Кыргызстандык режиссердун "Жөө күлүк" тасмасы "Ника" сыйлыгы үчүн ат салышат

© Фото / Болот ИсабековКыргызстандык режиссердун "Жөө күлүк" тасмасы "Ника" сыйлыгы үчүн ат салышат
Кыргызстандык режиссердун Жөө күлүк тасмасы Ника сыйлыгы үчүн ат салышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык режиссер "Жөө күлүк" кино картинасында үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" көркөм тасмасы "Ника" кино сыйлыгы үчүн ат салышат. Бул тууралуу фильмдин продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, кино сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземи 29-мартта Москва шаарында өтөт.

"Москва шаарында 2-март күнү "Ника" кино сыйлыгынын 2019-жылкы номинанттары аталды. "КМШ жана Балтика боюндагы өлкөлөрдүн мыкты тасмасы" номинациясына Кыргызстандын атынан режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы көрсөтүлдү", — деди Койчуманова.

Кыргызстандык режиссер "Жөө күлүк" кино картинасында үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

Аталган фильмге Польшадагы эл аралык кинофестивалдын жабылыш салтанатында үч сыйлык тапшырылып, Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаарында өткөн эл аралык кинофестивалга катышкан.

"Ника" кино сыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү – Юлий Гусман. Кино сыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0