Туу куйругу бир кучак, тулпар качты, Айханым... Кетбука ырчы тууралуу 10 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхтын узак жолунда ошол жолдун орчундуу ордун ээлеп, тарых кыймылын түп-тамырынан бери башка нукка бурган инсандардын бири бул, албетте, Чыңгыз (Жеңгиз) хан. Анын өмүрү, жеңиштери жана жеңилиштери ушул күнгө чейин ар түрдүү көз карашта айтылып келет.

Кетбука ырчынын жашаган доору, чыгармачылыгы түздөн-түз ошол каардуу Чыңгыз хан менен байланыштырылат, б.а., ал XIII кылымда жашаган деп келебиз.

Биз бүгүн ошол ырчы тууралуу 10 факты сунуштайбыз.

Аты уламышка айланган. Кетбука же Кет Бука, же жөн эле Бука ырчы тууралуу так, тарыхый маалыматтар дээрлик жок болуп, ал тууралуу элдик оозеки чыгармаларда, анын ичинде уламыштарда, санжыраларда гана айтылып келет. Андыктан анын ысымы уламышка айланган инсан дейбиз. Бирок ошол эле кезде жомоктук каарман деп кароого да болбойт.

Саймалу-Таш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Кет Буканын олуялыгы: кыз-уланың дүйнө кууп, кырдан качат, сак болгун...
Түрк элдеринин орток мурасы. Кетбука кыпчак талааларында жашаган жана найман уруусунан чыккан чоң акын болгон деп айтылат. Тилекке каршы, анын чыгармалары бизге толук жетпей калды. Айрым бир чыгармалары кыргыздарга гана эмес, казактарга да, ногойлорго да тараган.

Араб тарыхчыларынын жылнаамасына кирген. Анын ырлары XIII кылымда эле Дашти-Кыпчак талааларын кыдырган фарсий тилинде жазган бир жыйноочу тарабынан катка түшүрүлүп, "Түрктөрдүн ата-теги" аттуу жыйнакка кирген, бул тууралуу араб тарыхчысы Ибн-аль-Асир (1323-жылы каза болгон) да жылнаамасына киргизген. Ага караганда аны тарыхый инсан деп айтууга да кандайдыр негиз бар.

Бизге жеткен ыры — Айхандын баласы өлгөндө аны атасына угузганы. Бул ыр тарыхый окуяга байланышат. 1227-жылы Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучу белгисиз жагдайда каза болот. Чыңгыз ханды түрк тайпалары Айхан деп аташкан. Өлүмдүн себеби ар кыл айтылат: бир вариантта кулан тээп, ошондон өлгөн делсе; экинчисинде, жолборс чайнап салган делет; үчүнчүсүндө, кара курт чагып, ууланып каза болгон деп келишет. Дагы башка ар кандай күдүктөнүүлөр ошол күндөн ушул күн аңыз катары айтылып келет. Ошол трагедияны каардуу ханга ким угузушу керек деген маселеде көпчүлүк Бука ырчыны тандап алат. Бука ырчы болсо өлүм кабарын кайманалап, табышмактантып отуруп баланын атасына — айтылуу ханга жеткирет.

Өлүм кабарын угузуунун этикасы. Бул ырда байыртадан келе жаткан кайгыны угузуу салты көрсөтүлгөн. Эч убакта түрк элдери өлүм кабарын жакын кишисине түздөн-түз, бетме-бет, нак айткан эмес, аны угузуунун толгон-токой усулдары колдонулган: маркум болгон кишинин атынын ээрин алып жайдактап коё берген; жоодон келе жатканда өлгөн жолдошунун атын жетелеп келишкен; боз үйдүн түндүгүн түшүрүп койгон ж.б.

Бука ырчынын угузуусу мындайча:

Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты, Айханым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты, Айханым.

Алтын така, күмүш мык,
Дулдул качты, Айханым
Алтын туур ордунан,
Туйгун качты, Айханым.

Алтын ордо багынан,
Булбул качты, Айханым.
Деңиз толкуп чайпалып,
Көл бөксөрдү, Айханым.

Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү, Айханым.
Ала-Тоо кулап, пас болуп,
Бел бөксөрдү, Айханым.

Берекелүү нур качып,
Эл бөксөрдү, Айханым.
Төрөлөрдүн уругунан
Төл бөксөрдү, Айханым.

Агын дайра соолуп,
Көл бөксөрдү, Айханым.
Кара жандан таптатты,
Ынак көчтү, Айханым.

Касиеттүү башкача,
Чырак өчтү, Айханым.

32-я Московская международная книжная выставка-ярмарка - Sputnik Кыргызстан
Этнобилимге бай. Ашым Жакыпбековдун "Айкашкасы" тууралуу 8 факты
Өлүм кабары элдик педагогикалык салт боюнча тикелей жана түз айтылбаган соң аны каймана берүүнүн да түшүндүрүүчү, туюндуруучу каражаттары бар, мисалы, аны Бука ырчы "тулпар качты", "шумкар качты", "дулдул качты", "туйгун качты", "булбул качты" дегендей түрк-монгол элдеринде символдук мааниге ээ, жигиттин жаны менен бирге туюндурулуучу жаныбарлар менен ассоциациялап жатат. Ал трагедиянын өлчөөсүз чоңдугу "деңиз толкуп чайпалып, көлдүн бөксөрүшү", "терек түптөн жулунуп, жердин бөксөрүшү", "Ала-Тоо кулап, пас болуп, белдин бөксөрүшү", "берекелүү нур чачкан элдин бөксөрүшү", "төрөлөрдүн уругунан төлдүн бөксөрүшү", "агын дайра соолуп, көлдүн бөксөрүшү" ж.б. белгилер менен туюнтулат.

