14 сааттан ашты! Дөөлөт Сыдыков манас айтып бүттү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында Гиннестин китебине кирүү максатындагы бир нече саатка пландалган "Манас" эпосун айтуу учурунда
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ала-Тоо аянтында Гиннестин китебине кирүү максатындагы бир нече саатка пландалган Манас эпосун айтуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас" эпосун токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 14 саат 27 мүнөт айтты.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында Гиннестин китебине кирүү максатындагы бир нече саатка пландалган "Манас" эпосун айтып бүттү.

Ал "Манас" эпосун 12-ноябрда эртең мененки саат 9:42де айтып баштап, кечки 00:27де, түн оокумда жыйынтыктады.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Манастын эстелигинин жанына бийиктиги беш метр айнектен жасалган боз үй (атайын жай) курулган. Манасчы Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 14 саат 27 мүнөт бою дастанды ошол жерге чогулгандарга тартуулады. 

Эпосту тыным албай, узак убакыт айткан мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.

Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү

Бул иш-чаранын элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0