Кыргызстандагы музей буюмдарын башка мекемелерде сактоого тыюу салынды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүВыставка "Фаберже и придворные ювелиры"
Выставка Фаберже и придворные ювелиры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу сакталып турган баалуу сүрөттөр 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолор маалында жоголуп кеткен.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.

"Музей буюмдарынын жана коллекцияларынын уурдалышын алдын алуу максатында мамлекеттик мекемелердин ички жасалгаларын кооздоо үчүн музей буюмдарын убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде уюштурууга тыюу салынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буйуруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлдү.

Маданият министрлиги Таластагы экспонаттарга бай музейди карамагына алат

Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу сакталып турган баалуу сүрөттөр 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолор маалында жоголуп кеткен. Маалыматка караганда, 20 эмгек президент жана өкмөттүн иш башкармалыгында 2010-жылдан бери убактылуу сакталып турган. Ак үйдөгү башаламандыктан кийин комиссия 12 эмгекти таап, калган сегизи жок экенин аныктаган. Алардын ичинде Сүймөнкул Чокморов, Гапар Айтиев, Сүйүтбек Төрөбеков сыяктуу чыгаандардын сүрөттөрү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0