20:01 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (353)
116910

Sputnik Кыргызстан агенттиги акын Тенти Адышева тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду. 24 жашында үч бала менен жесир калган акын жеке турмушундагы кайгылуу окуядан кийин он жыл бою турмуш курууга бел байлаган эмес.

Аялдардын ичинен биринчи болуп Кыргыз ССРинин эл акыны наамына татыган Тенти Адышева туура 100 жыл мурда жарык дүйнөгө келген. Ага бул наам берилип жатканда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов "Сиз татаал тагдырдын акынысыз" деп айткан эле. Чындыгында эле ХХ кылымдагы кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон акындын жашоосун ийгиликтер менен бирге оор учурлар да коштогон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу талант тууралуу кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Эркекче кийинген эрке кыз. Тенти Адышева (Жунушбай кызы) 1920-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Акын Үркүндөн улам чет жерге качып, кийин кайрадан өз өлкөсүнө кайтып келген Жунушбай менен Оңолдун көптөн күтүп көргөн жалгыз кызы эле. Бөбөккө алгач Сайракан деген ысым ыйгарылып, кийин гана Тентиге айланган. Жунушбай ата калк арасында чечен катары таанылып, уламыш, жомок жана эпосторду жатка билген. Ал эми белгилүү комузчу Бийгелдинин кызы болгон Оңол апа заманбап ой жүгүрткөн аял эле. Ал кызынын билим алып, эл-жер көрүүсүн каалап, жардамын аяган эмес. Уулу жок болгон Жунушбай ата кызын өзгөчө жакшы көрүп, эрке кылып чоңойткон. Тенти Адышева жаштайынан эркекче кийинип, балдар менен чүкө ойноп, ат минип өскөн. Андыктан айылдагы балдар бой жеткенге чейин аны "Тенти байке" деп аташчу.

Народный поэт республики Тенти Адышева в доме
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
Тенти Адышева (Жунушбай кызы) 1920-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Кесиби боюнча медик. Тенти Адышева айылдагы мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы, Фрунзедеги медициналык техникумдан атайын кызматкерлер келип, татыктуу окуучуларды тандай башташат. Билим алуу үчүн катуу аракет кылган жаш кыз тандоодон өткөн жаштардын катарында борбор шаарга аттанат. Айылдык кыз окуу жайда мыкты окуп, алдыңкы студенттердин бири болот. Медициналык техникумдун жүзү катары Бүткүл союздук комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага да барат.

Айымдардын алгачкысы. Тенти Адышева 1938-жылы техникумду бүткөндөн кийин Лениндик жаштар коммунисттик союзунун Борбордук Комитетинин (ЛКСМ БК) секретарлыгына дайындалат. Бир нече жыл өткөн соң Фрунзе шаардык Биринчи Май райондук Аткаруу комитетинин жетекчиси, "Кыргызстан аялдары" журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ушул эле жылдары билимин дагы да өркүндөтүү үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин тил, адабият факультетин сырттан окуп бүтүрөт. 1956-жылы автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл союздук агенттигинин кыргыз бөлүмүнө жетекчиликке дайындалат. Бул кызматта 23 жыл иштеп 1979-жылы ардактуу эс алууга чыгат. Акын жогорудагы бардык кызматтарды аркалаган алгачкы айым болгон.

Народный поэт республики Тенти Адышева в кругу друзей
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
Тенти Адышеванын калемине таандык "Кылы үзүлгөн комузум" кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын сап башында турат. Акын бул эмгегинде жеке өмүр жолун жазуу аркылуу ошол кездеги кыргыз адабияты менен искусствосун мыкты сүрөттөгөн.

Аял тагдырын ырга салган акын. Медициналык окуу жайды аяктаганына карабастан жүрөгү ыр деп соккон акындын чыгармачылыгы 1947-жылы башталат. Бул жылы анын алгачкы "Акын" деген ыры жарык көрөт. Ал эми биринчи ырлар жыйнагы болгон "Заманам" 1961-жылы чыгат. Тенти Адышеванын "Жарык дүйнө", "Ак пейил адамдар үчүн", "Ой толгоо", "Менин күнүм", "Тандалмалар" аттуу поэтикалык китептери, "Жаңылдын элеси", "Өмүр жолу", "Жүрөктөгү так" сыяктуу поэмалары жогорку баага татып, окурмандардын жүрөгүнөн орун тапкан. Акын чыгармаларында Ата Мекен, мезгил жана жашоо сыяктуу темаларга кайрылып, аны менен бирге эле өз учурундагы коомдук-саясий окуяларга үн кошкондон да качкан эмес. Ошондой эле кыргыз коомунда эзилген турмуш өткөрүп келген кыргыз аялдарынын тагдырына да кайдыгер карабай, кыз-келиндердин эркиндикке жана тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бактыга ээ болушуна ырлары аркылуу салым кошкон.

