Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков. Архив
Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) "Мыкты режиссёр" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" маалымдады.
Cоветский и кыргызский кинорежиссер, сценарист и актер Болотбек Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Коюлбай калган пьеса, тартылбай калган тасмалар. Болот Шамшиевдин мурастары
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.
Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка татыган.
Жаңылыктар түрмөгү
0