Бишкекте жаш акындардын "Шамалдагы от" аттуу поэзия кечеси өтөт

Жазылуу
"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду мындай кечелерди төрт жылдан бери өткөрүп келет жана бул кезектеги отуз тогузунчу иш-чара экени айтылды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Борбор калаада жаш акындар Турдубек уулу Садырбектин жана Махабат Касеинованын чыгармачылыгына арналган "Шамалдагы от" деп аталган поэзия кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

Садырбек Турдубек уулу Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алган. "Нур борбор" Эл аралык чыгармачылык академиясынын жана "Жаӊы толкун" адабий клубунун мүчөсү. Ал өзүнүн "Эне жана эне тил", "Кеп тиш кийген Жер эне" ырлары менен окурмандардын кеӊири катмарына тааныла алган. "Ыракета ТУС" аттуу китеби жарык көрүүнүн алдында турат.

Мужчина который пишет на блокноте - Sputnik Кыргызстан
Жаш калемгерлердин чыгармаларын акысыз чыгаруу үчүн сынак жарыяланды
Махабат Касеинова Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган. Анын ырлары "Саамалык", "Алманын мөмөлөрү", "Много языков - один мир" альманахтары жарыяланган. "Нур борбор" Эл аралык чыгармачылык академиясынын жана "Калемгер" адабий клубунун мүчөсү. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд уюштурган "Дебют-2008" жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү. 2009-жылы "Много языков - один мир" конкурсунун поэзия жанры боюнча биринчи орунду жеӊип алган. Ушул жылы анын "Жолдо" деген ырлар жыйнагы жарык көргөн. 2010-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Эскерте кетсек, аталган фонд мындай кечелерди төрт жылдан бери өткөрүп келет жана бул кезектеги отуз тогузунчу иш-чара экени айтылды.

"Шамалдагы от" 24-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында саат 17.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0