Бийик сөздөрү тандоо. Гуманисттик педагогикада адам баарынан ыйык катары каралып, аны табият менен тең кароо идеясы аябай күчтүү берилет, жогоруда Бука ырчы да Жуучунун каза болушун мына ушундай бийик идеалдар менен, табияттын чексиз чоң көрүнүштөрү менен катар коюп айтып жатат.

Алтын боолуу ак шумкар,
Алтын боосун тытыптыр,
Айды карап сызыптыр.

Күмүш боолуу ак шумкар,
Күмүш боосун тытыптыр,
Күндү карап сызыптыр,

Ал эмине болучу? - деп табышмактуу угузуп жаткан Бука ырчынын өлгөн баланы алтын боолуу ак шумкарга жана күмүш боолуу ак шумкарга салыштырып жатышы жана анда "алтын", "күмүш", "ак" деген педагогикалык мааниси күчтүү эпитеттерди колдонушу баланын ата үчүн канчалык орду бар экендигин көрсөтсө, бирдей эле ошол алтын боонун, күмүш боонун тытылышы менен трагедиянын туу чокусу туюнтулуп жатат. Пенде баласынын каза болгонун кабарлоочу "өлдү", "каза болду", "дүйнө салды", "көзү өттү", "пенделик кылды", "келбес жайга кетти", "акырет салды", "бу дүйнөдөн көчтү" деген сыяктуу ондогон ар кандай маанидеги синонимдери болсо да Бука ырчы алардын бирин да айтпай, табышмактантып түшүндүрөт жана баланы жерге берилди дебей, "Айды карай сызды", "Күндү карай сызды" деп дагы бийикке — Ай менен Күнгө алып барат. Муну элдик эпикалык салттагы баатырлардын жана акылмандардын кайып болуу салтынын уландысы катары кароого болот.

Манастын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Теңири Манастын" кол жазмасын өрттөмөк. Айтылуу Ашым Жакыпбеков тууралуу 18 факты
Кетбука аталып калышы. Жогорудагы кабарды угузгандан кийин Айхан баарын түшүнүп, Бука ырчыны "кет-кет" деп акын-угузуучу Кетбука же Кет Бука аталып калат. Кетбуканын ырынын мааниси — оор кайгыны угузуунун элдик таалим-тарбиялык салты, аны угузуу жана угуу, түшүнүп, кабылдоо маданияты, адам өмүрүнүн кымбаттыгы, бирок ал канчалык кымбат болсо да пендени түбөлүк кармап турууга мүмкүн эместиги тууралуу ой. Мына ушул ыр кийин да далай ушундай окуяларга сабак болгондугу, ар кандай варианттарда ыр, күү (комузда, домбурада, ооз комузда, кыякта) тарап келгендиги эл арасында айтылып калган.

Арстанбектин күүсү. Буйлаш уулу Арстанбек "Айхан" деген табышмактуу күү аткарган (балким өзү чыгарган) экен. Анда да ыр менен күү аралаш жогорудагыдай угузуудан кийин Айхан "Асмандан булут сөгүлсө, аяктан мөндүр төгүлсө, көк ала булут сөгүлсө, көнөктөп мөндүр төгүлсө, көзүмдүн жашы болгону" деп күү маанисин түшүнүп, "Кет-кет, кет Бука, кеби жаман ит бука, сенин айтар кебиң бул эмес, менин угар кебим бул эмес" дегенде ырчы кайра "Кыздары соккон кыялдай, кылыгы жакшы Айханым, келиндер сайган кештедей, кеби жакшы Айханым, элчи менен ырчыга, хан алдында кай өлүм" деп жоошуткан экен да, ырчы өлүмдөн кутулуп кетиптир.

Шекербектин күүсү. Шекербек Шеркулов да "Кетбука" күүсүн айтып черткен. Анын айтуусу мындай: "Айхан алты шаардын каны болуп, ордосу Үч деген жерде кан уюгу деген ордо болуп, тагы үч болуп аталганда бара-бара Турпан деген атак пайда болот. Бул шаар үч жерге салынгандыктан Үчкө айланып Үч-Турпан делет. Анын каны Айхан болуп, баласы токтобой өлүп турат. Бир баласын токтор бекен деп ырым кылып жар таштын бооруна атайлап, үй салдырып ошондо бактырат. Бала алты-жети жашка чыкканда жемиш менен кошо келген кара курт Канбаганы чагып өлтүрөт. Калк чогулуп, Кетбука деген комузчу ханга ал кабарды минтип ырдап угузган экен", - деп жогорудагыдай эле текст менен ырдайт, ага Айхан мындай жооп берет: "Кет-кет, кет Бука, кеби суук ит Бука, карап турган кашымда, көзүң курсун, ит Бука, комуз чертип ырдаган, ырың курсун ит Бука, кара жанды кашайткан, чырың курсун ит Бука, атайы келген алдыма, ишиң курсун ит Бука, комуз чертип жоруган, түшүң курсун ит Бука", — деп ырдап да, кара күү катарында чертип да берген.

Тарыхчылар жана комузчулар кайрылып турган. Кетбука тууралуу Белек Солтоноев, Тоголок Молдо маалыматтарын калтырып, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Муратаалы Күрөңкеев ж.б. комузчулар күүлөрүн черткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0