Голливудду багындырган казак режиссёр. Тимур Бекмамбетов тууралуу 7 факты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРежиссер Тимур Бекмамбетов. Архив
Режиссер Тимур Бекмамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кино тармагына аралашкан ар бир инсандын кыялында Голливудду багындыруу турат десек жаңылышпайбыз. Казакстандык Тимур Бекмамбетов мындай максатын ишке ашырган орто азиялык жалгыз режиссер.

Тимур Бекмамбетов бир гана казак эмес, бүткүл Орто Азия кино тармагынын сыймыгына айланган инсан. Ал ошол эле учурда мурдагы СССРге караштуу өлкөлөрдөн чыгып, эң көп каражат тапкан киночулардын сап башында турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүн 59 жашка чыккан таланттуу режиссёр тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Хандын тукуму. Тимур Бекмамбетов 1961-жылы 25-июнда Казакстандагы Гурьев шаарында (азыркы Атырау) жарык дүйнөгө келген. Анын ата-теги 10-кылымга чейин барып, байыркы казак хандыгынын тукуму экендиги айтылат. Атасы казак улутундагы Нуруахит Бекмамбетов көп жыл "Гурьевэнерго" компаниясында жетекчилик кызматтарды аркалап, расмий болбосо да Батыш Казакстандын башкы энергетиги аталып турган. Ал эми апасы еврей кызы Мира Богословская облустук гезитте редактордун жардамчысы болгон. Бардар үй-бүлөдө чоңойгон болочоктогу режиссёрду жаркын келечек күтүп турган эле. Орто мектепти бүтөрү менен атасынын кеңешинен чыкпай Москвадагы Энергетика институтуна тапшырат. Бирок жүрөгүнө туура келбеген кесип тандаганын дароо байкап, бир жылга жетпей окуусун таштайт. Алдыдагы жашоосун жакшылап пландоо максатында советтик армиянын катарында Түркмөнстанда эки жыл кызмат өтөп, турмуштагы чыныгы каалоосу чыгармачылык экендигин сезет. Аскердик мөөнөтү аяктаары менен Ташкент шаарына сапар алат. Ал жакта Көркөм театр институтунун театр жана кино сүрөтчүсү бөлүмүнө тапшырат. Студенттик кезинде эле "Ильхом" театрында жана "Өзбекфильм" студиясында коюучу-сүрөтчү катары иштей баштайт. Окуу жайды кино жана театр жаатында тажрыйбасы мол студент катары 1987-жылы аяктайт.

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРежиссер Тимур Бекмамбетовдун атасы казак улутундагы Нуруахит Бекмамбетов көп жыл "Гурьевэнерго" компаниясында жетекчилик кызматтарды аркалап, Батыш Казакстандын башкы энергетиги аталып турган. Ал эми апасы еврей кызы Мира Богословская облустук гезитте редактордун жардамчысы болгон.
Голливудду багындырган казак режиссёр. Тимур Бекмамбетов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Тимур Бекмамбетовдун атасы казак улутундагы Нуруахит Бекмамбетов көп жыл "Гурьевэнерго" компаниясында жетекчилик кызматтарды аркалап, Батыш Казакстандын башкы энергетиги аталып турган. Ал эми апасы еврей кызы Мира Богословская облустук гезитте редактордун жардамчысы болгон.

Жарнамадан башталган чыгармачылык. Тимур Бекмамбетов СССР ураган 1990-жылдардын башында чыгармачылыкка баш-оту менен аралашуу үчүн Москвага кайрадан жол тартат. Жаш жигиттин башкы максаты — театрда иштөө эле. Бирок ойлогон ою ишке ашпай, күнүмдүк жашоосуна каражат табуу үчүн жарнамалык роликтерди тарткан фирмага жумушка кирет. Бул чөйрөдөгү инсандар жаш режиссёрдун талантын дароо эле байкашат. Жасаган эмгектери ийгиликтүү болуп, жетиштүү каражат жана абройлуу тааныш тапкан соң 1994-жылы "Империал-фильм" аттуу жеке жарнамалык компаниясын түптөйт. Ал тез арада өлкөдөгү эң мыкты компаниялардын бирине айланат. Бекмамбетовго таандык роликтер фестивалдардан байгелүү орундарга жетишип, сыналгыдан түшпөй калат. Анын эмгектеринин арасынан "Империал" банкы үчүн тарткан 15 бөлүмдөн турган жарнамасы болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетишип, азыркыга чейин унутулбаган классикалык чыгармага айланган. Бекмамбетовго бир гана россиялык эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги ишканалардан буюртмалар түшө баштайт. Режиссёрдун чыгармачылыгы кесиптештери тарабынан да татыктуу бааланып, Россиянын Жарнамачылар академиясына мүчөлүккө кабыл алынат. 

