Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги

Жазылуу
Сахнада жүрөктөн чыккан, энелик жана аялдык сезимге толгон ырлардын аткаруучусу Гүлнара Кахарова кандай кыйын жагдай болбосун адам жаркылдап жүрүү керек деп эсептейт.

Кыргыз коомунда айымдардын түйшүгү артканына түйшөлгөндүгүн билдирген Гүлнара Кахарованын "Балдарым менин бакытым", "Айтпаса экен" аттуу ырларын сүйүп укпаган кыргызстандык аз.

Кыргыз коомундагы аялдардын арбыган түйшүгүнө түйшөлгөн Гүлнара Кахарова Sputnik Кыргызстан агенттигине келип, чыгармачылык, жашоо, балдар туурасында кызыктуу маек куруп кетти.

— Учурда эмне менен алек болуп жатасыз? Кандай жаңылыгыңыз бар?

— Чыгармачылыгым өз нугунда келе жатат. Меники ат чапкандай зымылдап эле кетпейт го деген ойдомун. Себеби бала-чакалуу адаммын. Убактым балдарымдан, үй-бүлөмдөн ашса, чыгармачылыкка сүңгүп кирип кетип жатам. Төрөп жаткан күндөрүмдү дагы эсепке алганда, былтыр менин чыгармачылыгыма 30 жыл болгон. Башка түшкөндү көтөрөт экенбиз. Былтыр башыман жоготуу өтүп, ошондон улам чыгармачылыгымдын 30 жылдыгын өткөрө албай калдым. Учурда кичинеден болсо да жаңы ырларды аткаруу үчүн акындар, обончулар менен иштешип, чыгармачылыктын ичинде сүңгүп жүргөн кезим деп айтсам болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековКахарова: Убактым балдарымдан, үй-бүлөмдөн ашса, чыгармачылыкка сүңгүп кирип кетип жатам
Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кахарова: Убактым балдарымдан, үй-бүлөмдөн ашса, чыгармачылыкка сүңгүп кирип кетип жатам

— Негизи эле жаркылдап жүрөсүз. Кайгы-капа болгондо абалдан кантип чыгасыз?

— Бирөөнүн үй-бүлөсү бирөөгө чытырман токой деп айтылат. Негизи эле адам өзү чытырман токойдой сырдуу деп ойлойм. Адам ичиндеги кайгы, көйгөйүн бирөөлөргө билдирбөө керек. Чыдап, баарын жутуу зарыл деп эсептей берем. Жакшы нерсеге эле даяр боло бербей, кээде жаман, көңүлдү чөгөргөн нерселерди да көтөрө билиш керек. Ошого да адам даяр жүрүп, каршы тура билиши зарыл. Чын эле өзүм, бир нерсеге капа болсом, ал абалдан тез чыгып кеткенге аракет кылам. "Депрессиядамын" деп жатып албайм. Анан башкаларга да ушундай кеңеш берем. "Капа болуп, депрессия болуп атам" дегендерге "антпе, шартылдап жүр, ордуңан шак тур да, өзүңдү алаксытып кет" деп көп айтам. Ордуңду алмаштырса да адамдын маанайы көтөрүлөт, жашоо өзгөрүлөт. Чөгүп кетпөөгө өзүм да аракет кылам, башкаларды да үндөп турам.

— Айрым кыз-келиндер маанайы жок кезде зергер буюм же үй оокат алып өзүн алаксыткан учурлар кездешет эмеспи. Сизчи?

— Жашыраак кезде мен да ошондой элем. "Дүнүйөкор болбо" деген сөз бар. Жалпак тил менен айтканда андайларды "дүнүйөкор" деп коёт. Материалдык нерсе үчүн сүйүнүп, аны өзүңдөн жогору койбоо керек. Мен баарына шүгүр кылып жашайм. Ал эми башкалар менден ашып, бардык жагынан шумдук болуп жаткандарга "азаматсыңар" деп ичимден кубанганды үйрөндүм. Ошондой адам эч качан чөкпөйт. Буюм сатып алып кубанган курактан өтүп кеттимби же табиятыман андай эмесминби, айтор, оокатка көп сүйүнө бербейм.

