Согуш ырларын жаңырткан чет элдиктер. "Ялтага карай жол" фестивалынын башаты

© Фото / фонд «Гуманитарный мир»Конкурс " Дорога на Ялту"
Конкурс  Дорога на Ялту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясына карабастан Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык "Ялтага карай жол" музыкалык фестивалы өтөт. Болгону онлайн-режим жана жандуу аткаруу болуп эки этапта ишке ашмакчы.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ак кайсы мамлекеттин артисттери өз тилинде фронт ырларын аткарып катыша турган "Ялтага карай жол" фестивалы апрелдин соңунда башталмак, бирок коронавирус пандемиясы, чек аранын жабылышы жана карантин бул пландын баарын бузган. Бирок уюштуруучулар мунун да жолун табышты. 

Фестивалдын көркөм жетекчиси жана алып баруучусу, белгилүү россиялык журналист Эрнест Мацкявичюс биринчи этап дистанттык түрдө өтөрүн айтты. Тандоо турунан өткөн конкурсанттар үйдөн ырдайт, ал эми эфир 8-май күнү саат 20.00дө "Культура" каналынан көрсөтүлүп, Sputnik агенттигинин ресурсу жана YouTube каналынан трансляцияланат. Экинчи этап Ялтада бардык катышуучулар, калыстар тобу жана меймандардын катышуусу менен сентябрда өтөрү пландалып жатат.

"Чет элдиктер Россияга келип, бизге кымбат болгон ырларды өз тилинде жаңыртса деген идея көп жыл мурун жаралган. Советтик жана россиялык ырлардын басымдуу бөлүгү чет тилге которулганын билчүмүн. Демилге келечектүүдөй көрүндү", — дейт Эрнест Мацкявичюс.

Маек менен толук таанышуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0