Аял бүткөндүн эң жаманы — кесир аял. Коркут ата тууралуу 10 факт

Жазылуу
"Коркут ата китеби" ("Китеби деде Коркуд") — түрк элдеринин көп уруулары жана тайпалары биздин аталардын калтырган мурасы деп сыймык менен айтып келе жаткан орто кылымдагы огуздардын (огуз-кыпчактардын) бизге жеткен адабий эстелиги.

Бүгүн ошол мурас жана анын жаралышына себеп болгон инсан тууралуу 10 факт сунуштайбыз.

Великая Отечественная война. Бои в районе Мурманска - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоодон азап менен аттанган. Абдукаимовдун "Майдан" романы тууралуу 11 факты
Коркут атанын башаты. Бул акын тууралуу ой жүгүртүп жана анын "Коркут ата китебин" ар тараптуу, эң биринчи салыштырма-лингвистикалык жактан талдап келип көпчүлүк аалымдар огуз түрктөрүнүн (алар кийин-соңу түркмөн, азербайжан, гагауз, анадолулук түрк болуп жиктелет), айрым булактарда огуз-кыпчактардын баатырдык эпосу дешет. Бирок муну башка түрк уруулары да бизге таандык деген пикирде.

Башкырт урууларынын бир тобу Коркут атаны "кубыз аспабын ойлоп тапкан йырау (төкмө), ал биздин уруунун башчысы болгон жана чыгарма ошол киши тууралуу" деп айтышат. Казактар да, кыргыздар да, дагы башка, башка түрк уруулары да бул киши менен тарыхый тамырын түздөн-түз байланыштуу карашат.

Ал жашаган доор. Коркут — баят уруусунан чыккан Кара Кожо дегендин уулу. Болжолу IV-VI кылымдардын чегинде азыркы Сыр-Дарыянын Арал көлүнө куйган жакынкы алабында жарык дүйнөгө келген жана ал бир нече өкүмдардын даанышманы (кеңешчиси) болгон. 

Коркут атанын китепке айланышы. Коркут жашаган болжолу IV-VI кылымдагы окуя-баяндар көп доорлор бою эл арасында оозеки айтылып келип, кийин гана, болжолу IX-XV кылымдар аралыгында жазууга түшүп, "Китеби деде Коркуд" деген ат менен тараган. Ал китеп ар түрдүү урууларда бир аз башкача аталыштарга ээ болгонун да байкайбыз (азербайжанча – "Kitabi Dədə Qorqud", анадолулук түркчө – "Dede Korkut Kitabı", түркмөнчө – "Gorkut-ata", казакча – "Қорқыт ата кітабы", кыргызча – "Коркут ата китеби" ж.б.).

Коркут ата тууралуу маалыматтар бизге үч түрдүү жол менен жетти: биринчиси, Коркут ата тууралуу аңыздар, уламыштар; экинчиси, ар түрдүү санжыралар; үчүнчүсү, "Коркут ата китеби" деген жазма эстелик.

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашыгы Акмырзаны ханга тарттырып ийген. Токтогул ырчы тууралуу 7 факт
Ким болгондугу тууралуу. Жогорудагы үч булакка таянганда Коркут ата агартуучу, ойчул, көзү ачык, ырчы, күүчү, кобузчу, устат болгон. Анын ойлорунда өлүм менен өмүр карама-каршылыгы жогорку даражада чагылдырылган. Уламышка караганда, ал ак төө минип, жер кезип, төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыгат, кайда барса да алдында казылып жаткан көргө кездешет. Көркоолордон "Бул жайды кимге казып жатасыңар" деп сурашса, бардык жердегилер эле "Муну Коркутка казып жатабыз" дешет. Ошондо Коркут өлүмдөн эч качан, эч жерден кутула албасын билет. Кыргыздарда болсо ушул уламышты "Мамайдын көрү" деген ылакап аркылуу туюндурган чыгарма бар. Коркут ата турмушта жашап өткөн реалдуу киши болгон, ага алыс-жакындар акыл сурап атайын ат арытып барып турган, ал болсо элдик нускага сугарылган, белгилүү даражада тажрыйбада сыноодон өткөн, азыркы термин менен айтканда, этнопедагогикалык ой-пикирин ортого салып, маселелерди акыл менен, тилдин күчү менен чечип берген. "Коркут" деген сөз "корк" дегенден алынган деген пикирлер бар. Себеби анын төрөлгөн кези аябай коркунучтуу болгон экен, төрөлүп эле сүйлөп кирген, өзүнүн сүрү да коркунучтуу экен.

