Бишкекте кичинекей балдардын катышуусунда эл аралык сынак өтөт

© Фото / PixabayДетские конкурсы по вокалу
Детские конкурсы по вокалу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан чогулган беш жаштан 15 жашка чейинки балдар катышат.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Борбор калаада эл аралык музыкалык кароо-сынак уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кыл кыяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кесипкөй музыканттар арасында сынак жарыяланды
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу өтө турган "Обон" аталышындагы сынак 29-февралдан 5-мартка чейин уланат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан чогулган беш жаштан 15 жашка чейинки балдар катышат. Алар өздөрүнүн жаш курагына жараша фортепиано, кыл кыяк, үйлөмө жана улуттук аспаптарда ойноп ат салышат.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби уюштурууда. Максаты - балдардын чыгармачылык изденүүсүн, жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, таланттуу жаш музыканттарды өлкөнүн маданий иш-чараларына активдүү катыштыруу жана алардын аткаруучулук чеберчилигин жогорулатуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0