Москвага чогулган кыргыздын каймактары. Декададагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев, Кыргыз эл жазуучусу Аалы Токомбаев, 1938-жылдан 1945-жылга чейин Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы болгон Төрөбай Кулатов, СССРдин эл артисти, белгилүү актёр Муратбек Рыскулов, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалованын, экинчи катарда турган акындар Байдылда Сарногоев менен Акбар Токтакуновдун сүрөтү 1958-жылы Москва шаарында тартылган.

Ал жылы СССРдин борборунда Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасы болуп, ага бир топ маданият жана мамлекеттик кызматкерлер катышкан.

Маданият министрлигин 22 жыл бою башкарган Күлүйпа Кондучалова менен узак убакыт маектешип, легендарлуу министр жөнүндө китеп чыгарган КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Мундузбек Тентимишев мындайча эскерет.

"Сүрөт 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасында тартылган. Ага чейин Күлүйпа Кондучалова өкмөттүн башчысы Абды Сүйөркуловдун орун басары болуп 5 жыл эмгектенген. Азыр көпчүлүк ал кишинин министрлик кызматты аркалаган мезгилин айтып келишет, бирок ага чейинки 25 жылдык эмгек жолунда да көп жумушту аткарды. Ал киши аялдардан биринчи болуп өкмөт башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Артисттерден кыздарга да өзгөчө мамиле жасачу, алардын кийимине чейин алып берип декадага алып барган, кыздардын билим алуусуна да аябай көңүл бурчу. Ал киши ошол убактагы акын-жазуучулардын башын бириктирип көптөгөн китептердин чыгышына түрткү болгон. Москва менен түз байланышып, алысты көрө билген адам эле. Министр болуп турганда Өзгөн, Бурана мунараларын, Таш-Рабат тарыхый эстелигин сактап калган", — деди Тентимишев.

Москвадагы ал декадага 1100дөй кыргызстандык катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөн. Соңунда айрым маданият кызматкерлери жогорку сыйлыктарга татып, айрымдары СССРдин эл артисти болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0