Жоголуп кеткен "Дивани лугат-ат-түрк". Махмуд Кашгари тууралуу 12 факт

CC BY-SA 4.0 / Zossolino / Мавзолей филолога Махмуда Аль Кашгари
Мавзолей филолога Махмуда Аль Кашгари - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кашкарлык Махмуддун "Түрк сөздөрүнүн жыйнагы" — жалпы түрк элдерине орток мурас жана анын авторунун Ысык-Көлдө туулгандыгы ошол кылымдарда эле биздин жерде илим-билимдин өскөндүгүн даңазалоочу көрүнүш.

Биз бүгүн "Түрк сөздөрүнүн жыйнагы" жана анын автору тууралуу 12 факт сунуштайбыз.

Толук аты-жөнү, теги жана туулган жери. Кашкарлык Махмуд, толук теги, ысымы — Махмуд ибн аль-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Кээ бир маалыматтар боюнча анын атасы Хусейин ибн Мухаммед Юсуф Кадыр хан Ысык-Көлдүн тескей тарабындагы Барскан шаарын жана Узбанды жерин башкарган эмир болгон. Чоң атасы Кашкар өкүмдары Буура хан, бубасы Харун (ал-Хасан) ибн Сулайман Буура хан (Бограхан) болгону айтылып жүрөт. Демек, ал чынжырлуу эл башкаруучулардын уулу болгон. Болжолу 1028-1029-жылдар ортосунда туулган.

Памятник Горкут-ата в Ашхабаде - Sputnik Кыргызстан
Аял бүткөндүн эң жаманы — кесир аял. Коркут ата тууралуу 10 факт
Автордун уруусу. Бул тууралуу эмгекти терең изилдеген тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин мындай божомолдойт: "...Махмуд Кашгари Барсканинин этностук теги Караханийлер сулалесинин негиздөөчүсү — чигил эли. Орхон-Энесай рун сымал жазмасында "чик" деген этностун аты бар. Бул кыргыздарга жанаша жашаган эл Эне-Сайдын башаты жакты байырлаган. Алардын этностук аталышы жазмаларда "чик эл", "жикил", "чигил" деп ар кандай түрдө аталып калган. Анан да чигилдер Теңир-Тоого чейин көчүп келген элдердин бири. Акырындап ысыккөлдүк чигилдер кыргыздарга жуурулушкан. Мисалы, бугу уруусунун төбөлдөрүнүн бири болгон Боронбай Меңмурат уулу деген манаптын орус саякатчысы Пётр Петрович Семёнов-Тянь-Шаньский (1827–1914) менен жолугушуу маалында "биздин бабаларыбыздын байыркы тектеринин бири – чигилдер" деп айтканы бар (Муну маркум этнограф Сабыр Аттокуров өзгөчө белгилеген). Ушунун баары кыргыздын байыркы бабаларынын бири чигилдер экенин көрсөтөт. Бул көчмөн эл — Караханийлер мамлекетин негиздеген" (Тынчтыкбек Чоротегин).

Бала чагы жана окуу жылдары. Бала чагы Ысык-Көл боюндагы айтылуу шаар Барсканда (азыркы Барскоон айылы) өтүп, эр жеткенде адегенде Кашкарда, Бухарада, андан соң Багдадда билим алат. Барскан — Каракандар дөөлөтүнүн ири шаарларынын бири болгон. Имам Захид Хусейн деген айтылуу устаттын колунда Кашкар шаарындагы Саджиа медресесинде окуйт. 1056-жылы Кашкар шаарында Мухаммад Бограхан бийлик башына келип, ордуна уулун дайындайт, ал Махмуддун атасы Хусейин эле. Сарай ызы-чууларынан улам Махмуддун атасы да, чоң атасы да ууланып каза болуп, өзү 1057-жылы Кашкардан качып, адегенде Борбор Азияга, андан Багдад шаарына өтүп, селжук түрктөрүнүн ордо калаасында баш калкалоого аргасыз болот. "Махмуд Кашгари Багдадга барганда караханиддердин төрт шаары бар болчу: эң эскиси — Кашкар, экинчиси — эски шаар Самаркан, башка экөө азыркы Кыргызстандын аймагындагы Өзгөн менен Баласагын эле. Убакыттын өтүшү менен Махмуд Кашгари көзү тирүүсүндөгү Баласагындагы хан ордону, тоолорду аралап, Кашкарга көчүрө электе, бул эки шаар эң маанилүү болгон" (С.Ф.Стар). Махмуд мына ушул эки шаарды абдан жакшы билгени эмгектеринен байкалат.