Кылы үзүлгөн комуз. Тенти Адышеванын калемине таандык "Кылы үзүлгөн комузум" кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын сап башында турат. Акын бул эмгегинде жеке өмүр жолун жазуу аркылуу ошол кездеги кыргыз адабияты менен искусствосун мыкты сүрөттөгөн. Жыйынтыгында окурман улуттук адабияттын каймактары болгон Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев, Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Гапар Айтиевдин өз ара мамилелери, жай турмушу тууралуу маалымат ала алган. Ошол эле учурда китепте Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги оор кырдаал да камтылган. Тез арада окурман чөйрөсүнүн сүйүүсүнө татыган китепти эл талап окуп, чыгарма үч жолу басып чыгарылган.

Народный поэт республики Тенти Адышева с семьей
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
Тенти Адышева биринчи жолдошу Жоомарт Бөкөнбаевге 19 жашында турмушка чыгып, беш жылдан кийин үч баласы менен жесир калган. Бирок экөөнөн жаралган бадар кыргыз коомчулугундагы алдыңкы инсандарга айланышкан.

24 жашында үч бала менен жесир калган. Тенти Адышеванын жеке турмушун кайгылуу окуялар коштогон. Акын өз өмүрүн байлаган кыргыздын эки улуу инсанынан тең турмуш жолунда ажыраган. Алгачкы жолдошу Жоомарт Бөкөнбаевге 19 жашка чыкканда баш кошкон. Бирок экөөнүн түтүн булатканына беш жыл болгондон кийин Бөкөнбаев жол кырсыгынан каза болот. 24 жашында кичинекей үч баласы менен жесир калган акын үчүн бул жоготуу аябай оор болгон. Мындан улам он жыл бою коомчулуктун сын-пикирине карабай, кайгылуу ырларды жараткан. Улуу таланттардын балдары да кыргыз коомчулугундагы алдыңкы инсандарга айланышкан. Тун уулу Кулубек Бөкөнбаев Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор болсо, кызы Сырга Бөкөнбаева да профессор, медицина илимдеринин доктору. Ал эми бир туугандардын кичүүсү Зайнидин Бөкөнбаев 2002-жылы жол кырсыгынан каза болгон.

Экинчи турмушу. Тенти Адышева жеке турмушундагы кайгылуу окуядан кийин он жыл бою турмуш курууга бел байлаган эмес. Бул убакта табиятынан ажарлуу келген акындын аркасынан ар кандай сөздөр ээрчийт. Уулу Кулубек Бөкөнбаевдин айтымында, кайраттуу, курч сапатын эч качан жоготпогон акын ушактарга көп көңүл бурбай, эч кимге таарынып же арызданбай, ар дайым башын өйдө көтөрүп жүрчү. Тенти Адышева 34 жашында экинчи жолу үй-бүлө куруп, белгилүү илимпоз, академик Муса Адышевге турмушка чыккан. Жетим балдар үйүндө чоңойгон Муса Адышев табиятынан кең пейил, айкөл инсан эле. Үч балага өз атасындай мамиле кылып, татыктуу тарбия берген. Ал Тенти Адышева менен бирге Жоомарт Бөкөнбаевдин ар бир беш жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүп, балдардын өз атасын унутпоосуна да чоң салым кошкон. Улуу инсандар бир балалуу болушкан. Муса Адышев 1979-жылы инфаркттан улам каза болгон. Тенти Адышева эки жолдошу менен болгон жашоосун "Кылы үзүлгөн комузум" чыгармасында кеңири сүрөттөгөн.

Народный поэт республики Тенти Адышева
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
Тенти Адышева 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, Жоомарт Бөкөнбаевдин мүрзөсүнүн жанына коюлган.

Кош мүрзө. Тенти Адышева 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, Жоомарт Бөкөнбаевдин мүрзөсүнүн жанына коюлган. Кулубек Бөкөнбаевдин айтымында, бул окуянын да өзгөчө тарых-таржымалы бар. "Жоомарт атамдын сөөгү алгач согуш маалында каза тапкан баатырлар жаткан башка мүрзөгө коюлган эле. Анан атамдын жайын издегендерге белгилүү болсун деп аны "Ала-Арча" көрүстөнүнө которуу иштерин жүргүзө баштадык. Ал убакта апам каза болгонуна 9-10 жыл болуп калган. Бул маалда чындыгында "Ала-Арчада" бир топ орун ээленип калган эле. Анан байкасам, эмнегедир апамдын жанында 10 метрдей жер бош калыптыр. Кантип анча жерди бош калтырышкандары белгисиз. Ошону менен Жоомарт атам энемдин оң жагына коюлуп калды", — деп эскерет уулу.

Сыйлыктары. Тенти Адышева кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги каармандыгы үчүн", "Лениндин 100 жылдыгынын урматына" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамоталары менен сыйланган. Аны менен бирге эле "Кыргыз ССРинин эл акыны" деген ардактуу наам да ыйгарылган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (353)
Белгилер:
факты, турмуш, өмүр, Тенти Адышева

ЭҢ МААНИЛҮҮ