Ит кутурса — көрканачы, эр кутурса — каракчы. Кубанычбек Маликовдун кеп казынасы

© Sputnik / Эрмек ЖумагуловБүгүн Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун эстелиги. Архив
Бүгүн Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун туулган күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар калемгердин чыгармаларын барактап, нускалуу кептерин сунуштайт.

Кубанычбек Маликов 1911-жылы 16-сентябрда Чүй өрөөнүндөгү азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Турмуш шартына байланыштуу болочок акындын үй-бүлөсү борбор калаага жакын Төкөлдөш айылына көчүп келет.

Кубанычбек Маликов 15 жашында эле "Эркин-Тоо" гезитинин өз кабарчысы болот. Ал күнүмдүк жаңылыктар менен катар аялдардын теңдиги, эскиден калган терс көрүнүштөргө каршы күрөш, жер-суу реформасы сыяктуу социалдык темаларга түрдүү макалаларды жазып, алгачкы "Жазгы талаа" аттуу ырын 1926-жылы жараткан. Ошол мезгилден баштап өмүрүнүн акырына чейин түрдүү жанрдагы ырларды, поэмаларды, кара сөз менен жазылган чыгармаларды жазган. "Ак кептер", "Аёо", "Келген жок" аттуу элдик болуп калган обондуу ырлардын сөзү Маликовдун калемине таандык.

Маликов 1931-жылы педтехникумду аяктагандан кийин "Ленинчил жаш" гезитинде редактордун орун басары болуп иштеп, 1934-жылдан 1952-жылга чейин "Кызыл Кыргызстан" гезитинин жооптуу катчысы, "Кыргызмамбастын" көркөм адабият редакциясында бөлүм башчы, Кыргызстан жазуучулар башкармалыгынын катчысы, Ворошилов ГЭСинин курулушунда жумушчу колоннасынын комиссары сыяктуу бир топ кызматтарды аркалаган. Андан сырткары, бир катар административдик кызматтарда да болуп, драмтеатрды, искусство иштери боюнча башкармалыкты, Республикалык жазуучулар союзун да жетектеген.

1930-жылдарда ал "Жаңы айылдын эрмеги", "Элдин уулу", "Пахтачы кыздын ыры", "Сен жолдошум" сыяктуу поэтикалык чыгармалары менен катар "Таш күзгүнүн түбүндө" аттуу сатирасын да жараткан. Ошондой эле жазуучунун калемине "Сарала козу", "Ачылган айып" аттуу аңгемелер, "Азаматтар" повести жана "Сапардын сүйүү сырлары", "Жапар менен Шарипа" деген лирикалык поэмалар да таандык.

Жакшылык эч качан дооланбайт. Жазуучу Калканбай Ашымбаевдин кеп казынасы

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Маликов өз ыктыяры менен майданга аттанат. Бирок алгач Түркмөнстанда даярдыктан өтүп жүргөнүндө КП(б) БКдан искусство адамдары үчүн бронь келип, жазуучуну кайра чакыртып алышат. Ошентсе да Маликов кыргыз эли блокадада калган ленинграддыктар үчүн топтогон азык-түлүктү темир жол менен ошол түндүктөгү шаарга чейин коштоп барган. Ал окуяга арнап акын "Ленинград күндөлүгүн" жазган эле.

Акындын чыгармачылыгында орчундуу орун ээлеген дагы бир нерсе — "Манас" эпосу. "Маликов бул элдик чыгарманы мыкты билген, ыңгайы келе калганда айта да койчу" деп Омор Султановдун жазганы бар. Ошондой эле акындын урпактары 1964-жылы Исхак Раззаков үйүнө келгенде Маликов бир саат бою ага манас айтып бергенин эскеришет. Аалы Токомбаев менен бирге улуу манасчылар Саякбай менен Сагынбайдын жалпылашкан вариантынан турган "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин басууга даярдаган. Эпостун дал ошол варианты казак, тажик жана өзбек тилдерине которулган.

Маликов Кыргыз ССРинин гимнин жараткан авторлордун бири. Ошондой эле ал башка акындар менен бирге "Айчүрөк" жана "Манас" операларына либретто жазган. Анын "Сейтек" операсына узак жылдар бою жазган либреттосу кол жазма бойдон калган. Буга ал кездеги расмий бийликтин адабиятта жана деги эле искусстводо улуттук бөтөнчөлүктүн пайда болушуна өтө коомай карашы себеп болуптур.