Жусуп Баласагындын улуттук университет алдындагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жусуп Баласагын жана "Кут алчу билим" дастаны туурасында кызыктуу 20 факты
Энциклопедиялык эмгек. Ал "Дивани лугат-ат-түрк" ("Түрк сөздөрүнүн жыйнагы") деген эмгеги менен дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошту. Махмуд түрколог тилчи-лексикограф, этнограф, фольклорчу, тарыхчы, географ катары талантын ар тараптуу көрсөтө алган. Сөздүктө 7500 сөз бар, алар 400дөй макал-ылакап, ыр, табышмак менен коштолот, фольклордук тексттерден үзүндүлөр келтирилген, андыктан аны түрк элдери жана түрк тилдери тууралуу маданий-тарыхый, этнографиялык жана лингвистикалык материалдардан турган орто кылымдын энциклопедиясы деп атоого болот. Анда исламдын, анын сопучулук агымынын таасирин, мусулман дининин этикалык сабактарын кеңири табууга болору изилдөөчүлөр тарабынан да белгиленет. Абдан билими жогору экени эмгегинен байкалып турат. "Мен түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын уйкаштыкка келтирилген жандуу сөздөрүн акылыма түйдүм. Өтө узак изилдөө жана изденүүдөн кийин мына бул китепти эң жатык тилде, барып турган көркөм үлгүдө жаздым", — деп жазат ал эмгеги тууралуу. Ушуга караганда ал өтө көп материал издеп, эл кыдырып, көп окуп, анан гана көшөрө отуруп жазган сыяктанат. Анын эмгеги түрк элдеринин байыркы убактан бери колдонулуп келе жаткан салттарын да баяндап бергендиги менен биз үчүн баалуу. "...Мен өзүм алардын (түрктөрдүн) тили өткүр чеченинен, айтары ачык жетигинен, көөдөнү эң тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуу менен бирге түрк, түркмөн-огуз, чигил, ягма, кыргыздардын калааларын жана талааларын изилдедим, алардын тилдерин жана акыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, жыйнаганымдын тартибин өтө сымбат кат кылдым...", "... Ушул китебимди Алла Тааланын көмөгүн көксөө менен түбөлүккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып бүттүм, ага "Дивани-лугат-ат-түрк" ("Түрк сөздөрүнүн жыйнагы") деген атты туттум...", — деп түшүндүрөт ал өз мээнетинин акыбети тууралуу.

Эмгектин жазылыш тарыхы. "Түрк сөздөрүнүн жыйнагы" 1072-1077-жылдар арасында жазылгандыгы белгилүү. Ошол кездеги Борбор Азияны мекендеген чигил, йагма, карлук, кыргыз, огуз, тухси, уйгур, кыпчак жана башка түрк тилдерин изилдеп, аңтарып көрүп, алардын сөздөрүн ушул китепке киргизген. Сегиз бөлүктөн турган сөздүктүн бир катар сөздөрү айрымдары кыска, бир кыйласы кеңири түшүндүрүлөт да, айрым учурда ошол сөзгө байланыштуу макал-ылакаптар, элдик оозеки чыгармалар берилет.

Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Өзүн, жубайын, кыз-күйөөсүн алып тынган кырсык. Иса Ахунбаев тууралуу 8 факты
Жоголгон мурас. Китеп бир жоголуп кеткен, кийин гана 1266-жылы 1-августта Абу Бекер аз-сави ад-Димашкы көчүргөн нускасы менен бизге тарады. Бул Түркиянын Стамбул шаарындагы улуттук китепканада сакталып келген.

Тилдик жана этнопедагогикалык билимдер. Сөздүктө салыштырма тил илиминин талаптарына ылайык араб, фарси, түрк сөздөрү жарыш салыштырылган учурлар көп кездешет, мисалы, дары чөптөрдүн аттары ушундайча берилет, түрк тилдеринин диалектилик өзгөчөлүктөрү аныкталат. Сөздүктү бул же тигил сөздөрдүн лексикалык маанилери ачылуу менен бирге эле тарбиялык салттар, адамдарды нравалык жактан жетилдирүүнүн жолдору да көрсөтүлөт. Мисалы, мындай делет: "Кыргыз, йабаку, кыпчак жана башкалар бирөөгө касам ичиргенде, же аны менен келишим түзгөндө, кылычты кындан сууруп чыгышат да, тигинин алдына тосуп, мындай деп айтышат: "бу көк кирсүн, кызыл чыксун". Мааниси: "бул темир ылайым көк бойдон кирип, кызыл чыксын, башкача айтканда, эгерим алиги убадагы каршы чыкса жана бузса ал канга боёлсун" дегени. Ал адам темирден өлүп, демек, темир андан өч алат, ...алар темирди өтө аздектешет". Демек, мында жогорудагы түрк тайпаларынын убадага бекемдиги, касам ичирүү аркылуу адилет, таза, эр жүрөк болуу адаттары көрсөтүлөт. Айрым сөздөргө комментарий берип жатып элдик этикалык эрежелер тууралуу айтып кетет, элдин педагогикалык маданияты, тажрыйбасы жыйынтыкталат. Мисалы, "түтүн кобурса ышланур". Мааниси: кимде ким көп түтөтсө, ага чакабай койбойт. Муну менен козголоң кылган ар бир адамга анын азабы тийбей койбосу көңүлгө туттурулат. "Теш йер аны катурды" деп айтылат, чет жер аны катырды, башкача айтканда, аны тажрыйбага эгедер жана сыноодон өткөн адам кылды дегени. "Миң" — санактын миң саны. Макалда айтылган: "Бириң-бирин миң болур, тама-тама көл болур". Мааниси: бирин-сериндеп жыйылып отуруп миңге жетет. Ошондой эле тамчы дагы биринин артынан бири тамса үзгүлтүксүз чогулса, көлчүктү толтуруп коёт. "Арслан – арстан. Бул (сөз) менен бийлик эгелерин аташат. Макалда айтылган: "Алын арслан тутар, күчин сычган тутмас" Мааниси: Айла менен арстанды тутууга болот. Күч менен чычканды тутуп болбос" (Тынчтыкбек Чоротегиндин котормосу — ред.).