© Sputnik / Табылды КадырбековКахарова: "Капа болуп, депрессия болуп атам" дегендерге "антпе, шартылдап жүр, ордуңан шак тур да, өзүңдү алаксытып кет" деп көп айтам
Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кахарова: "Капа болуп, депрессия болуп атам" дегендерге "антпе, шартылдап жүр, ордуңан шак тур да, өзүңдү алаксытып кет" деп көп айтам

— Ырларды тандаганда тексттен эмнени издейсиз?

— Ыр тандап жатканда тексттен өзүмдү издейм. Ички дүйнөмдүн айтайын деген нерсесин издейм. Эгер бир чоң ырдын ичинен жок дегенде кайырмасы жагып калган болсо, мен аны сөзсүз ырдайм. Жан дүйнөм ошол саптарга, абалга туура келип, аны эңсеп турган болсо анда тандап алам. Аткарып чыгам.

— Сөзү жагып обону көңүлгө толбой калган учурлар болот да. Анда кандай кыласыз?

Аккордеонист, певец, тамада Талант Карагулов - Sputnik Кыргызстан
"Сармердендин" эрке баласы Талант Карагулов: эрте үйлөнгөм, тун кызым 6-класста
— Сөзү жагып турса, "сөзүң жакшы экен, башка обон жазып бер", — дейм. Эгер андай болбосо, музыкасын тууралап бере албаса, ырдабайм. Андай ырлар көп калды. Ал эми тескерисинче обону жагып, сөзү жакпай калса анда иштешүү мүмкүн. Мага көп ырларды жөнөтүшөт. Азыр мен: "ырыңыз жакса, сизге байланышып жооп берем. Эгер жооп бербесем, анда башка аткаруучу издей бериңиз" деп ачык эле айтып калдым. Ыр дагы кийим кийгендей эле жарашыктуу болуп турушу керек. Ал да менин жашыма, басып өткөн жолума төп келип турса, мен анда элге алып чыгууга макулмун. Көп обончулар менен сүйлөштүм, сөзү жакканы менен музыкасы мен ойлогондой болбой калып жатты. "Чымчык сойсо да, касапчы сойсун" дегендей, акындардын жан-дүйнөсүн түшүнөм. Алар назик. Учурда мааниси тири укмуш ырлар ырдалып жатат. Аны акындар кантип чыдап угуп жатат билбейм. Акыркы күндөрү мындайлардан улам радио да уга албай калдым. Жакшы, жеңил ырдалган чыгармалар бар. Бирок кээ бирлеринин уйкаштыгын айтпай эле кой, эки башка маанидеги, айкалышпагандары чыгууда. Негизи үч куплет болсо да адамдын табиятын бузуп коёт. Ошол ырды угуп чоңоюп жаткандар кантет? Биздин убакта бир аз болсо да китеп окуп, поэзияга жакын чоңойгонбуз. Азыркы жаштардын китеп окубаганын, өзүмдүн эле балдарыман билем. Балдарыма: "китеп окугула, китептин жыты башка болот" десем, телефондон эле окуп аларын айтышат. Азыркылар менен биздин муундун түшүнүгү бир аз эки башкараак болуп баратат. Айта кетпесем болбос, ошол эле убакта салмактуу ырлар да бар.

— Сиз өзүңүздүн купулуңузга толгон ырды аткардым деп ойлойсузбу?

— Ырда деле көп тармак бар. "Балдарым менин бакытым" деген ырымда эненин балага төгүлгөнү, эне үчүн баланын ыйыктыгы айтылып жатат. Жашоодо андан башка да темалар көп. Сүйүү, бир туугандар, ата мекен темасы. Жалпы алып караганда, мен купулума толгон чыгармамды ырдай элекмин. Жалган сүйүүнү, жасалмалуулукту алып чыгууну каалабайм. Ырларым аркылуу жашоо чындыгын түз эле айтып бергим келет. Аны таба элекмин.

