Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүНародный артист РСФСР, эстрадный певец Лев Лещенко
Народный артист РСФСР, эстрадный певец Лев Лещенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Михаил Боярский капысынан эле спорт тууралуу ыр жазып, Лев Лещенко жабылуу аземинде өз үнүн тааныбай калганы тууралуу кызыктарды Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

Москвадагы Олимпиада оюндары мындан 40 жыл мурун өтсө да, ошондо жаңырган ырлар азыркыга чейин ооздон түшпөйт. Айрым саптар учкул сөзгө да айланып кеткен. Оюнду уюштуруу комитети иш-чара алдында советтик эстрада спорттук ырларга жык толушу керектигин бекеринен тапшырбаса керек.

Жалаң рекорддор

Негизи бир дагы ири спорттук иш-чара музыкасыз өтпөйт, мындан улам Москва олимпиадасынын музыкалык коштоосуна олуттуу мамиле жасалган. Ырлардын тематикасын уюштуруу комитетинин төрага орун басары, СССРдин маданият министри Владимир Попов өзү көзөмөлдөгөн.

Даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров жөнүндө 12 факты

Муслим Магомаевдин аткаруусундагы Александра Пахмутова менен Николай Добронравовдун "Герои спорта" чыгармасы Олимпиаданын визиттик карточкасы болуп калды. Оюндардын алдында Пахмутова Добронравов экөө жеке рекордун жараткан десек болот — дал ушул эки талант жазган чыгармалар радио менен теледен эң көп берилген ыр эле. София Ротару экөөнүн "Темп" аттуу ырын ырдап чыкса, Муслим Магомаев "Стадион моей мечты", ал эми Лев Лещенко "Старт дает Москва" ырларын жаңыртып турган эле. Бул 1979-жыл болчу, ал кезде Лещенко Пахмутовага өмүр бою хит болчу ыр жазып береринен кабары да жок эле. 

© Sputnik / Виталий Арутюнов / Медиабанкка өтүүЫрчы Муслим Магомаев
Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Муслим Магомаев

Мамалак болбой калмак!

Алгач легендарлуу "До свиданья, Москва" чыгармасы "До свиданья, Москва, здравствуй, Лос-Анджелес" деп аталышы керек эле. Бирок ошол кезде Афганистанда согуш чыгып, батыш өлкөлөрү Москвадагы Олимпиадага "бойкот" жарыялашат. Совет бийлиги ырды өзгөртүп, жөн гана Олимпиада менен коштошуу иретинде тартуулоону чечкен.

Бирок бул жерде маселе жаралган. Александра Пахмутова менен Николай Добронравов учуп кетип бара жаткан Аюу тууралуу ыр жазышкан. Мындай элес уюштуруу комитетинин айрым мүчөлөрүнө жакпай калган: аюу учпайт да! Анын үстүнө Олимпиаданын жабылуу аземине даярдалган куурчак-аюу тикесинен учпай, капталдап көтөрүлө берген эле. Аюунун буттарына шарларды байлап, кырдаалдан чыгышкан.

Бирок Пахмутова менен Добронравов ыр салтанатта жаңырарына ишенген эмес, мындан улам чыгарманы Лев Лещенкого берип жатып тагдыры бүдөмүк экенин эскертишкен. Натыйжада Лещенко ыр тууралуу таптакыр унутуп да калган.

Жүрөк толкуйт! Азия оюндарында параддан өткөн кыргыз спортчулары видеодо

"Жабылуу аземинде ыр коюлду. Ушунчалык күтүүсүз болгондуктан өз үнүмдү тааныбай да калдым. Эки ай мурун жаздыргам да. Ошол ырбы же башкабы деп түкшүмөлдөдүм. Тимеле маңдайым жарыла сүйүндүм деп айта албайм, бирок жагымдуу болду. Ал кезде ушунчалык хит болорун билген жокмун да. Жаздырып жатканда деле көп ырдын бириндей кабыл алгам. Бирок ал ушул кезге чейин элдин жадында болуп, ооздон түшпөй ырдалып келет. Жаш ырчылар менен көп ирет чогуу аткардык. Эмне үчүн жаш муун бул чыгарманы жакшы көрөт? Менимче, анда мээрим, жакшылык бар, Ата Журтка, адамдык баалуулуктарга болгон сүйүү камтылган. Эинчиден, ал кез көп кишинин эсинде, сезим балдарга да өткөн. Буга жакында эле Сочиде өткөн Олимпиада дагы кошумча болду, анда да Аюу болбодубу", — деди Лещенко.