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин сүрөтчүсү, таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун архивдик стүрөтү - Sputnik Кыргызстан
"Эми өлүп кетсем арманым жок, ээ!". Сүймөнкул Чокморов тууралуу 13 факты
Макал-ылакаптар. Махмуд Кашкарлык-Барсканийдин "...сөздүгүнөн" өтө көп макал-ылакаптарды кездештиребиз, алар негизинен түрк урууларында колдонулган жана балдарды тарбиялоодо кызмат кылган ата-бабалар насааты болуп эсептелет. Мисалы: Баатыр майданда, аалым аңгемеде сыналар; күздүн келери жаздан белгилүү болор; кут белгиси — билим; адептүүлүктүн башаты — тил; арыстан картайса чычкан ийнин күзөтөр; кылыктана билсе кызыл киер, жагына билсе жашыл киер; от түтүнсүз болбойт, жигит жазыксыз болбойт; куш канаты, эр аты менен; жаза атпаган мерген, жаңылбаган жаак болбойт; бөрксүз баш болбойт, башчысыз түрк болбойт; курук кошок оозго жакпайт, курук сөз кулакка жакпайт; бычак канчалык курч болсо да, өз сабын кеспейт; көккө түкүрсө, көзгө түшөр; эмгек этсең эмээрсиң; таш баш жарар, эмгек таш жарар ж.б.

Адабият таанытуучулук жагы. Түрк фольклорунун ошол мезгилдеги классификациясын каада-салт ырлары, лирикалык ырлар, баатырдык эпостор, тарыхый уламыштар жана легендалар деп бөлүштүрүп, аларга мисалдарды келтирет.

Түрк элдеринин байлыгын дүйнөгө тааныткан. Кашкарлык Махмуддун эмгегинде лингвистикалык, этнографиялык материалдар Х-ХI кылымдардагы түрк элдеринин этикалык баалуулуктары жана жүрүм-турум нормалары менен синтезделип берилген. Түркология илимине салыштырма метод жана тарыхый мамиле кылуу менен негиз салып, энциклопедиялык деңгээлде ариб тартиби менен тексттерин макал-ылакаптар, саждалар (жорго сөз), ырлар, ражаза (аскерий темадагы ырлар), кара сөздүн үзүндүлөрү, уламыштар, аңыздар менен шөкөттөп отурат. Анда орто кылымдардын педагогикалык эрежесин камтыган 400дөй макал-ылакап, учкул сөздөр колдонулган, алар "бир жагынан, фольклордон, экинчи жагынан жазма булактардан келип чыккан", "улам-улам кудайга кайрылуу, адамды нравалык жетилүүгө чакыруу "Дивани лугат-ат түрк" ырларына жана сентенцияларына мүнөздүү белгилер" (Эркебаев А. Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. – Б.: 2004. – 76-б.) болуп эсептелет.

Книга про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты
Дүйнөнүн картасын чийген. Анын чоң эмгеги дүйнөнүн картасын түзгөндүгүндө жана ал дүйнөнүн борбору катары Ысык-Көлдү көрсөткөндүгүндө. "Араб картографтары картанын тегерек болушун жактырышчу, анткени ортосунан Меккени көргөзө алышмак. Кээ бир бөлүктөрүндө Кашгари картанын фокусун жылдырган. Анын субъектиси ислам дүйнөсү эмес: Мекке дагы, Багдад дагы түрктөрдүн дүйнөсүндө көргөзүлбөйт. Кашгари бүткүл дүйнөнү, Караханиддин ал убактагы башкы шаарында болуп жаткандарды көргөзгөн. Бул эки эсе күчөгөн саякатташкан маданияттуу текшерүү болгон" (С.Ф.Старр). Эмгекте географиялык да көптөгөн маалыматтар берилет. Мисалы, "Ысык-Көл – Барскандын көлүнүн аты. Анын узундугу отуз фарсах, туурасы он фарсах (1 фарсах – 6 чакырымдай)". Биринчи жолу түрк уруулары кайсы жерде жашаганынын картасы да түшүрүлгөн.

Сөөгү коюлган жер. Адабияттарда анын өлүмү болжолу 1101-жылы же 1126-жылы болгондугу, сөөгү коюлган жер тууралуу такталбаган жоромолдор айтылып келет. Анын күмбөзү Кытайда тургузулган жана азыр да көп эл зыярат кылып турат. Бишкекте Чыгыш университетине жана жаңы салынган мечитке ысымы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0