Толук метраждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине сынак жарыяланды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мыкты сценарий" сынагына КР жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, кино ишмерлер, жазуучулар, журналисттер катыша алышат.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Толук метраждуу көркөм фильм тартууга мыкты сценарий жазгандарга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 20-март.

"Көркөм фильмге ылайык жазылган сценарий мекенчилдик жана мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк салттарды сактоо, келечек муунду тарбиялоо, балдарды колдоо, айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо, туулган жерге аяр мамиле кылуу темаларына байланыштуу болушу керек", — деп жазылат маалыматта.

Катышуу тартиби:

— "Мыкты сценарий" сынагына КР жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, кино ишмерлер, жазуучулар, журналисттер катыша алышат;

— катышуучу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын Көркөм кеңешинин кароосуна сунушун кат менен конвертке чапталган түрдө берет. Конверттин бетинде катышуучунун аты-жөнү, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почтасы, телефону жана "Сынакка" деп жазылыш керек.

Талаптары:

— беш нускадан турган киносценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;

— сценарий мамлекеттик жана расмий тилде болушу шарт;

— сценарийдин көлөмү 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);

— шрифти — 12 Times New Roman.

Катышуучулар сценарийди Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясына жиберишет. Киностудиянын дареги — Бишкек шаары, Дайыр Асанов көчөсү, 1. Байланыш телефондору: 344-569, 344-626.

Жаңылыктар түрмөгү
0