Баткен окуясына арналган көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыяланды

© Фото / Владимир Пирогов Баткен согушунундагы аскерлер. Архив
Баткен согушунундагы аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн башталчу сынакка Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй адистер — киночулар, жазуучулар, журналисттер жана адабиятчылар катыша алат.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы 1999-жылдын июль-ноябрь айларындагы Баткен окуясына арналган толук метраждуу көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Сынактын мөөнөтү бүгүн башталып, 20-мартта аяктайт. Ага Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй адистер — киночулар, жазуучулар, журналисттер жана адабиятчылар катыша алат.

Сынакка сунушталган сценарийге коюлуучу техникалык талаптар:

  • 5 нускадан турган киноценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;
  • текстин тили — мамлекеттик жана расмий;
  • текстин форматы — Microsoft Word "doc";
  • сценарийдин көлөмү — 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);
  • шрифти — 12 (Times New Roman);

Жиберилген эмгектер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

Сынакка катыша тургандар "Кыргызфильм" киностудиясына, болбосо (312) 344 569, 344 626 телефондору аркылуу байланыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0