© Sputnik / Табылды КадырбековКахарова: Материалдык нерсе үчүн сүйүнүп, аны өзүңдөн жогору койбоо керек
Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кахарова: Материалдык нерсе үчүн сүйүнүп, аны өзүңдөн жогору койбоо керек

— "Айтпаса экен" деген ырыңызды көптөр сүйүп угаарын билем. Аткарган кайсы чыгармада жашооңуздун бир үзүмү түз же кыйыр чагылдырылган?

— Кыйыр эмес түз эле камтылган (күлүп). Жогоруда айткандай, ар бир аткарган чыгармада менин жашоом бар. Мен ырларыма, ырларым мага окшош. Ошондой окшоштуктар бар үчүн, ыр экөөбүз бири-бирибизди түшүнгөн үчүн, балким, алар элге жакшы жетип жаткандыр.

— Күйөөнү сыйлап, ал 2+2=7 болот десе, эки жакты карап "ооба" деш керек деп айтканыңызды уккам. Эгер аялдын сыйын күйөө баалабай койсочу?

Народная артистка КР Гулшайыр Садыбакасова - Sputnik Кыргызстан
Эл ырчыларды көрө берип чарчады. Гүлшайыр Садыбакасова менен маек
— Аял-күйөө мамилеси өтө чоң тема. Ал маектин ушул жерин эле кыркып алышып, бири-бирине жөнөтүп, уккандар туура эмес маалымат алып калышыптыр. Ал маекти башынан аягына чейин бир саат уккан киши, менин сөзүмдү башкача түшүнөт. Анда эркектерге эмес, тескерисинче, аялзатына болгон сый-урматымды айткам. Турмушта бардык нерсе болот. Биздин апаларыбыз чыдамкайлуулугу менен үй-бүлөнү сактап келген. Көп нерсени жута билген. Керек болсо, образдуу айтканда ломду да "жутуп", түп-түз болуп туруп беришкен. Ушунун аркасынан балдар-кыздарынын урматын, жашоонун ыраатын көрүп келе жаткан апалар бар. Ушундай энелердин батасын алганга шашам. Бир тойго барсам, төрдө балпайып отурган ак жоолукчан 80 жаштагы апаны көрдүм. Тимеле нурданып отурду. Ал жаштыгында эмнени гана көргөн жок, туурабы? Ал эми балдарына, туугандарга, дос-таанышка даттана берген аял андай жерде отурбайт. Баарын ичине катып, жута билген темирдей гана аял ушундай сыйга татыктуу деп болжодум. "Кокуй, мен минтип калдым" деп жар сала берген болбойт. Элдин баары бактылуу көрүнөт. Мен да азыр укмуш бактылуу болуп көрүнүп жатамбы, ээ? Силер да бактылуу болуп көрүнгүлө. Мисалга, сиздин бактысыздыгыңыздын мага кереги жок. Менин бактысыздыгымдын сизге кереги жок. Ошондуктан бири-бирибизге көлөкө түшүрө турган маселелерибизди нары жакка эле сүрүп койгон оң го дейм. Бардык эле үйдө болот. Баары тең жутуп, бактылуу болуп көрүнөт. "Меники эле жаман, мунуку укмуш болуп жатат" деп чамына берген болбойт. Анын ичинде сенде жок арман бар экенин кайдан билесиң?

© Sputnik / Табылды КадырбековКахарова: Ыр тандап жатканда тексттен өзүмдү издейм. Ички дүйнөмдүн айтайын деген нерсесин издейм
Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кахарова: Ыр тандап жатканда тексттен өзүмдү издейм. Ички дүйнөмдүн айтайын деген нерсесин издейм

— Кыргыз коомундагы кыз-келиндер башка аялдардан эмнеси менен айырмаланып турат?

