"Ала-Тоодо" эпос жаңырып. Дөөлөт Сыдыков 12 саат манас айтууну баштады. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас" эпосту "Ала-Тоо" аянтында айтып жатат
Манасчы  Дөөлөт Сыдыков Манас эпосту Ала-Тоо аянтында айтып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүндөн тарта узак убакыт манас айтып, Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда азыркынын көрүнүктүү манасчысы Дөөлөт Сыдыковдун "Манас" эпосун узак убакытка айткан иш-чарасы башталды. Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.

"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Манастын эстелигинин жанына бийиктиги беш метр айнектен жасалган боз үй (атайын жай) курулган. Манасчы Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 12 саат бою манас  айтмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0