Ал тууралуу көптөр айтып келет. Кыргыз макал-ылакаптарында, санжыраларында Кормуш, Кырмыш деп айтылган учурлар кездешет. Алишер Навои, Ахмед Йассави, Абулгази, Рашид-ад-Дин эмгектеринде, чыгармаларында ал тууралуу айткан жерлер бар. Ал эми кыргыз акыны Арстанбек "Коркут ата даанышман, кутулам деп өлүмдөн, төрт тарапты кыдырган, Сырдын боюн сыдырган, кырдын башын кыдырган, андан да айла болбогон, акыры ажал сомдогон" деп ырдаган. Аалы Токомбаев да "Кандуу жылдар" романынын "Куу баш" деген бөлүмүндө бул ысымды айтып өтөт.

Китептин бизге жетиши. "Коркут ата китеби" бизге эки вариантта жетти, бири Дрезденден табылган, ал 12 бөлүмдөн турат, экинчиси Ватикандан табылган, ал 6 бөлүмдөн турат. Эки нуска тең түп нуска эмес, кийин көчүрүлгөн. "Чынында эле VII-VIII кылымдарда Сыр-Дарыя бойлорун мекендеген огуз-кыпчак урууларынын турмушунан жаралып, көптөгөн жылдар бою урпактан-урпакка калтырылып, руханий бай казына катары бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн адабий, тарыхый, этнографиялык маанисин жоготпой жеткен бул чыгарма кыргыздарга да тиешелүү экендигинде шек жок" жана ал "баалуу эски кол жазма азыркы түрк элдеринин оозеки чыгармаларынын көпчүлүгүнө башат болгон" (И.Абдувалиев Кириш сөз / Коркут ата китеби: түрк элдеринин байыркы дастаны. – Б.: 2004. – 4-б.).

Кыргызские национальные музыкальные инструменты — кыл кыяк - Sputnik Кыргызстан
Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен... Асан Кайгы тууралуу 10 факт
Кыргыз фольклору менен байланыштуу. Жогорудагы сөз болуп аткан эстелик кыргыздардын "Манас" баш болгон баатырдык дастандары, жомоктору, дидактикалык чыгармалары ж.б. фольклордук чыгармалары менен жакындыгын аларды салыштырып чыккан соң толук ынанабыз. Бул чыгармаларда сюжеттик окшоштуктар, каармандардын образын ачууда типтүү каражаттар, поэтикалык жакындыктар көп. Андыктан да "Коркут ата китебиндеги" ойлор жалпы түрк мурасынын катарында кыргыз элинин да асыл мурасы деп айтууга негиз берет. Жогорудагы элдик нуска сөзгө айланып кеткен Коркут атанын насааттарында акыйкатчылык, эрдик даңазаланат, кайыр-садага берүү адамдык парз экендиги белгиленет, элди-жерди коргоо ар бир мекенчил атуулдун мойнундагы жүк экендиги баштан-аяк кызыл сызык менен өтүп турат. "Коркут ата китебинин" IV бөлүмү "Казанбектин баласы Орозбектин туткунга түшкөнү тууралуу ыр" деп аталып, анда бектер менен бийлер балдарын кандайча тарбиялагандыгы баяндалат. Бул бөлүм байыркы түрк урууларынын салттарын көрсөтүп бергендиги менен кызыктуу. Ага ылайык, 15-16 жаштагы балдарды аскердик өнөргө үйрөткөн, ар бир жигит колуна курал алып жоого каршы барууга милдеткер болгон, ата баласын согушууга көнүктүргөн, Казанбек да баласы Орозбекти аң-уулоого алып чыгат, өзүнүн жоону кандайча чаап-кыргандыгын, кайсы жерде ким менен чабышканын айтып, баланын канын кызытып, жоого каршы туруу сезимин өстүрөт. Ата балага жоо менен кармашууда идеал-үлгү болот, бала атасын кандайча кармашып жатканын алысыраактан көрүп турат, ата "көк жал карышкырдай кан төгүп кыра баштайт". Ошентип ата салтын урматтаган балдар эрдик көрсөтөт, жоону жеңет, алардын урматына той берилет.

