00:13 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
31210

Жаңы китепте кыргыз элинин турмушунда колдонулуп, жыл өткөн сайын унутулуп бара жаткан ырымдар, салттар кеңири чагылдырылган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Педагогика илимдеринин докторлору Абдыкерим Муратов менен Кыялбек Акматовдун авторлугунда "Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети. Улуттук тарбия жана билим берүү салттары" деп аталган китеп жарык көрдү.

Жаңы китепте кыргыз элинин турмушунда колдонулуп, жыл өткөн сайын унутулуп бара жаткан бата берүү, сүйүнчүлөө жана сүйүнчү берүү, балага жакшы ысым коюу, баланы атка мингизүү, кыздын чачын өрдүрүү, баланын мүчөлүн чыгаруу өңдүү салттарынан тартып, аскердик өнөргө үйрөтүү, асманга байкоо жүргүзүү, сөөк узатуу зыйнаты, тогуз айып, керээз ж.б. элдик салттардын маани-мазмуну, өткөрүлүшү баяндалат. 

Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов и Киялбек Акматов выпустили книгу Кыргызское чудо в воспитании детей. Национальные воспитательные и образовательные традиции.
© Фото / Абдыкерим Муратов
"Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети. Улуттук тарбия жана билим берүү салттары" деп аталган китеп жарык көрдү.

Мындан тышкары, төр жана улага, устукан тартуу, угузуу, баланы оозантуу, жүгүнүү, тергөө, кудалашуу ж.б. түшүнүктөрдүн этнопедагогикалык баа-баркы чагылдырылат.

"Бул китеп кыргыз элинин байыртадан бери турмуш практикасында колдонулуп келген балдарды жана жаштарды тарбиялоо салты тууралуу кызыктуу баяндардан турат. Азыркы ааламдашуу доорунда Батыш менен Чыгыштан, Түндүк менен Түштүктөн келип жаткан улуттун рухуна терс таасир этүүчү идеяларга каршы тура алуучу байлыгыбыз да мына ушул — тарбиялык салттарыбыз. Алардын айрымдары кумга сиңген суудай жок болуп баратат, кээ бирлерин такыр унутуп калдык, канткен менен ата-бабалардын руханий казынасын болочок муунга өткөрүп берүүбүз керек. Китеп мына ошол максатта жазылды жана ал бешиктеги баладан бели эңкейген карыга чейин, өзгөчө мугалимдерге, тарбиячыларга, ата-энелерге азык болот деп ойлойбуз", — дейт авторлордун бири Абдыкерим Муратов.

Көлөмдүү бул эмгек миң нускада жарык көргөн.

Тема боюнча

Маданият министрлиги балдар адабияты боюнча сынак жарыялады. Шарттары
Белгилер:
Кыргызстан, Абдыкерим Муратов, китеп, салт, улут

ЭҢ МААНИЛҮҮ