23:29 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (376)
3809 0 0

Ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаков тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук театры анын 60 жылдыгына карата Кыргызстанда атайын жумалык жарыялаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерүү максатында анын өмүр жолундагы урунттуу учурларды камтыган кызыктуу фактыларды даярдады.

Футболдо мыкты дарбазачы. Апаз Жайнаков 1960-жылы 6-мартта Баткен облусунда төрөлгөн. Обончу жаш кезинен эле ырга шыктуу болуп өсөт. Мектепте окуп жүргөндө спортко да абдан кызыккан. Ал мектеп командасынын курамында футбол ойноп, мыкты дарбазачы атыккан. Орто мектепти жана Самаркандек айылындагы кесиптик техникумду бүткөн соң Советтик Армиянын катарына чакырылып, эки жыл Чехословакияда кызмат өтөгөн. Кийин Ош педагогикалык институтунун музыка жана педагогика факультетине эки жолу тапшырып өтпөй калганда айылына барып, совхоздо электрик болуп да иштеген. 

Народный артист Кыргызстана, баянист и певец Апаз Жайнаков
© Фото / из семейного архива Жайнаковых
Апаз Жайнаков мектепте окуган кезинде спортко да абдан кызыккан. Ал мектеп командасынын курамында футбол ойноп, мыкты дарбазачы атыккан.

Алгачкы устаты Улукмырза Полотов. Айылдык совхоздо иштеп жүрүп, Филармониянын эки жылдык студиясына келип кирет. Белгилүү ырчы Алина Жетигенова экөө бир тайпада окушкан. Ошентип Кыргыз эл артисти Улукмырза Полотовдун классында эки жыл окуп, агайдын тарбиясын алган. Студияны бүтүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырат. Кыргыз элине суудай сиңген ырлары да ушул жылдардан баштап жарала баштаган.

Студенттик жылдары. Белгилүү обончунун эң жакын досу Ашым Полотов аны менен жатаканада бир бөлмөдө туруп, студенттик күндөрдүн ысык-суугун бирге көрүшкөн айтат.

"1985-жылы экөөбүз бир курста окуп, бир бөлмөдө жашап, студенттик күндөрдүн кызыгын чогуу көрдүк. Жатаканада отурганда өзүнчө эле аккордеон менен бир обонду кыңылдап ырдап калчу. Маани деле бербептирбиз. Көрсө, ал азыркы "Кыргыз жери" деген ыр экен. Кийин Саламат Садыкова эжем кемелине келтире ырдап, ошондон кийин "дүң" эле дей түштү. Экинчиси "Сыйыналы бир келген бактыбызга" деген ыры азыр "Өрүкзарга кетели" деп аталып, Баткендин гимни катары ырдалып жүрөт. Апаздын белгилей кете турган жери — акын-жазуучулар менен жакшы иштешчү", — деди Полотов.

Анын айтымында, Апаз Жайнаков жаш кезинен эле байлык, мансапка жулуна бербеген ток пейил жигит болгон. Стденттик жылдарында дайыма ойлонуп, толгонуп эле аккордеонун кыңылдатып отурганын курсташтары эскеришет. Ошондой эле алгачкы ырларына алган гонорарын группалаштарына да берип, аларга да каралашып турган.

Саламат Садыкова жана классикага айланган ырлар. Акын Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылган Апаз Жайнаковдун "Кыргыз жери" жана "Өрүкзарга кетели" аттуу чыгармасынын элге алынып, классикага айланышына Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын эмгеги зор.

"1980-жылдардын башында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга "улуттук үн" деп табылып, атайын чакыруу менен келип, Чалагыз Исабаев түзгөн "Камбаркан" тобунда солист катары чыгармачылыгымды жигердүү баштаган жылдарым эле. Анда Апаз Жайнаковду таанычу эмесмин, ал киши да кыргыз элине тааныла элек кези болчу. Ал убакта атактуу, белгилүү обончулар издеп келип, мага ырларын берип турган кез эле. Жайнаков деген ысым али тааныла элек, обончу катары өзүнө-өзү анча ишене элек студент кези экен. Башынан эле бир ырды кулагым чалып калса, аны алып, өзүмчө ийге жеткирмейин аткарбаган адатым бар. Ошонун ичинде "Өрүкзарга кетели" деген ырын автор жаңыдан чыгарып, аккордеону менен өзү эле ырдап, аткаруучуларга да анча жете элек, элге сиңе элек убагында алып ырдап калдым. Ал эми "Кыргыз жерин" алгач теледен комуз менен ырдап чыккам. Бир ырдап чыкканда эле айлана-тегеректегилерге жага баштады. Ошого карабай ал жылдарда цензура бар эле. Анда Маданият министрлигинен өткөн гана ырлар ырдалчу. Кийин "эжеке, ушул эки ырдын багын ачтыңыз" деп көп чыгармаларын алып келип жүрдү. "Кайбереним", "Булакта", "Тоодогу айылым", "Айгүл тоо" деген көп ырларын берди. "Аман жар" деген чыгармасын Японияга чейин ырдап барып келдик эле. Албетте, кийин автор элге обончу катарында таанылып кетти. Чыгармачылык күжүрмөн турмушка аралашып, ага-ини күтүп, толуп-ташып турганда ден соолуктун азабынан арабыздан кете берди. Ал бүгүн ырлары менен өлбөс ысымга айланып калды. "Кыргыз жери" ырын азыр кимдер гана билбейт. Чыгарманын эл оозунда жүргөнү жакшы экен да. Ошол чыгармалары менен өлбөс-өчпөстүккө айланды. Бул ырды "Камбаркан" ансамблинин коштоосунда ийгиликтүү шөкөттөлгөн чыгарма катары таануу керек. Чыгарма аз жерден өлкөнүн гимни болуп кала турган даражага чейин жеткен. Ырдын сөзүн жазган Түмөнбай Байзаковдун жерибиздин кооздугун сүрөттөгөн чоң акындык сүрөткерлигин да айта кетпесек болбойт", — деди Садыкова.

