КРдеги телеканалдар каникулга карап эфир торчосун өзгөртүүдө. Тизме

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКиши пульт кармап турат. Архив
Киши пульт кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын мектеп, ЖОЖдору кезексиз каникулга өлкөдө коронавирус аныкталганга чейин эле тараган. Бийлик ата-энелерди балдарды эл көп чогулган жайларга чыгарбоого чакырып, компьютердик клуб, кинотеатрлардын баарын жапты.

Эми бала бакчалар да убактылуу иштебей турган болду. Үч аптага созулган эс алууда балдарды эмне менен алаксытса болот? Кырдаалга байланыштуу өлкөдөгү негизги делген телеканалдар көрсөтүүлөрүн, программаларын өзгөрттүбү? Sputnik Кыргызстан агенттиги телеканал жетекчилери менен байланышып көрдү.

Жайнак Үсөн уулу, КТРКнын башкы директору:

-Мамлекеттик телеканал болгондуктан, эфир торчобузга бир топ эле өзгөртүүлөр киргизилди. Азыркы тапта басымды коронавирусту алдын алуу, андан сактанууга коюп жатабыз. Балдардын кезексиз эс алууга чыккандыгына байланыштуу да атайын долбоор, кошумча таанып-билүү роликтерин тартып, көрсөтүүдөбүз. Мындай берүүлөрдүн басымдуу бөлүгү "Баластан" телеканалынан сунушталат. Кырдаалга байланыштуу КТРКнын алдындагы алты канал, андан сырткары, радиолорубуз да коронавирусту алдын алуу, илдеттен сактануу үчүн түз эфир, көрсөтүүлөрдү тынбай берип жатабыз.

Кундуз Аманова, "Баластан" телеканалынын жетекчиси:

Университеттеги студенттер окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар менен студенттер окуусун жайында улантабы? Министрликтин жообу
-Азыркы кырдаалга байланыштуу "Баластан" телеканалы 16-марттан баштап эле торчону өзгөрткөнбүз. Мурда мультфильмдерди кайталап берсек, азыр кайталабай ар кандай таанып-билүүгө басым жасаган мультфильмдер, тасмалар көрсөтүлүп жатат. Эфирдик торчонун басымдуу бөлүгүн таанып-билүү программаларына арнадык. Коронавируска байланышкан роликтер жарым саат сайын кетип турат. Мындан сырткары, биздин каналдын балдары катышкан атайын роликтер тартылып бүттү. "Бош убакытта эмне менен алектенсе болот?", "Вирустан кантип сактаныш керек?" деген темалар камтылган видеороликтер балдарга кечээтен тарта көрсөтүлө баштады.

Керимбек Калыкулов, ЭлТР мамлекеттик телеканалынын жетекчиси:

-Биздин Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешкен "Билим илим" деген телеканалыбыз бар. Ал жакта бүгүндөн тарта балдарга атайын видеосабактар коюла баштады. Анда ар кайсы класстарга ылайыкталып 4-чейректин окуу материалдарына басым жасалган. Бул видеосабактарды балдар күн сайын "Билим илим" каналынан эртең мененки саат 9:00дөн 13:00гө чейин көрө алышат. Мындан сырткары, ЭлТР телеканалы дагы өспүрүмдөргө ылайыктуу, тарбиялык мааниси бар көрсөтүү, берүүлөрдү даярдоодо. Телеканалыбыздын эфирдик торчосу өзгөрдү, басымдуу бөлүгү коронавирустан сактанууга багытталган.

Миржан Балыбаев, НТС телеканалынын башкы директору:

Эс алуу борборундагы сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мончо, сауна, бассейндер жабылат. Тизме уланууда
-Кыргызстанда балдарга арналган бир эле мамлекеттик телеканал бар. Калган каналдардын форматы ар кандай. Көп жылдардан бери калыптанып калган телеформатты дароо өзгөртө салуу өтө кыйын, опурталдуу. Бардык каналдардын өзүнүн түзүлүп калган форматына ылайык "эфир торчосу" деген тартиби дагы бекип калган. Ага ылайык, реклама берүүчүлөр менен келишимдер түзүлгөн. Ошентсе дагы соңку кырдаалды эске алуу менен көрүүчүлөрдүн суроо талабына жараша телеберүүлөрдү көрсөткөнгө аракет калабыз.

Эрнис Кыязов, 5-канал телеканалынын башкы директору:

-Негизи көрсөтүүлөр торчосу телевидениеде бир жума мурда түзүлөт. Ага карабай, кырдаалга байланыштуу кескин өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Балдар көрө турган тасмаларды, жаратылышты баяндаган таанып билүү фильмдерин, балдарга ылайык көркөм тасмаларды, мультфильмдерди коюп жатабыз. Мурдагы эфир сеткасын бузууга туура келди. Өлкөдө коронавирус аныкталгандан кийин телекөрсөтүүлөргө да өзгөртүүлөр кирди. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган түз эфирлер, дарыгерлердин кеңештери боюнча атайын программалар тартууланууда.

Калыбек Асылбашев, "Пирамида" медиа холдингинин жетекчиси:

-Кырдаалга байланыштуу эфир торчосун өзгөрттүк. Шаршемби, бейшемби Жогорку Кеңешти түз алып көрсөтөбүз. Мындан башка күндөрү түшкү саат 12:00дөн баштап балдарга, өспүрүмдөргө арналган таанып-билүү программаларын коюп жатабыз. Мисалы, "Эс алуу учурунда эмне менен алектенсе болот?", "Кандай китептерди окуса болот?" деген таризде роликтер даярдалууда. Мындан сырткары, балдар психологдорунун кеңештери камтылган программалар да чыкты. Балдардын кезексиз каникулуна арнап атайын үч жумага эфирдик торчону ылайыкташтырдык.

Жаңылыктар түрмөгү
0