Арыз-муңузбузду Айтматовго айтчубуз. "Ак кемедеги" залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев башында турган "Ак кеме" тасмасын тарткан чыгармачыл топ жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен уулдарынын сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган.

Белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев, атактуу режиссёр, сценарист Геннадий Базаров менен Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисттеринин сүрөтү 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан
Азыр андай инсандар жок... Сахнадагы залкарлардын таберик сүрөтү
Ал жылы Айтматовдун сценарийинин негизинде "Ак кеме" көркөм тасмасын тартуу иштери жүрүп, фильмде Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Турсун Уралиев, Даркүл Күйүкова, Айтурган Темирова, Назира Мамбетова, Чоро Думанаев, Мукан Рыскулбеков жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиев роль жараткан.

Ошол кезеңди актер, "Ак кеме" тасмасында Кулубектин ролун аткарган КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:

"Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Кинематографисттер союзун жетектеп турган. Көпчүлүгүбүз ага барып арыз-муңубузду, көйгөйүбүздү айтчубуз. Кийин жазуучуларга, киночуларга үй салдырып берген. Чындыгында ал кишинин кадыр-баркы абдан жогору болчу, мамлекеттик кызматтагыларга да тили өтчү, ошону менен катар өтө жөнөкөй эле. "Ак кеме" Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган. Ошол жерге ал өзү киночулардын башчысы катары балдарын ээрчитип барып биздин акыбалыбызды сурап кеткен. Капчыгай тоонун башы болгонуна карабай өзүбүздүн ашканабыз да иштеп, киночуларга жакшы эле шарт түзүлгөн. Кой сойдуруп чыгармачыл инсандар шерине ойночубуз. Мен жашмын, ары-бери сызып, дүкүлдөп турган кез. Бир тасмага тартыла коюп, экинчисине жөнөчүмүн. Эң өкүнүчтүүсү, ошол тасмага катышкан залкарлардын 90 пайызы өтүп кетти", — деди Думанаев.

"Ак кеме" фильми Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болгон. Андан соң башка союздук республикаларга чыгып, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0