Элчи Удовиченко: россиялык таланттардын кыргызча ырдаганы абдан жакты

© Фото / предоставлено Россотрудничеством в КРТоктогул Сатылгановдын атындагы улуттук филармонияда Кыргызстандагы Россиянын элчиси Николай Удовиченко эл-аралык конкурста. Архив
Токтогул Сатылгановдын атындагы улуттук филармонияда Кыргызстандагы Россиянын элчиси Николай Удовиченко эл-аралык конкурста. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи россиялык актриса Анна Большова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндүнү жүрөккө жеткире окуганын белгилеп кетти.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына карата өткөн гала-концерт боюнча пикирин айтты.

Элчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынга катышты. Анын айтымында, иш-чара эң жогорку деңгээлде өттү.

"Сиздер билгендей, Кремлде эки өлкөнүн Маданият министрликтери даярдаган эң сонун концерт болуп өттү. Көрүүчүлөр ар бир номерди жылуу кабыл алып жатышты. Мага айрыкча биргеликте аткарылган номерлер абдан жакты. Мисалы, россиялык таланттар кыргызча ырдашты", — деди элчи.

Ал ошондой эле россиялык актриса Анна Большова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндүнү жүрөккө жеткире окуганын белгилеп кетти.

"Кремлдеги гала-концерт акыркы мезгилдеги эң кызыктуу иш-чаралардын бири болуп калды. Шоу максатына жетти. Чоң залга эл толуп, таасирленип кетишти. Мен Instagram баракчама дагы "Эки өлкөнүн Маданият министрликтерине "респект" деп жаздым". Алар мыкты даярданышыптыр", — деди Удовиченко.

Церемония открытия перекрестного года Кыргызстана и России в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россия: эриш-аркак жылды эмнеден баштаганы турабыз?
Дипломат өткөн жылдын март айында Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде эриш-аркак жылын өткөрүү сүйлөшүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле бул жыл түрдүү иш-чараларга бай экенин кошумчалады.

Эске салсак, 27-февраль күнү Москвада Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Тарыхый окуя масштабдуу гала-концерт менен башталды.

Баса, Кремлде жылдызы жанган беш өнөрпоздун баянын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден таанышыңыз.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0