Баарына жетишип

Элдин эсинде Давид Тухмановдун Роберт Рождественскийдин сөзүнө жазылган "Олимпиада-80" аттуу ыры да калды. Аны эстон ырчысы Тынис Мяги аткарып, эртеси эле топ жарган жылдыз болуп чыга келген. Бул ыр менен өнөрпоз "Жылдын ыры" фестивалынын финалына да жеткен. 

© Sputnik / Полховский / Медиабанкка өтүүКонцерт в рамках открытия Олимпиады-80 в Москве
Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко - Sputnik Кыргызстан
Концерт в рамках открытия Олимпиады-80 в Москве

Ал эми бул сынактын дайымкы катышуучусу Алла Пугачева Олимпиаданын маалында атагы чыккан ырчы эле. 1979-жылдын мартында "Женщина, которая поет" аттуу тасмасы чыгып, эки айдан кийин "Космос" мейманканасынын ачылышында карата Джо Дассен менен чогуу концерт берген.

Буга карабастан Пугачева окуп да үлгүрчү. Россиянын Заманбап тарых музейинде ушу кезге чейин ырчынын Олимпиаданын чет элдик коноктору үчүн берген концерттеринин программасы сакталуу. Музейдегилердин айтымында, ГИТИСте 4-курста окуган Пугачева дал ушул коцерттерин курстук ишине тема кылып тандап алган.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпаковага президент энчилүү саат белек кылды

Олимпиада ыргактары

Туристтер концерттерге барып эс алып жүргөндө совет эли сүйүктүү аристтерин "Здравствуй, Олимпиада!" жана "Ритмы Олимпиады" программаларынан көрүп турушчу. Элге Михаил Боярскийдин катышуусундагы "Олимпийская шуточная" деп аталган клип өзгөчө таасир калтырган. Анда актер Олимпиада учурунда спортчу болууну чечип, ушунусу менен сүйгөн кызынын көңүлүн бурдурмакчы болгон жигиттин ролун аткарат. Анын үстүнө "Үч мушкетердун" да "элеси" бар эле, каарман көгүш түстөгү форма кийип, фехтованиени үйрөнөт.

Михаил Боярский бул ыр менен клипти кокусунан жазып калганын айтып берди.

"Олимпиада маалы эле, спорттук ырларга арналган берүүдөгүлөр ушул ырды сунуштап калышты. Макул болдум, бир күндө эле жаздырдык. Клип Санкт-Петербугдун Петровский стадионунда бир нече саатта тартылган", — деп эскерди артист.

Телеберүүлөргө ВИА "Пламя", "Цветы", "Голубые гитары", "Поющие сердца", "Арай" сыяктуу ансамблдер байма-бай чыгып турашкан. "Арайдын" солисти Роза Рымбаева Sputnik агенттигине телевидениеге тандоо өтө катаал болгонун айтып берди.

Москвада 1980-жылы олимпиада кандай өткөн?

"Тизмеде бар экенибизди укканда чындап сүйүндүк. Ал жакка ар кимди эле кошо беришмек эмес. Доор башка эле, костюм деле тигилген эмес, колдо бары менен эле чыкканбыз. Москванын бардык жеринде коцерт коюуга тийиш элек, чымын-куюн болуп эле жүрчүбүз", — дейт ырчы.

Рымбаева ошол кездин өзгөчө духун, маанайын белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0