13:40 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
359 0 0

"Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун тарбиялануучулары жакында эле Польшада өткөн эл аралык фестивалда 1-орунду алышкан. Буга чейин да "Кыргыз көчү" комузчулар ансамбли бир катар ийгиликтерди багынткан. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ансамблдин жетекчиси, күү изилдөөчү Мастура Бердибекова менен баарлашты. 

Мастура Бердибекова комуз күүлөрү, салттуу музыка жаатында да жакшы эмгектерди жаратып келүүдө. 

— "Кыргыз көчү" ансамблин жетектеп келе жатканыңызга канча болду?

— "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда иштеп жатканыма жети жыл болуп калды. Ага чейин башка окуу жайларда сабак берчүмүн. "Сейтек" борборунда балдарга комуздан сабак берип, "Кыргыз көчү" комузчулар ансамблин жетектеп жатам. Анда алты жаштан 17 жашка чейинки балдар кенже топ, орто топ жана жогорку топ болуп үч тайпада окушат. Алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жеке ыкмам менен комуз үйрөтүп келе жатам. Алты жашынан баштап комуз кармаганга көндүрүп, балдарга арналган чакан чыгармаларды черттирип телчиктирип отурабыз. 

— Шакирттериңиз менен бир катар ийгиликтерге жетишкен экенсиздер...

— Ооба. Былтыр март айында Москвада өткөн "Увеличительное стекло" деген аталыштагы музыкалык аспаптарда ойноо боюнча эл аралык фестиваль-сынактан баш байгени алып келгенбиз. Мында ар бир топ өзүнүн улуттук аспаптарында ойноп, чеберчилигин көрсөтүп берүүсү кажет. Фестивалга ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 15 окуучуну алып барганбыз. Ошол эле жылы күзүндө Санкт-Петербург шаарында өткөн "Невские перспективы" фестивалына катыштык. Мында комуздун өзгөчөлүгү бааланып, бизге атайын сыйлык катары баш байге берилди. Негизи 2016-жылдан бери эле комуз менен Казакстан, Индия, Түркия өңдүү бир катар мамлекеттерде өткөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишип келе жатабыз. Быйыл Беларусь менен Польшада өткөн дистанттык сынакка да катыштык. 

— Польшага видео жөнөттүңүздөрбү?

— Ооба. Польшада элдик аспаптар боюнча "Калейдоскоп талантов" деген аталыштагы фестивалга комузда күү ойногонубузду атайын видеого тартып жөнөткөнбүз. Ал жактан дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн чогулган калыстар тобунун мүчөлөрү биздин чыгармабызга жогорку баасын берип, 1-орунду ыйгарыптыр. Азыр шакирттерим менен кошо ата-энелери да кубанып, жай турмуш келип, фестивалга чакыруу келсе барабыз деп сүйүнүп турабыз. Кызыгы, 6-октябрда өлкөдө ызы-чуу, митинг болуп жатканда биз толкунданып залда даярдык көрүп, комузда күү ойногонубузду видеого тартып, сынак менен алпурушуп жаттык. Ошентип 8-октябрда видеону жиберип үлгүрдүк. 

Ансамбль комузистов Кыргыз көчү
© Фото / Олег Коженков
Мастура Бердибекова: кызыгы, 6-октябрда өлкөдө ызы-чуу, митинг болуп жатканда биз толкунданып залда даярдык көрүп, комузда күү ойногонубузду видеого тартып, сынак менен алпурушуп жаттык.

— Аталган фестивалдын шарты кандай экен? Кайсы чыгармаларды жибердиңиздер?

— Негизи шарт боюнча эки чыгарма жиберүү зарыл эле. Экөө тең эки башка мүнөздө болуусу керек болчу. Мисалы, бири салмактуу, жай темпте болсо, экинчиси шайыр, ылдам ыргактагы күү болуусу абзел. Биринчисине Токтогул Сатылгановдун терип черте турган "Бала кербез" күүсүн, экинчисине Айдаралы Бейшүкүровдун "Көйрөң күүсүн" жибердик. Кыргызстандын атынан катышып, комузду татыктуу көргөзө алдык деп ойлойм. 

— Өзүңүз комузду канча жашыңызда колуңузга кармагансыз?

— Мен Ош шаарына караштуу Жолон Мамытов, Гапар Айтиевдер өскөн Төлөйкөн айылынан болом. Комузду алгач 2-3-классымда колума алгам. Алгач Оштогу музыкалык училищеден окудум. Кийин Бишкектеги консерваториядан окуп, Калыбек Жекшенов, Самара Токтакуновадан сабак алгам. Азыркы учурда Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайда аспирантмын. Комузчулук боюнча илимий иштер менен алпурушуп жүрөм. 

Руководитель ансамбля комузистов Кыргыз көчү Мастура Бердибекова на концерте
© Фото / Олег Коженков
Азыркы учурда Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайда аспирантмын. Комузчулук боюнча илимий иштер менен алпурушуп жүрөм.

— Бизде күү өнөрү жетишерлик изилденген эмес дешет...