Кубанычбек Маликов драматург катары да өз эмгектерин калтырып кеткен. Ал "Бийик жерде", "Бир көчөнүн кыздары", "Жаңыл", "Адылдын иши", "Айланган тоонун бүркүтү", "Осмонкул" деген пьесаларды жараткан. Бул опералар жана пьесалар азыр да сахнада коюлуп келет.

Бүлөгө башчы боло албаган эрди эч бир аял барктабайт. Кален Сыдыкованын нускасы

Кыргыз адабиятына кошкон салымы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу, үч жолу "Ардак белгиси" ордендери жана бир топ медаль, грамоталар менен сыйланган.

Акын, драматург жана жазуучу Кубанычбек Маликов 1978-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкекте) дүйнөдөн кайткан.

***

Эмесе жакшы ырчынын аты өчпөйт, ооздон-оозго көчүп жүрөт, элге алынган сөзү өлбөйт. Маселен, көп эле бай же эл бийлеген манап өзүнө күмбөз салдырчу. Бардыгы эле жүз жылга жетпей урап түшүп, таман астында тапталып, жер менен жер болду да калды.

***

Ачуу деген алыстан куралып келет.

***

А, кызым, эркем, мен сенин апаң болгондуктан айтам. Кыз деген кызыл алма, аны чаң басып калса кызылы көрүнбөй калат.Кийинки убакта секелеңдеп эле көп бийлөөчү болдуң. Эртерээк жаныңа бир жолдош таап алсаң, анан кийин бутуңдун башы эмес, тырмагыңдын учу менен чимирилсең да өз эркиң.

***

О, балам, дүнүйө кишини алты катар асманга да чыгарат, жети кабат жерге да түшүрөт.

***

Балдар, ажалы жеткен киши куш мамык жазданып жатып деле жан берет. Кыргыз кыргыз болгону эр-азамат деген азуулары аркайган ашуунун белинде өлүчү... Же болбосо какшыган куу чөлдө жаа тартышып, ок атышып туруп жан берчү. Мына, чиркин, эр-азаматтын өлүмү ошондой болот.

Жойпу түлкү бал тилге салат. Акын Жусуп Турусбековдун кеп казынасы

***

— Акылыңдан шашпагын, балам. Мынча эмне алактайсың? Үйдөгү киши өлөбү же тыштагы киши өлөбү, аны ким билсин... Ажал жетсе, энең кашынан жылдырбай күн сайын үч маал куймак куюп берип олтурса деле жаның чыйк деп чыгып кете берет. Адам деген башына эмне түшсө ошону көрөт...

***

— Ээ, кызык экенсиңер, кутурган ит менен манаптын мүнөзү бирдей болот. Сөзүмө кыжыры келсе — өлтүрө тиштеп салат, анда бала-чакамдын күнү эмне болот?! Чечен — чечен эмес, өкүм — чечен. Өкүм, камчы, кылыч, мылтык, булардын баары колунда турбайбы.

***

Жаштык деген адамды кээде ичпей-жебей мас кылат. Кыздын жүрөгү чынын айтат. Туулуп-өскөн жерим деп, торум менин элим деп сан душман камап келсе да саргайып бир жолу качпадым. Жүлүндү жарып ок атып, жүлүндөй ичке жол басып, кар бороон болсо камыкпай, кыз башым менен түн катып, мен элимди жоодон сактадым.

***

Кээде адилеттиктен тайса, арстанды да капкан чабат.

***

Канаты сынып калса да кузгундун көктө санаасы, кары шайтан азгырды, калганын бара көрөрбүз!...

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

***

Ит кутурса көрканачы болот, эр кутурса калкынан чыгып, намысын сатып каракчы болот.

***

Карыдан абийир кетсе, каада менен ызаат кетсе, өңгөнү көзүнө илбесе, өз кызына асылары да чын.

***

— Балдарым, заманыңардын чамгарагы айланып бара жатат окшойт? Кандай заман, кандан күн болорун ким билсин? Кантсе да абышкаңардын сөзү кулагыңарда болсун! Курулай бышактап олтуруп деле биз эмне таптык? Күндүн түрүн, элдин түрүн карасак, эр жигиттин кайрат көрсөтөр бир мерчеми келген окшойт го? Куру саздуу жерде өлөң чөп жеп жүрүп өлгөн сасык тумшук уйча өлгүчө, эр жигит жигиттей эле болгону жакшы! Бул заман адилеттиктен айрылган заман, бөөдө өлүм болоруңарды билсеңер, жаздыгыңарды ала жаткыла!

Жаңылыктар түрмөгү
0