Коркут атанын таалим-тарбиялык насааттарынан:

Адам баласы кербен сыяктуу: токтоду, көчтү да кетти.

Ажал жетмей өлмөк жок.

Өлгөн жан кайра тирилбейт, чыккан жан кайра келбейт.

Жигиттин Кара-Тоодо толгон-токой малы болсо,
Жыйып-тапкан насибинен ашыкчасын
Ар бир пенде аш кыла албас.

Шаркыраган суулар ташып, деңиз болбос.

Кулан кудукка түшсө, курбака кулагында ойнойт.

Көкүрөгү бийик эрде акыл болбос.

Уулдун күнү күн эмес – атадан мал калбаса,
Ата малы пул эмес – башта акыл болбосо.

Көңүлү чөккөн эрде дөөлөт болбос.

Жат уулду канча баксаң, уул болбос,
Чоңойгондо кетип калар, бакканыңды билдим дебес...
Күл дөбө болбос, күйөө уул болбос,
Кара эшектин башына жүгөн катсаң, качыр болбос.

Карабашка тон кийгизсең да катын болбос.
Күңгө кымкап жапсаң да ханайым болбос.

Жаба-жаба карлар жааса, жазга калбас
Жалбырактуу жашыл гүлдөр күзгө калбас.

Эски пахта бөз болбос.
Карт душман дос болбос.

Уул — атанын сыры, эки көзүнүн нуру.

Кыз энеден үйрөнбөй өнүгө албас,
Уул атадан үйрөнбөй сапар чекпес.

Аял төрт түрдүү болот. Анын бири – ниети бузук аял, экинчиси – нысапсыз аял, үчүнчүсү – үйдүн куту болгон аял, төртүнчүсү – кесир аял. Аял бүткөндүн эң жаманы ошол ж.б.

Түрк өнөрпоздору пир туткан. Казактарда мындай бир элдик ыр айтылып келет:

Жыраудын үлкөн пири – Коркут ата,
Бата алган бардык акын ашкан ата.

Таң калып журттун баары турар экен,
Кобыз менен Коркут ата күү тартканда.

Дал ушул ырдагыдай Коркут ата акындыктын пири, күүнүн атасы, устаты катары эчен-эчен муунду өнөрпоз кылып тарбиялоого салымын кошуп келген.

Күмбөз тургузулган. Коркут атага арналып болжолу XI кылымда азыркы Казакстанга караган Кызыл-Ордо аймагынын Кармакчы ооданынын Жосалы деген жерине күмбөз салынган. Ал Сыр-Дарыянын жээгинде болгону үчүн бир жолку суу ташкында кыйла жабыркайт. 1980-жылы ошол жерге эскерткич (обелиск) орнотулуп, андан сыйкырдуу кобыз күүсү угулуп турат дешет.

Акын Алыкул Осмоновдун үй музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкулдун 6 сомго сатылган отургучу. "Ыр сабындагы өмүр" эссеси жөнүндө 9 факты
Улуу ойчулдун ысымы эскерилип келет. Кызыл-Ордо мамлекеттик университетине анын ысымы берилген, ЮНЕСКО 1999-жылы "Коркут ата китебинин" 1300 жылдыгын белгиледи, казактар "Қорқыт ата" энциклопедиясын чыгарды, азербайжан акыны Анар сценарийин жазып, Тофик Тагизаде 1975-жылы эки сериялуу "Деде Горгуд" аттуу фильм тарткан, Нахичевань шаарында анын эстелиги орнотулуп, анын атында чоң аянт жасалган.

Кыргызча да которулган. Арабаев атындагы КМУнун профессору И.Абдувалиев жана анын аспиранттары Т.Абылкасымова, Г.Сатимкулова "Коркут ата китебин" 2004-жылы кыргызча китеп түрүндө чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0