Көчмөндөр оюндарына даярдык башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндары. Архив
Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч оюн Кыргызстанда өтүп, кезек Түркияга берилген. Бирок эпидемияга байланыштуу быйыл өтчү иш-чара эмдиги жылга жылдырылган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 2021-жылы Түркиянын Бурса провинциясында өтө турган Көчмөндөрдүн төртүнчү дүйнөлүк оюндарына даярдык расмий башталды. Бул тууралуу Кыргызстандагы аталган өлкөдөгү элчилигине таянуу менен Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясы протоколго кол койгон.

FIFA президенти Инфантино Кыргызстанга азырынча келбей турган болду

"Кол коюу аземинде түрк тарап Оюндардын негиздөөчүсү катары Кыргызстандын ролун белгилеп, иш-чаранын дүйнө жүзүнө таанылуусуна кошкон салымын баалады. Даярдык тууралуу маалымат берип жатып, КР тарабынан калыптанган салттуу көрүнүштөр ошол боюнча каларына ишендирди. Оюндар Изник көлүнүн боюнда өтмөкчү", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары алгач үч ирет — 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, кийинки кезек Түркияга берилген болчу. Эки жылда бир өтчү иш-чара быйылкы эпидемиологиялык абалдан улам 2021-жылга жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0