11:33 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
156 0 0

Чыгармалар ушул жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынып, жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылат. Жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар каралган.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ички иштер министрлиги Жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын эмгегин, түйшүгүн жана коомдогу ордун чагылдырган чыгармаларга "Бир ырдын сынагы" аттуу конкурс жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, чыгармалар ушул жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынып, жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылат. Жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылмакчы.

"Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын арттырып, коомчулук менен чогуу иш алып барууну көздөп, болгон аракетин жумшап жатат. Эл да муну түшүнүп, жапа тырмак колдоп, жардамын аябай берип келет. Мына ушул байланышты мындан ары да кеңейтүү, өркүндөтүү максатында сынак жарыяладык. Ага катышам дегендер милициянын жагымдуу образын ачып, анын түйшүгүн, эмгегин жана коомдогу ордун көркөм чагылдырышы керек", — деп айтылат маалыматта.

Сынакка жиберилген ыр мурда эч жерде жарыяланбаган, конкурска гана арналып жазылган чыгарма болушу шарт. Ошондой эле катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөөлөр жок экендиги эскертилди.

Конкурска катышуунун жол-жобосу тууралуу ИИМдин сайтынан таанышууга болот.

Тема боюнча

Облус борборлорунда Милициянын кайгуул-күзөт кызматы иштей баштайт
Аралык сакталсын! Милиция коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту
Белгилер:
чыгарма, сынак, эмгек, милиция, ИИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