12-январь күнү режиссёр Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист СССР, кинорежиссер Болот Шамшиев
Народный артист СССР, кинорежиссер Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардын ээси болгон.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 12-январь күнү СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин туулган күнүнө карата Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.
Иш-чарага таланттын кесиптештери катышат. Ошондой эле саат 14.00дө баштала турган эскерүү кечесине анын чыгармачылыгына күйөрмандык кылган бардык каалоочулар чакырылат.
Съемки фильма Шамшиева Алые маки Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Шамшиев менен Темировага котормочу болгон Чокморов. Таберик сүрөт
Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардын ээси болгон.
"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру.
Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0