— Биздин коомдун аялдары дүйнө жүзүндө жок деп айтар элем. Кыргызстанда көртириликтин азабын эркектер эмес, 70-80 пайыз кыз-келиндер көтөрүп жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Башы менен эле эмес, желкеси менен да көтөрүүдө. Азыр аялдар мындай болуп калды деп сындаган менен аларда түйшүк көп. Бала төрөп баккан да, үйдүн түйшүгүн тарткан да, базарда ысык-суукта отурган да кыз-келиндер. Эркекке азыр ушунчалык жеңил болуп калды. Себеби кыргыздын аялдары өтө күчтүү болуп кетти. Муну тойдон көрүп жатам. Өз оюмду таңуулабайм, бирок бул жакшылыктан да көрүнүп жатат. Бул деген коомдун трагедиясы. Биз балдарыбызды накта эркек кылып, үй-бүлөнү багуу анын милдети экенин айтып, мойнуна жоопкерчилик жүктөп коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө кыз-келиндер намыскөй болуп, көбүрөөк чуркап жатышат. Азыр 30 пайыз эркектер бүлөсүн мактап жаткандыр. Мектепти бүтөр менен мигрант болуп чет жакта иштөөгө кетип жатса, буга кыздардын атасы, агасы күнөөлүү. Үй-бүлөлүк көйгөйлөр өтө көп.

— Кийин балдарыңыздан эмнени көргүңүз келет?

— Ар бир эне уул-кызынын ырахатын көргүсү келет. Мен жарыкка алып келген балдарым патриот, намыскөй, ыймандуу болсо дейм. Ыйманы бар бала бар-жокко төгүлүп турат. Кабат-кабат үйдү куруп, бай болуп анан жөнсүз чыкса, анын кереги да жок. Бир тууганына да кайрымы жокторду жашоодо көрүп жатабыз. Кудайдан уул-кыздын жүрөгүнө ыйман беришин көбүрөөк сурайм.

— Сахна сулуулукту сүйөт го. Сахнада канчага чейин кармалгыңыз келет?

— Мен сахнада көпкө чейин эле жүргүм келет. Үнүм карыбаса экен дейм. Ырчымын деген адам 100 жашка чейин деле обон созуп жүрүүнү кааласа керек. Ырдын, сахнанын чеги жок. Мен да өзүмө чектөө коё элекмин. Улуу муун бизге дем-күч берет. Алардын сахнада жүргөнүн көрсөк сүйүнөбүз. Биз да кийинки муунга өрнөк болуп жатсак керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековКахарова: купулума толгон чыгармамды ырдай элекмин
Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кахарова: купулума толгон чыгармамды ырдай элекмин

— Шакиртиңиз барбы?

— Шакирт табуу оюмда жок. Менин убактым балдарыман, үй-бүлөмдөн жана чыгармачылыгымдан ашпай жатат. Жаштарга кеп-кеңешимди берип коюшум мүмкүн, бирок бирөөнү колума алып, анын жоопкерчилигин өзүмө жүктөй албайм.

— 30 жылдык чыгармачылык кечеңиз качан болот?

— Концертиме азыртан эле даярданып, "кандай кылсам, эмне кылам?" деген ойлор мээмде жүрөт. Бул үчүн күздүн бир-эки күнүн алайын деген пландарым бар. Ал учур да кудай буюруп тургандыр. Эки күн филармонияда жаңы ырларды элге тартууулап, отчёттук концерт берем. Азырынча датасы так эмес.

— Эли-журтуңузга эмне дээр элеңиз?

— Эл-журтта тынчтык болсун. Балдарыбыздын келечеги кең болсун! Алар биз көргөн кыйынчылыкты көрбөй, Кыргызстаныбыз гүлдөп өссүн. Мен ошону каалайм. Анан жакшы ырлар жаралып, мекенибизде позитив көп болсунчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0