20:40 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Маданият

"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар эс алууда. Таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
202 0 0
Драматург Мар Байжиев, Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиев, режиссер Төлөмүш Океев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун сүрөтү 1983-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Мураке айылында тартылган.
© Sputnik / Александр Федоров.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Драматург Мар Байжиев, Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиев, режиссер Төлөмүш Океев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун сүрөтү 1983-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Мураке айылында тартылган.

Ал күнү кыргыз кинематографиясына эмгеги сиңген Шаршен Усубалиевдин 60 жашы белгиленип, бир топ интеллигенция өкүлдөрү чогулган.

Ошол учурду Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев мындайча эскерет:

"Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова 1950-жылдардын аягында жаңы ачылган "Кыргызфильм" киностудиясына Шаршен Усубалиевди директор кылып дайындаган. Мен жаңы эле жогорку окуу жайды бүтүп, аймакта мектептин директорунун орун басары болуп иштеп баштагам. Мени кайра Фрунзеге чакыртып, киностудияда редактор болуп иштеп калдым. Ал жылдары Төлөмүш Океев дагы жаңы эле үн режиссерлукту аяктап, Кадыржан Кыдыралиевдин курагындагылар студент болчу. Шаршен Усубалиев ошолордун баарын чогултуп, жумушка орноштуруп, киночулардын демилгелерин колдоп, бир топ жакшы иштерди жасады. Кичи пейил, патриот инсан болчу. Ал атамекендик кинематография тармагынын өнүгүүсүнө биринчилерден болуп кадам таштаган. Мындан сырткары, ал Улуу Ата Мекендик согушка Панфилов дивизиясынын курамында катышкан. Ал эми сүрөттөгү киночулардын арасындагы Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалыбыз эле. Жазуучуга дайыма сценарийди көргөзүп акыл-насаатын, сын-пикирин угуп иштечүбүз. Ошонун аркасында "кыргыз керемети" жаралып, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева өңдүү улут жүздөрү жаралган", — деди драматург.

Ал жылы Мар Байжиев 48, Шаршен Усубалиев 60, Төлөмүш Океев 47, Түгөлбай Сыдыкбеков 71 жашта болгон.

Тема боюнча

Арыз-муңузбузду Айтматовго айтчубуз. "Ак кемедеги" залкарлардын таберик сүрөтү
Чолпон жылдыздар Дооронбек Садырбаев менен Айсулуу Токомбаева. Таберик сүрөт
Ат минген Ажыбекова, Бейшеналиев, Кутманалиев. Залкарлардын таберик сүрөтү
Белгилер:
таберик сүрөт, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