07:39 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
203 0 0

"Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнөлүк адабият" жана "Дүйнө" серияларынын алкагында көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөт берилет.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн сынак жарыялаганын билдирди.

Ага ылайык, конкурс "Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын" аткарылышын камсыздоо максатында өткөрүлөт.

Анда "Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнөлүк адабият" жана "Дүйнө" серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөт берилет.

Эмгектер электрондук түрдө (mamtil-synak@mail.ru дарегине) үстүбүздөгү жылдын 23-мартына чейин кабыл алынат. Сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп берип, Улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊештин сынынан өткөн соң, мыкты деп табылгандары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.

Жыл сайын өтө турчу сынактын негизинде бир катар белгилүү акын-жазуучулардын эмгектери жана котормолору басылып чыгып, окурмандарга тартууланганы айтылат.

Тема боюнча

Акун кызы: "Жети жаш автор" адабий сынагы 10 жылдан бери өтүп келет
Өкмөт быйыл иштетүү үчүн 5 кенге сынак жарыялайт. Тизме
Белгилер:
сынак, котормо, чыгарма, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

ЭҢ МААНИЛҮҮ