Өзбек ырчысы кыргызстандыктарга дем берип "Кыргыз жери" ырын аткарды. Видео

© Sputnik / Михаил ДудинФлаг Кыргызстана на горе Боз-Болток
Флаг Кыргызстана на горе Боз-Болток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн ырчысы эпидемиологиялык кырдаалдагы жүрөк тилген учурларды көрүп жатканын айтып, кыргыз элине кайраттуулук тилеп өттү.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өзбекстандык ырчы Жон Руми кыргызстандыктарды кыйын күндө колдоо максатында "Кыргыз жери" чыгармасын кыргыз тилинде аткарды.

Ал кыргыз элине кайрылып бул күндөр аз убакыттан кийин жаман бир түш сыяктуу өтүп кетерине ишеним артты. Ошондой эле алдыда жакшы күндөр күтүп турганын, андыктан эч качан моюн сунбоого, муңайып калбоого чакырды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от JOHN ROOMY🎙 (@johnroomy)

"Кымбаттуу, кыргызстандык бир туугандар, ЖМКларадан жүрөк тилген кадрларды көрүп ушундай кыйын күндө сиздергө өзбек элинин атынан колдоо көрсөткүм келди", — деп айтты Жон Руми кырынын алдында.

Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги

Өзбек ырчысы сөзү Түмөнбай Байзаков, обону Апас Жайнаковго таандык "Кыргыз жери" чыгармасын ырдаган. Бул учурда кадрдан Кыргызстандын Ала-Тоосу, кооз көлдөрү жана ажайып жаратылышы чагылдырылган.

Бүгүн, 12-июлга карата,  Кыргызстанда дагы 719 адамдан коронавирус аныкталганын Республикалык штаб билдирди. Республика боюнча илдет илештирип алгандардын жалпы саны 10 629га жетти. Анын 3 387си айыгып чыккан. Азыр стационарда 670 киши дарыланып жатса, анын 24ү реанимацияда. Үй карантининде 6 440 адам бар. Коронавирус жуктуруп алып 132 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0