07:49 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Маданият

Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (127)
145 0 0
СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев, КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова жана Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1975-жылы Чүй облусунда тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев, КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова жана Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1975-жылы Чүй облусунда тартылган.

Ал жылы Океев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл алма" аңгемесинин негизинде тасма тарта баштап, анын сценарийин Айтматов менен Эльга Лындина жазган.

Ошол кезеңди аталган кинокартинада башкы ролду аткарган Гүлсара Ажыбекова мындайча эскерет.

"Анда Москвадагы окууну бүтүп келип театрда эки жылдан ашык иштеп жүргөн кезим болчу. Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" тасмасы тартыла тургандыгы айтылып калды. Мени кинопробага чакырышкан, ал жакка Таттыбүбү Турсунбаева, Наталья Аринбасарова да барган экен. Аткарчусун аткарып бердим, бирок атактуу актрисалар тартылганы жатса, мени ролго алат деп ойлогон эмесмин. Кийин мага "өттүңүз" деп сүйүнчүлөшкөн. Ошентип мен кинодо алгачкы башкы ролумду жаратып, кийин бир топ режиссёрлордун эмгектерине катыштым. Чындыгында ал кинофильмди тартуу үчүн Океев күчтүү инсандарды чогулткан. Оператор Константин Орозалиевди эле алалы, анын сезимталдык жана кесипкөйлүк менен Таттыбүбүнү тарткан кадрлары азыркыга чейин колдонулуп келүүдө. Андан сырткары, төрөттө болгон окуяны да чеберчилик менен камерага түшүргөн. Киночулар толготуп жаткан, көз жарган келиндерге билгизбей аппаратураны жашырып коюп тарткан. Ал жерде менин ыйлап отурганым, жаңы төрөлгөн кызымдын атасынын ысымын айткым келбей жатканым бар. Ошол эпизод чыныгы жашоодогудай көрүнөт, ал жактагылардын эмоциясы толук ачылган. Кинофильмди жай жана күз мезгилинде эле тартып бүтүргөнбүз. Алиман апа, Сүймөнкул агай, Төлөмүш Океев бардыгы адамгерчилиги бийик инсандар эле. Сонун учурлар өтүптүр", — деди Ажыбекова.

"Кызыл алманы" жаратууга украиналык композитор Шандор Коллаш, жаш оператор Константин Орозалиев, сүрөтчү Жамбул Жумабаев катышкан. Ошондой эле Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Чоро Думанаев, Арсен Умуралиев, Анара Макекадырова да роль аткарган. Тасма ошол эле жылы Швециянын Локарно шаарындагы эл аралык кинофестивалда Ардак грамотага татып, Москвада өткөн IX эл аралык кинофестивалды ачкан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (127)

Тема боюнча

Көчөдө тамашалашкан Мухаммед Али менен Орзубек Назаров. Таберик сүрөт
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Кызын сагынган "Бугу эне", апасына талпынган чүрпө. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, "Кызыл алма" тасмасы, Сүймөнкул Чокморов, Гүлсара Ажыбекова, Төлөмүш Океев

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