Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер, каскадер Үсөн Кудайбергеновдун сүрөтү 1990-жылдардын башында Казакстандын Кордай тоолорунда тартылган.

Ал жылдары кыргызстандык жана чет элдик киночулар биргеликте "Чыңгыз хан" тасмасын тартууга киришкен. Фильмге англиялык Кен Эннакин режиссёр болуп, Төлөмүш Океев көркөм жетекчилик кылган. Тартуу иштери Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда жүрүп, чет элдик киночулар, жүздөгөн кыргызстандыктар катышкан.

АКШда жүрүп Чокморовдун ден соолугун ойлогон Океев. "Уландагы" таберик сүрөт

Ошол кезди фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Үсөн Кудайбергенов кино тармагына келгенге чейин циркте иштеп, кийин киночулардын кара жумушун жасап жүрүп аралашып кеткен. Убакыттын өтүшү менен ал тажрыйба, кадыр-барк топтоп, алгачкылардан болуп кыргыз каскадерлордун тобун, мектебин түзгөн. Алардын башында туруп СССРдин ичинде гана эмес, чакыруулар менен чет мамлекеттерге барып турушчу. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары италиялык киночулар "Чыңгыз ханды" тартканы келгенде Үсөн өзүнүн кесиптештери менен катышкан. Анткени 150гө жакын каскадерго баш-көз болчу кесипкөй адис керек эле. Ал-күчкө толгон каскадерлор жакшы акча алышчу, бирок аларды көзмөлдөө кыйын эле болгон. Үсөн тартип сактабагандарды күндө эртең менен короого тизип ордуна коюп койчу. Кудайбергенов кезинде ат менен дарыяга секирип Гиннес китебине кирген. Менимче, анын ошол трюгун эч ким кайталай албайт. Азыр жаштар Голливуд жылдыздарына таң калып жүрөт. Үсөн кезинде аларга салыштырууга мүмкүн болбогон эрдиктерди жасаган. Ал жөнөкөй актер, каскадер болуп гана тим болбостон, Ата Мекени үчүн күйүп жанган инсан эле", — деди Федоров.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Эске сала кетсек, Үсөн Кудайбергенов 1980-жылдардын башында "Генийдин өспүрүм кези" фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип, дүйнөлүк деңгээлде таанылып, Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген. Өзүнүн чыгармачылыгында 300дөн ашык тасмага катышкан.

"Чыңгыз ханга" атактуу италиялык актёр Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант менен Чарлтон Хестон да катышкан, бирок тасма соңуна чыкпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0