Мугалим менен окуучулар базарга качканда... "Чалкандын" карикатуралары

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналында чыгарылган карикатура. Архив
Чалкан коомдук-саясий сатиралык журналында чыгарылган карикатура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз учурунда "Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы эл өкүлдөрүн, аткаминерлерди катуу сындап, көйгөйлөрдү көзгө сайып көргөзүп карапайым элге жакын болгон. Басылма окурмандарга курч макала, шакаба иретиндеги фельетондорду сунуштап, аларды карикатура менен шөкөттөгөн.

Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн кылымдын 90-жылдарындагы өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалды, базар экономикасына кадам таштаган элдин маанайын сүрөттөгөн "Чалкандын" карикатураларын сунуштайт.

Союз тарап, өлкө өз алдынча болгондон кийин кыбыр эткендин баары эле менчиктештириле баштаган. Бийлик мындай кадамга кыргызстандыктар өз арабасын өзү тартып, ири карызы бар ишканалар киреше таап кетет деген ойдо барган. Ал жылдары короодогу чычкак улактан баштап ири ишкана, жүздөгөн техника, кокту-колоттогу мал сарайлар жеке тараптарга өтүп, кезинде дүркүрөп иштеген өндүрүш кан буугандай токтогон.

"Чалканчылар" ошол кездеги менчиктештирүүгө калк жапа тырмак катышып, бирок бала бакча, дүкөн, мейманкана, кирешелүү чарбалар кызматта отурган бир ууч аткаминерлерге тийип, дыйкандар менен малчылар бодо мал, кой-эчкиге гана ээ болгонун жазган.

Ошентип ондогон жылда курулуп жолго салынган завод-фабрикалар талкаланып, бир кой бир бөтөлкө аракка бааланып калганын кыргызстандыктардын көбү унута элек.

Социализмде жашаган советтик жарандар базар экономикасына өткөндө бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгү көбүнүн эсинде. Жаңы кабыл алынган улуттук валютанын аркасы менен рубль пайдасы жок кагазга айланып, тышкы жана ички миграция, жумушсуздук күч алган. Эл капиталист, социалист, жаңычыл, эскичил болуп бөлүнүп, эгемен Кыргызстанда митинг, пикеттер байма-бай болуп турган. Ал эми шайлоо учурунда элеттиктер тууган-туушкан, айыл-кыштак болуп мушташканга жеткен. Андан сырткары, өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы, сырттан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө алешемдиктер болгон.

Анысы аз келгенсип, социалдык мекемелер каралбай, маданият, билим берүү, медицина тармактары илең-салаң болуп, мугалимдер жумушун таштап уул-кыздарын багуу үчүн соодагер болуп кеткендигин "Чалкандын" кабарчылары жазып, директорлор мектептеги окуучуларга акыл-наасат айтуу үчүн молдолорду ээрчитип келип калганын сүрөттөгөн. Ал билим берүүнүн сапаты начарлап, дене тарбия сабагынан берген мугалим математика, геометрия, кээде физика, химиядан үй тапшырма берип калган. Ал учур ошол кездеги окуучулардын эсинде. Так ошол көйгөйлөрдү карикатуристтер болушунча сүрөттөгөн.

Тарыхтан сабак алалы...

Жаңылыктар түрмөгү
0