Айтматов ааламы... Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме-уюмдардын тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү
Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун каза болгонуна быйыл 12 жылдын жүзү болду.

Республиканын аймагында жазуучунун ысымын алган мектептер, китепканалар, маданий жайлар жана көчөлөр бар. Дүйнөнүн ар кыл мамлекетинде сейил бактарга, көчөлөргө жазуучунун ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган. Ошондой эле Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий, адабий, маданий багыттагы иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Чыңгыз Айтматовдун аты берилген уюмдардын тизмесин тактап көрдү.

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
Айтматов ааламы... Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме-уюмдардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

Окуу жана илимий жайлары

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 1928-жылы негизделген. Ал эми улуу жазуучунун ысымы институтка 2008-жылы берилген. Учурда анда 70ке жакын илимий кызматкер эмгектенип, алардын ичинен 17си илимдин кандидаты, алтоо илимдин доктору. Бул жерде жалаң эле Айтматовдун чыгармачылыгы гана эмес, кыргыз тили жана адабияты жаатында жалпы иш жүрөт.

Съемки фильма Белый пароход в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Арыз-муңузбузду Айтматовго айтчубуз. "Ак кемедеги" залкарлардын таберик сүрөтү
Кыргызстанда 2019-жылдын 31-январында президенттин Жарлыгы менен "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" деп аталган мамлекеттик мекеме түзүлгөн. Бул мекеменин президенти болуп Топчубек Тургуналиев, вице-президенти маркум Чыңгыз Айтматовдун кенже уулу Эльдар Айтматов дайындалган.

Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүн жүргүзүп, "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган руханий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу, илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу өңдүү иштер камтылган.

© Фото / Михаил ДудинЖал-23 кичи районундагы үйдүн дубалында Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү менен граффити
Айтматов ааламы... Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме-уюмдардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Жал-23 кичи районундагы үйдүн дубалында Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү менен граффити

Айтматовдун эл аралык клубу

"Айтматовдун эл аралык клубу" ассоциациясын 1989-жылы улуу жазуучунун демилгеси менен илимпоз Абдылдажан Акматалиев түптөгөн. Клуб адабий-маданий багытта иш алып барып, "Айтматов жана дүйнөлүк адабият", "Айтматов жана кино", "Айтматов жана музыка" өңдүү ондон ашык секция иштейт. Клубдун ар кыл мамлекеттерде миңге жакын мүчөсү бар. Түркияда, Казакстанда жана Өзбекстанда филиалдары ачылган. Жыл сайын Айтматов сыйлыгынын лауреаттарын аныктап келе жатат.

Жазуучунун кино үйү

Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүнүн имараты 1957-жылы курулуп, анда алгач радио жайгашкан. 1960-жылдары гана Кыргыз кинематографисттер союзуна берилип, ал иштей баштаган. Ошол кезде Чыңгыз Айтматов өзү төрагалык кылып, киного байланышкан бир катар жыйындар, талкуулар, ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турган. Кино үйүнө 2004-жылы улуу жазуучунун ысымы ыйгарылган.

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи

Жазуучунун азыркы Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан өз үйүн уулу Эльдар Айтматов 2014-жылдын 7-апрелинде үй-музей катары ачкан. Бул тамда улуу жазуучу 1986-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Музейде Айтматовдун кол жазмалары, жазган кол машинкасы, жеке буюмдары, сүрөттөрү, сыйлыктары сакталган. Музей жеке менчик болуп эсептелинип, мамлекетке карабайт.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНью-Йорктогу БУУнун китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү
Айтматов ааламы... Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме-уюмдардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Нью-Йорктогу БУУнун китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү

Айтматовдун Эл аралык фонду

Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонд жаштарды ар кыл багытта колдоп, заман талабына жараша багыт берген бир катар иштерди аткарып келет.

Китепканалар…

Президент Сооронбай Жээнбеков навестил семью писателя Чынгыза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үйүнө барып, жубайын куттуктады
Бишкектеги Айтматов атындагы №1 китепкана 1946-жылы Фрунзе шаардык №1 китепканасы деген ат менен негизделген. Ага 1960-жылы орус жазуучусу Лев Толстойдун ысымы ыйгарылганы менен 1993-жылы Бишкек шаардык Маданият башкармалыгынын жана Айтматовдун эл аралык клубунун демилгесинин негизинде китепкана "Айтматовдун китепканасы" деп аталып калган.

Ошондой эле Чүйдүн Москва районундагы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы, Нарын облусунун Нарын районундагы, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Тогуз-Торо, Токтогул райондорундагы борбордук китепканалар Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүрөт.

© пресс-служба мэрии города БишкекЧыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры
Айтматов ааламы... Жазуучунун атын алып жүргөн мекеме-уюмдардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры

Маданий жайлар…

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры 1935-жылы Фрунзе шаарында ачылган. Труппанын негизин Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтунун бүтүрүүчүлөрү түзгөн. 1939-жылдан 2008-жылга чейин Надежда Крупскаянын атында болуп, 2008-жылы белгилүү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0