Миңдей адам тартылган. Соңуна чыкпай калган "Каныбектен" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Солдон оңду көздөй отурган "Каныбек" тасмасынын администратору Айдар, фильмдин директору Иманкул Абдыкулов, экинчи катарда отурган Чоро Думанаев, ортодо акын Ашыралы Айталиев, жанындагы режиссер Геннадий Базаровдун ассистенти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, оператор Мурат Жыргалбаев жана экинчи оператор Володя Галушконун сүрөтү 1978-жылы Чүй облусунда тартылган.

Сүрөттүн автору Александр Федоровдун айтымында, киночулар колу бошоп калганда эки акын менен сүрөткө түшүп алууну суранышканда тартылган.

Ал жылы Базаров жазуучу Касымалы Жантөшевдин тарыхый романынын негизинде "Каныбек" тасмасын тартууга киришип, анын сценарийин Кадыркул Өмүркулов экөө жазган.

Ал кезеңди КРдин эл артисти Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Каныбекти" баштаганда алгач эки серия кылып тартуу пландалып, бардык маселелер макулдашылган. Иш 1977-жылы башталып, 1978-жылы толугу менен бүткөнбүз. Актердук курам абдан күчтүү болуп, Сүймөнкул Чокморов, Насыр Кытаев, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Чоро Думанаев жана Оштогу өзбек театрынын актерлору катышкан. Бирок кийин акча жок деп бизди ыңгайсыз абалга таштап, ишибиз башаламан болуп, экинчи сериясы тартылган эмес. Мен фильмдин көп эпизодун экинчи бөлүгүнө калтырып койгон элем. Ошентип ал кинокартина өтөсүнө чыкпай, чыгармадагы баян толук экрандаштырылбай калган. Убакыт өткөн соң баштаган ишибиз эмнеге соңуна чыкпай калганын билип калдым. Кыскасы, атайын бут тосуп коюшуптур, аны кимдер кылгандыгын азыр айтуунун деле зарылчылыгы жок. Жаш болчубуз, массовкага эле миңдей адам катышкан. Көрүүчүлөр ар кандай кабыл алган. Мактагандар да, сындагандар дагы болду", — деди Базаров.

Кинофильмдин басымдуу бөлүгү Чоң Кемин, Алай жана Кочкор райондорунда тартылып, анда Бакен Кыдыкеева, Алиман Жанкорозова, Аман Камчыбеков, Турсун Уралиев, Дүйшөн Байдөбөтов, Раиса Мухаммедиярова, Нематжан Нематовалар да роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0