Белгилүү кино жана театр актеру, кыргыз эл артисти Чоро Думанаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты
Кирешелүү тасмалардын автору. Бекмамбетов биринчи узун метраждуу тасмасы "Пешавар вальсын" 1994-жылы тартат. Сценарийин жазып, өз чөнтөгүнөн каржылаган фильм чыныгы окуядан алынып, Афганистандагы согушту сүрөттөйт. Алгачкы эмгеги дароо эле ийгилик жаратып, АКШга чейин көрсөтүүгө чыгат. Ага кошумча Бекмамбетовго эл аралык белгилүүлүк алып келип, абройлуу делген Карловы Вары жана "Кинотавр" кинофестивалдарында "Мыкты режиссёр" наамына татыйт. Ошентсе да эң чоң ийгилик аны алдыда күтүп турган эле. Бекмамбетов 2004-жылы жазуучу Сергей Лукьяненконун фантастикалык чыгармасы "Түңкү күзөттү" экрандаштырат. Тасма болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратып, 33 миллион доллар киреше алып келет. Ошол эле учурда режиссёрдун атын дүйнөлүк аренага алып чыгат. Англиядагы белгилүү Empire журналы тарыхтагы эң мыкты 100 кинонун катарына кошот. Фильмдин ийгилигинин артынан дароо уландысы "Күндүзгү күзөт" тартылып, 44 миллион доллар пайда табат. Бул эки эмгегин белгилүү америкалык режиссёр Квентин Тарантино да жогору баалап, алардын фэнтези түрүндөгү шедеврлер экендигин айтып, Бекмамбетовду "чыныгы визионер" деп атайт. Андан соң тартылган легендарлуу советтик тасма "Тагдыр тамашасынын" уландысы сынчылардын купулуна толбосо да 50 миллиондон ашык каражат алып келет.

© AFP / Tommaso BoddiТимур Бекмамбетов Голливуд жылдыздары менен
Голливудду багындырган казак режиссёр. Тимур Бекмамбетов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Тимур Бекмамбетов Голливуд жылдыздары менен

Голливудду багындыруу. Бекмамбетовдун Россияда биринин артынан бири келген ийгиликтери Голливуддагы компаниялардын да көз жаздымында калбайт. Режиссёр 2005-жылы дүйнөдөгү эң ири кинокомпаниялардын бири "ХХ кылым Фокс" менен келишим түзөт. АКШдагы алгачкы тасмасы дүйнөлүк жылдыздарга толгон 2008-жылкы "Өтө коркунучтуу" болот. Анда Анжелина Жоли, Морган Фриман сыяктуу актёрлор роль алышат. 75 миллион долларга тартылган тасма 341 миллион киреше алып келет. Андан соң Американын тарыхын тамашалуу түрдө сүрөттөгөн "Авраам Линкольн: вампирлердин аңчысы" комедиясы жарыкка чыгат. Бирок Бекмамбетовдун Голливудда тартылган акыркы тасмасы "Бен-Гур" ийгиликке жетише албайт. 2016-жылы жарыкка чыккан тарыхый фильм көрүүчүлөрдүн да купулуна толбой, коротулган каражатты да кайтара албайт. Режиссёр Голливудда тартылган тасмалар Америкага таандык деп эсептебейт. Журналисттер менен болгон маектеринин биринде "Голливуд киносу — дүйнөнүн булуң-бурчунан келген инсандар биргелешип тарткан кино" деп айткан. 

