Рыспай Абдыкадыров менен Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленип жатат

© Фото / Айша КамиловаЗалкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун айкели. Архив
Залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошкон адамдарды эскерүү иш-чаралары санитардык эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өткөрүлөт.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн, 12-январь күнү, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленип, бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Болот Шамшиевдин "Баатыр жүрөк Кааба" китебинин бет ачар аземи, ал эми 14:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө "Ак кеме" көркөм тасмасы көрсөтүлөт.
Съемки фильма Шамшиева Алые маки Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Шамшиев менен Темировага котормочу болгон Чокморов. Таберик сүрөт
Ага таланттын кесиптештери, чыгармачылыгына күйөрмандык кылган бардык каалоочулар жана үй-бүлөсү катышат.
Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата саат 12:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында иш-чара болот. Салтанат санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат.
Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы Манас ордени жана башка сыйлыктардын ээси болгон.
"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон. Болот Шамшиев 2019-жылы 78 жаш курагында оорудан улам каза болгон.
Ал эми Абдыкадыровдун "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" жана башка ырлары классикага айланып, кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланган. Ал 53 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0