Шамшиев менен Темировага котормочу болгон Чокморов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

СССРдин эл артисти, белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов, кыргыз киносунун жылдызы Айтурган Темирова жана КРдин эл артисти, атактуу режиссёр Болот Шамшиевдин бул сүрөтү 1972-жылы тартылган.

Тоодон карагай сүйрөп келе жатып сууга кулаган атты тургузууга аракет кылган белгилүү актёр Асанкул Куттубаев менен Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган - Sputnik Кыргызстан
Кан кеткенде Орозбек Кутманалиев ыйлап жиберген. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Ал жылы Шамшиев жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шань контрабандисттери" чыгармасынын негизинде "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасын тартууга киришкен.

Кинофильмде Чокморов эр жүрөк Карабалтанын, Темирова аны сүйүп калган Каличанын образын жараткан. Анда актёр 33, актриса 14 жашта эле.

Ошол кезеңди актриса Айтурган Темирова мындайча эскерет:

"Бул сүрөт Бишкектин четинде же Ысык-Көлдө тартылышы мүмкүн. Мен мектепте коомдук иштерге жигердүү катышып турчумун. Биздин мектепке режиссёрлор көп келип, өз тасмаларына ылайыктуу окуучуларды тандап кетишчү. Мени дагы Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактарына" тартканы алып кеткен. Ошол жылдары мен кичинекей эле кыз болчумун, орусча дагы түшүнчү эмесмин. Мисалы, кинофильмде Карабалтаны сүйүп калып ээрчиген эпизод бар, ошол жерде мен образга кире албай кыйналгам. Жогорку билимим жок болгондуктан кээ бир эмоцияны жеткире албай калчумун. Ошондо Болот кыймыл-аракет, баскан-турганды көрсөтүп орусча түшүндүрчү. Мен тил билбегендиктен ортобузда Сүймөнкул Чокморов котормочу боло калчу. Секелек кыз болгондуктан режиссёрдон аябай коркчумун, бирок мен эле эмес, башкалар дагы сестенип турушчу. Ал кинокартинага тартылгандар аябай жакшы мамиледе элек. Кийин деле үй-бүлөлүк катышта болдук", — деди Темирова.

Ал кинону көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин, Темирова аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга ээ болгон.

Аталган тасмадагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0