18:49 24 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Маданият

"Ак кемеде" жашаган Бала. Тасмадагы таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (133)
160 0 0
Камерасын шыкалаган КРдин эл артисти, кинооператор Манас Мусаев, анын жанында отурган ассистент Самитжан Хусанбаев, маңдайында байыркы уламыштардан кеп кылган Асанкул Куттубаев жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылындагы мүрзөдө тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Камерасын шыкалаган КРдин эл артисти, кинооператор Манас Мусаев, анын жанында отурган ассистент Самитжан Хусанбаев, маңдайында байыркы уламыштардан кеп кылган Асанкул Куттубаев жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылындагы мүрзөдө тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тартууга бел байлаган. Кинофильмде Сыдыгалиев кичинекей баёо баланын, Куттубаев улгайган Момун чалдын ролун аткарган.

Ошол кезеңди Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетова мындайча эскерет:

"Мен "Ак кемеде" Бекейди ойногом. Режиссёрубуз Болот Шамшиев алты жаштагы тентек Нургазынын тилин таап иштечү. Сабира Күмүшалиева эже ага жооптуу эле. Залкар актриса кичинекей баланын артынан чуркап жүрүп текстти жаттатчу. Кино тартылып жатканда Нургазыга аябай көз салып карап, ролун жакшы аткарып жатканына суктанчумун. Көрсө, ал ойнобой эле аны менен жашаптыр. Чыңгыз Айтматовдун жазган чыгармасы, Болот агайдын кинокартинасы өзүнчө бир керемет эмгек. Ошондуктан ал фильм азыркыга чейин элдин жүрөгүндө сакталып келе жатат", — деди Мамбетова.

Тасма кийин калың катмарга сунушталганда Айтматовго "кайсы чыгармаңыздын экрандаштырылышы сиздин купулуңузга өзгөчө толот?" деген суроо берилген. Калемгер "Ак кеме" деп жооп берген жайы бар. Шамшиевдин режиссёрлук эмгеги 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Торонто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандар СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алышкан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (133)

Тема боюнча

Кан кеткенде Орозбек Кутманалиев ыйлап жиберген. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Шамшиев менен Темировага котормочу болгон Чокморов. Таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, Асанкул Куттубаев, Нургазы Сыдыгалиев

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