Баткен облустук театры. Азыркы Баткен облустук театрынын ачылышына жана түптөлүшүнө Апаз Жайнаковдун түздөн-түз тиешеси бар. Ушул кишинин эмгегинин арты менен театр бүгүнкүдөй ийгиликтерге жетишип, репертуарларын улам кеңейтип келүүдө. Апаз Жайнаков каза болгондон кийин жамааттын демилгеси менен театрга анын ысымы ыйгарылган.

"Бир жолу Баткен облустук театрында эмгектенген обончу жана аткаруучу Сопубек Тарсаев мага чалып "иним, театрдын жамааты театрга Апаз Жайнаковдун ысымын ыйгарсакпы деп жатабыз. Бул боюнча өткөн чогулуштун токтомун сага жибердик" деп эртеси бир баладан берип жибериптир. Аны алып эле ошол кездеги маданият министри Султан Раевге алып барып берсем, ал киши бат эле буйрук чыгарып, азыр Апаз Жайнаков атындагы облустук театр болуп аталып калды", — деди досу Ашым Полотов.

Учурда театрдын алдына коюлуучу Апаз Жайнаковдун айкели жасалууда. 

Народный артист Кыргызстана, баянист и певец Апаз Жайнаков
© Фото / из семейного архива Жайнаковых
Ашым Полотов: Жатаканада отурганда өзүнчө эле аккордеон менен бир обонду кыңылдап ырдап калчу. Маани деле бербептирбиз. Көрсө, ал азыркы "Кыргыз жери" деген ыр экен. Кийин Саламат Садыкова эжем кемелине келтире ырдап, ошондон кийин "дүң" эле дей түштү.

Үй-бүлөсү. Апаз Жайнаков 1982-жылы коңшу айылдык кыз Айтгүл эжеге баш кошот. Кызыгы, үйлөнгөнгө чейин экөө бири-бирин деле көргөн эмес. Белгилүү ырчынын ата-энеси болочок кудасынын алдына түшүп барып, макулдашып эле балдарынын башын кошуп коюшкан. Бирок жубайлар 32 жыл бирге өмүр сүрүп, төрт баланын ата-энеси болушат.

"Биз башкалардай кыз-жигит деле болуп сүйлөшкөн жокпуз. Бирок кудай багыма ушул кишини жазыптыр. Ынтымактуу 32 жыл бирге өмүр сүрдүк. Үч уул, бир кызды тарбиялап өстүрдүк. Өмүрдөн эрте өтүп кеткени бизге арман болуп калды. Негизи чыгармачыл адамдар назик көңүл келишет эмеспи. Жолдошум да жумшак көңүл, бир да жолу бирөөгө катуу сүйлөбөгөн, адамдын көңүлүн таба билген адам болчу. Бир да жолу балдарына катуу сүйлөгөнүн укканым жок", — деди жубайы Айтгүл Ашимова.

Апаз Жайнаков көзү тирүү болгондо беш неберенин чоң атасы болуп отурмак. 

Народный артист Кыргызстана, баянист и певец Апаз Жайнаков во время репетиции
© Фото / из семейного архива Жайнаковых
Азыркы Баткен облустук театрынын ачылышына жана түптөлүшүнө Апаз Жайнаковдун түздөн-түз тиешеси бар.

Коштошуу. Апаз Жайнаков өмүрүнүн акыркы жылдарында боору катуу ооруп, бир жылдай эч жерде иштеген эмес. 2013-жылдын 11-октябрында сөөгү Баткен шаарында жерге берилген.

"Апазды жерге берген күнү аба ырайы да бир башкача буркан-шаркан бузулуп турду. Ошол күнү Баткендин борбордук аянтында биринчи жолу ушундай белгилүү адамдын коштошуу зыйнаты өттү. Анын акырында Апаз Жайнаковдун аткаруусундагы "Кыргыз жери" ыры жаңырганда сай-сөөгүбүз сыздап, ичибиз эңшерилген. Акыркы сапарга да өзүнүн "Кыргыз жери" ыры менен узаган", — деди досу Полотов.

Белгилүү обончу 2003-жылы Кыргыз эл артисти наамын алган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (376)

Тема боюнча

Артында Сезими жана күүлөрү калды. Нурзат Орозалиева тууралуу жети факты
Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты
41 жашында атылып, 19 жылдан кийин акталган. Баялы Исакеев тууралуу 9 факты
Белгилер:
Апаз Жайнаков, Баткен

ЭҢ МААНИЛҮҮ