Кесипкөй музыканттар арасында сынак жарыяланды

Жазылуу
Кароо-сынакка 15 жаштан 30 жашка чейинки кесипкөй музыканттар катыша алат. Сынактын байге фонду 1 миллион сомду түзөрү маалым болду.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Оозеки салттагы профессионалдык музыканын айтуучулук, аспапчылык, аваздык аспапчылык багыттары боюнча профессионалдар арасында республикалык кароо-сынак жарыяланат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Кароо-сынактын 1-туру райондордо, 2-туру облустарда өтүп, 3-туру Бишкек шаарында 2020-жылдын 20-25-апрелинде Салттуу музыка жумалыгында жыйынтыкталат.

Ага 15 жаштан 30 жашка чейинки кесипкөй музыканттар катышса болот.

Сынак төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  • оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча: дастанчылар (кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды аткаруучулар), санатчылар (санат, насыят, терме, арноо, казалдарды аткаруучулар);
  • аспапчылык багыты боюнча: комуз, кыл кыяк, темир комуз жана жыгач ооз комуз, чоор, сыбызгы аспаптарында чыгармаларды аткаруучулар;
  • аваздык-аспапчылык багыты боюнча ырчылар (ашыктык, арман ырларды, улуттук аспаптын коштоосунда элдик жана автордук, гармонь жана аккордеондун коштоосунда обончулардын чыгармаларын аткаруучулар) катыша алат.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын музыкалык аспаптары. Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар инфографикада
Максат — салттуу музыкалык искусствонун "устат-шакирт" өнөрканасын сактоо, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр арасындагы жаңы ысымдарды табуу. Аткаруучулардан чыгармалардын нукуралуулугунун сакталышын талап кылуу менен аткаруучулуктун жоопкерчилигин арттыруу жана салттуу музыкалык искусство боюнча эл аралык сынактарга катышууга татыктуу музыканттарды таануу максатын көздөйт. Сынактын байге фонду 1 миллион сомду түзөрү айтылды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0