Кыргызстанда театрлардын телефестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанский театральный фестиваль среди школьников
Республиканский театральный фестиваль среди школьников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телефестивалга өлкөдөгү бардык театрлар катышып, алар Улуу Ата Мекендик согуш темасын эске салган спектаклдерди тартуулашат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргызстанда театрлардын телефестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, телефестивалга өлкөдөгү бардык театрлар катышып, алар Улуу Ата Мекендик согуш темасын эске салган спектаклдерди тартуулашат.

"Телефестиваль онлайн форматында болот. Алар 22-июндан 28-июнга чейин күн сайын 12:00дө жана 19:00дө КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил", ЭлТРдин "Илим жана билим" каналдарынан жана министрликтин Facebook баракчасынан көрсөтүлүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0