Государственный и общественный деятель Кулуйпа Кондучалова - Sputnik Кыргызстан
Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты
Режиссёрлорду колдогон продюсер. Тимур Бекмамбетов режиссёрлук менен гана алектенбестен, өз ишин жакшы билген продюсер катары да мыкты эмгектерди жараткан. Ар дайым жаш авторлорду каржылык жактан колдоп келген Бекмамбетов "Тартуу учурунда колуман келсе режиссерлорго кеңешимди айтып турам. Бирок ар дайым акыркы чечимди өздөрү кабыл алышын каалайм" деп айткан жайы бар. Продюсер катары жалпысынан элүүгө жакын кинону жарыкка чыгарат. АКШда өзү тарткан тасмалардан сырткары "Апполон 18", "Фантом" жана "9" сыяктуу чыгармаларды каржылаган. Ал эми Россияда "Балатылар" жаңы жылдык киносериясына, "Кара чагылган", "Мырзалар, ийгилик!", "Муз ханышасы" жана башка фильмдердин жаралуусуна өбөлгө болгон. Режиссёрдун карьерасы боюнча өзү автордук жана продюсерлик кылган тасмалары жалпысынан жарым миллиард доллардан ашык пайда тапкан.

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБекмамбетов биринчи узун метраждуу тасмасы "Пешавар вальсын" 1994-жылы тартат. Сценарийин жазып, өз чөнтөгүнөн каржылаган фильм чыныгы окуядан алынып, Афганистандагы согушту сүрөттөйт. Алгачкы эмгеги дароо эле ийгилик жаратып, АКШга чейин көрсөтүүгө чыгат.
Голливудду багындырган казак режиссёр. Тимур Бекмамбетов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Бекмамбетов биринчи узун метраждуу тасмасы "Пешавар вальсын" 1994-жылы тартат. Сценарийин жазып, өз чөнтөгүнөн каржылаган фильм чыныгы окуядан алынып, Афганистандагы согушту сүрөттөйт. Алгачкы эмгеги дароо эле ийгилик жаратып, АКШга чейин көрсөтүүгө чыгат.

Киного жаңылык алып келген. Тимур Бекмамбетов дүйнөлүк кино тармагына жаңылык алып келген инсандардын бири. Ал алгачкылардан болуп кинодогу жаңы түр болгон screen-life (фильмдеги окуя баштан аяк компьютердин же акылдуу телефондун экранында өтөт — ред.) тасмаларды тарта баштаган. Бул тууралуу режиссер өзү да "Акыркы 15 жылда адамдардын бири-бири менен мамилеси санарип дүйнөгө көчтү. Жашообуздун баары компьютер же акылдуу телефондордо өтүп жатат. Эгерде тасмада чыныгы жашоону көрсөтөбүз десек, screen-life кинолор да тартылышы керек" деп айткан. Бул түрдөгү "Достордун катарынан өчүрүү" жана "Издөө" тасмалары көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жакшы киреше алып келген. Аз акчага тартылып, бирок көп пайда тапкан түргө ири компаниялардын да кызыгуусу көп. Үстүбүздөгү жылы Бекмамбетов Universal студиясы менен 5 screen-life кино тартуу боюнча келишимге кол койгон. Ошол эле учурда режиссёр "экрандагы кинону" чыныгы искусствого айлантуу үчүн да бар күчүн жумшоодо. Мунун алгачкы жыйынтыгы 2018-жылы тартылган "Профиль" тасмасы. Англиялык журналисттин компьютер башында террордук топторду изилдөөсүн көрсөткөн тасма бир нече фестивалдарда баш байге алган. Бекмамбетовдун киного киргизген жаңылыктары муну менен гана чектелип калбайт. Ал продюсерлигин аркалаган "Хардкор" тасмасында окуя баштан-аяк башкы каармандын көзү менен көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров - Sputnik Кыргызстан
Өмүрүн киного арнаган Геннадий Базаров 78 жашка толду. Сүрөттөгү ирмемдери
Үч үй-бүлө курган. Тимур Бекмамбетов үч жолу түтүн булаткан. Алгачкы жубайы тууралуу кеңири маалымат жок. Экинчи жолу кино тармагында эмгектенген Варвара Авдюшко менен 1999-жылы баш кошот. Тасмаларда сүрөтчүлүк кылган жары менен 20 жыл чогуу жашап, 2019-жылы эки ача жолго түшүшөт. Режиссёр ошол эле жылы үчүнчү жубайы Наталия Фишман менен баш кошот. 28 жаштагы Фишман азыркы учурда Татарстандын президентинин жардамчысы катары кызмат кылат. Бекмамбетовдун жалгыз кызы Жанна биринчи жубайынан. Ал да ата жолун жолдоп кино тартуу менен алектенет. Бекмамбетов АКШ жана Россияда жашайт. Режиссёрдун Лос-Анжелес шаарындагы үйү мурда Уолт Диснейге таандык болгон. Ал үйдү беш миллион долларга сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0