— Негизи кыргыз элинде күү деген түшүнүк жашашы керек. Аны ЮНЕСКОго каттатуу маселеси да бар. Бексултан Жакиев агай баш болуп 2003-жылы "Манасты" материалдык эмес баалуулуктардын катарына киргизип каттатышпадыбы. Ага айтуучулук, дастанчылык, төкмөлүк камтылып, күүчүлүк өнөр кошулбай калган. Мунун да тарыхый себеби бар. Бизде комуздун деңгээлин көрсөтө турган ноталык, илимий жана аткаруучулук жагы изилденбей, дың бойдон турат. Сөз өнөрүнө көбүрөөк басым жасалып, биздин музыкалык тилибиз казылбай калган. Ошол себептен кошулбай калды. Кыргыздын музыкалык тилин, кыраатын, интонациясын изилдеш үчүн сөз жок комузга кайрылабыз. Андан нары музыкалык аспаптарда аткарылуучу күү өнөрү өзүнөн-өзү калкып чыгып, изилденмек. Кыргыз-казакка төкмөлүк өнөр берилгендей эле күү жанры да берилген. Булар ата-бабадан калган улуу өнөр, салтка айланган музыка. Аны изилдөө жагынан аксап турабыз. Негизи бизге музыкалык тилде нотага түшүрүлгөн пианино, скрипканын деңгээлинде ой жүгүртүп, алардын фонунда салттуу күүлөрдүн ыкмалары унутта калган, буга жетишерлик көңүл бурулбай келген.

— Улуу таланттардын бири Нурак Абдрахмановдун күүлөрүн да нотага түшүргөн жайыңыз бар экен...

— Агайдын күүлөрүн нотага түшүрүп, чыгармачылыгын изилдедим. 2008-жылы швейцариялык бюро мага 1500 доллар грант берген. Анын эсебинен Нурак агайдын чыгармачылыгын изилдеп, 22 чыгармадан турган китеп чыгардык. Анда Абдрахмановдун 17 күүсү жана Карамолдонун, Болуш Мадазимов, Токтогул Сатылгановдун күүлөрүнөн бешөө китепке кошулду. Агайдын комузчулук бейнесин алып калдым десем болот. Нотага түшүрүүдө ал кишинин комузда кол ойноткон 41 ыкмасын аныктап, ага атайын белгилерди коюп басып чыгардык. 2009-жылы Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бет ачары өткөн, ал китеп музыкалык мектептерге жана ЖОЖдорго бекер берилди. Нурак агайдын бардык күүлөрү китепке түшкөн. Бир гана китеп чыккандан кийин жарык көргөн "7-Апрель" күүсү кирбей калды. Өкүнүчтүүсү, ырлары өзү менен кетти. Агайдан төрт китеп жазып калууну сүйлөшкөнбүз. Бирок күүчүлүгүн эле жазып калууга үлгүрдүм. Калганына агайдын ден соолугу жол берген жок. Ооруп тез эле арабыздан кетип калбадыбы...

Ошентсе да комуз күүлөрү боюнча чоң эмгек таштап кетти. "Кызым жаз, менин күүлөрүм момундай" деп,  кызганбай, ичи тарланбай ыкмаларынын баарын көргөзүп берди. Күүлөрү боюнча китеп чыгарып жатканда бир сыйра чыгармаларын кайра анализдеп, кээ бир жерлерин өзгөртүп берди. Нотага түшүргөндө аябай толкунданып "комуздун күүсү деле нотага түшөт турбайбы. Японияга барсаңар деле нота менен мен черткендей туура чертүүгө мүмкүн экен да" деп айткан эле. Ага чейин Самара Токтакунованын тапшыруусу менен Чалагыз Исабаевдин 1987-жылы жарык көргөн китебине акыркы чыгармаларын кошуп, кайрадан редакциялап чыкканбыз. 

Ансамбль комузистов Кыргыз көчү и ее руководитель Мастура Бердибекова
© Фото / Олег Коженков
Нурак агайдан Агайдан төрт китеп жазып калууну сүйлөшкөнбүз. Бирок күүчүлүгүн эле жазып калууга үлгүрдүм. Калганына агайдын ден соолугу жол берген жок.

— Бир жылдары теле жаатында да кыргыз күүлөрүнө байланышкан долбоорлор менен иштеп жүрдүңүз эле?

— Бул иштер 2018-жылы башталган. Алгач бул багытта америкалыктардан билим алдым. Алардын жолдомосу боюнча "Күүнүн теги" долбоорун жазып, КТРКга кайрылсам, продюссер Назира Аалы кызы дароо эле колдоп, кабыл алган. Негизи бул берүүнүн аталышы Ниязалы комузчунун "күүнүн тегин айтып черт" деген сөзүнөн улам коюлган. 24 берүү жасап, республиканын аймагындагы ар башка тармакта иштеп, комузга, музыкалык аспаптарга жана салттуу музыкага ыктаган өнөрпоздорду, ушул чөйрөдөгү илимпоздорду чакырып, күү деген феномендин тегерегинде баарлашып, талкуулаганбыз.

Тема боюнча

Суеркулова: комуз өнөрүн жайылтууда педагогдор колдоого муктаж
Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео
Белгилер:
китеп, ансамбль, Нурак Абдрахманов, фестиваль, комуз, күү

ЭҢ МААНИЛҮҮ