Улуттук комиссия жаңы китептерди акысыз таратат. Аталыштары

© AFP / AMELIE QUERFURTHКитеп окуп жаткан адамдар. Архив
Китеп окуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык көргөн китептер китепканаларга, билим берүү мекемелерине жана башка мекеме-уюмдарга акысыз таратылары белгиленди.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия окурмандарга арнап бир нече китеп чыгарды. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, китептер "Азыркы адабият", "Дүйнөлүк адабият" жана "Дүбүрт" серияларынын алкагында жарык көрдү.

Улуттук комиссия жыл сайын мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду жана сөздүктөрдү, усулдук колдонмолорду жарыкка чыгарып келерин белгиледи.

Жаңы чыккан китептердин тизмеси;

  • Сүйөркул Тургунбаевдин "Акындарга аздек сөз" аттуу адабий ой-пикирлер, эскерүүлөр топтому;
  • Жакыпбек Абдылдаевдин "Ачуу дары" аталышында сатира, пародиялары;
  • Кармышак Ташбаевдин "Тандалмалар" ырлар жыйнагы;
  • Абдыжапар Эгембердиевдин "Терең дайра тынч агат" ырлар жыйнагы;
  • Атантай Акбаровдун "Жүрөгүм сынды, таңа албайм" ырлар жыйнагы.
  • Өзбек элинин белгилүү жазуучуларынын аңгемелери Абдыкерим Муратовдун котормосунда "Ак булут, аппак булут" аталыштагы китеби;
  • Саха жазма адабиятынын негиздөөчүсү, тилчи, адабиятчы Платон Ойунскийдин уламыш, аңгемелери Алтынай Темированын котормосунда "Улуу Кудангса" деген аталыштагы китеп болуп чыкты;
  • Боордош түрк, азербайжан, гагауз, татар, казак, балкар элдеринин жазуучу-акындарынын ар кыл темадагы чыгармалары Айдарбек Сармамбетовдун котормосунда "Каражорго, Акбозат" аталышында китеп болуп чыгарылды;
  • Түрк жазуучу-сатириги Азиз Несиндин кызыктуу аңгемелери Аалы Молдокановдун котормосунда "Айтендин күйөөсү" аталышында китеп болуп чыкты;
  • Кытайдын Алтын династия, Тан жана Сун доорундагы поэзиясынын дүйнөлүк адабий казынадан татыктуу орун ээлеген ырлары Кубанычбек Басылбековдун котормосунда "Улуу Кытай поэзиясы" деген аталышта китеп болуп жарык көрдү;
  • Алыкул Осмоновдун кыргыз, орус, англис тилдеринде кайрадан түзүлгөн "Ысык-Көл толкуну" аталышындагы ырлары;
  • Эгемберди Эрматовдун "Мухаммед пайгамбар" дастанын Алтынай Токтоматова англис тилине которгон;
  • Абулфайзхон Хонкелдиев кыргыз жомокторун өзбек тилинде окурмандарга тартууламакчы.

Абдыкерим Муратовдун жаңы романы жарык көрдү

Жарык көргөн китептер китепканаларга, билим берүү мекемелерине жана башка мекеме-уюмдарга акысыз таратылары белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0