болушу ыктымал. Эмнеси болсо дагы мындайда достор сезимтал болуп, эмнени сүйлөсө болот, эмнени сүйлөбөй эле койгону туура экенин айырмалай билиши керек.

Душман кылба

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жигитине көз артпа. Курбу кыздар ортосундагы этикет

Сага жаккан адамдын баары өмүрлүк жарыңа сөзсүз жагыш керек деген эреже жок. Кишилер ар кандай болот. Мисалы, жубайынын эң жакын курбусу жеңил ойлуу сезилиши мүмкүн. Адатта бул нерсе эркекти кооптондурат. Айрым учурда, тескерисинче, аялы жолдошунун бойдок досторун жек көрөт. Күйөөсүн бузуп, тетири жолго үндөп жаткандай сезилет. Бирок бойдок же өзүн шайыр, эркин алып жүргөн адамдын бардыгы жаман жолдо жүрөт же башка бирөөнү бузат деп ойлонуу туура эмес. Эгер сиздин жакын адамыңыз аны дос кылып жүрсө, демек жакшы жактары бар. Болбой эле кабыл алгыңыз келбесе, алардын өздөрүнө ачык айтып, душман кылуунун кереги жок. Анын үстүнө жубайыңыздын (жолдошуңуздун) кадырын кетиресиз. Андан көрө аялы менен күйөөсү маселени өз ара чечип алганы жакшы.

Катыш

Түгөйүңдүн жоро-жолдоштору менен катышууга келгенде жолугушууларды эки түргө бөлүп караса болот. Биринчиси — туулган күн, юбилейлер, үлпөт той, кызматтан көтөрүлүү, сөөк коюу сыяктуу жашоодогу өтө маанилүү учурлар. Мындай иш-чараларга колдон келишинче барып койгон жакшы. Милдет деп айтса дагы болот. Ал эми жөн гана көңүл ачуу үчүн аптанын аягында жолугуу, сыра ичүү сыяктуу жеңил-желпи иш-чараларга баруу же барбоону ар бир адам өзү чечет.
Жаңылыктар түрмөгү
0