Кызын сагынган "Бугу эне", апасына талпынган чүрпө. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз элинин белгилүү актрисасы Айтурган Темирова менен анын кызы Сүйүтайдын сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тарткан.

Чарчаган Шамшиевдин жанындагы суйкайган Темирова. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Ошол кезеңди кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Биз "Ак кемени" тартып баштаганда Болот менен Айтургандын кызы Сүйүтай бир нече айлык ымыркай болчу. Ошондуктан тартуу иштеринде биз менен чогуу ала жүрүшчү. Киночулар, актёрлор тыныгып отуруп калганда кичинекей наристе апасына талпынса, энеси аны кучактап өпкүлөп, эркелип калчу. Ошол ирмемди мен фотоаппаратыма түшүрүп үлгүрүп калгам. Ал кинофильмде Темирова Бугу эненин образын жаратып, жолдошу Болот Шамшиев режиссёру болчу. Ошондо тоодо болгон бир кызыктуу окуяны айтпай кетпесем болбойт. Кинокартинада кичинекей баланын ыйлап сууда бешик менен агып кетип бараткан эпизоду бар. Аны тартуу үчүн Шамшиев аялын алаксытып башка жерге жиберип, кызын бешикке бөлөтүп, сууга агызып операторлор менен керектүү учурду тарткан. Ошентип алар үй-бүлөсү менен аталган шедеврди тартууга катышкан", — деди Федоров.

Режиссёр Шамшиев менен актриса Темирова 25 жыл бирге түтүн булатып, бир кыз, бир уулду чоңойткон. Кызы Сүйүтай кесиби боюнча лингвист, эл аралык уюмдарда эмгектенген. Ал эми уулу Чыңгыз Шамшиев Бишкектеги ири ЖОЖдордун биринде вице-президент.

"Ак кеме" 1975-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0