17:00 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
679 0 0

1980-жылдардын ортосунда Москвадан 15 республикага тең кыздардан турган ансамблдер түзүлсүн деген тапшырма берилген. Көп өтпөй Кыргызстанда "Кыз Бурак" тобу түптөлүп, "чү" дегенде эле элдин назарын бурган музыкалык ансамбль болду.

Топтун жетекчиси жана негиздөөчүсү, КР эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер жана профессор Гүлшайыр Садыбакасова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" программасында маек курду.

— "Кыз Бурак" тобу жарым кылымга чукул сахнадан түшпөй келет. Сыры эмнеде?

— Ансамбль түзүлгөндөн бери айрым учурларда тыныгуу жасап, кээде күн-түн иштеп, башыбыздан ар кандай жагдайлар өттү. Бүтүндөй Кыргызстанга, ал тургай Орто Азия, КМШ өлкөлөрүнө чейин таанылган төрт топту "алтын курам" деп таптык. Мисалы, топтун биринчи, жетинчи, он төртүнчү курамдары элге өзгөчө таанылып, ал мезгилди "Кыз Бурак" долбоорунун туу чокуга чыккан учуру катары эсептейм..

Топ түзүлгөндөн тартып эле популярдуу болуп кетти. Бир эле жерде, ошол эле программа менен үч-төрт жолу концерт берген учурлар болду. Азыр эле концерттен чыккан адам кайра билет сатып алып кире берчү экен. Анткени сахна шөкөттөлүп, жаркырап өзү кооз эмеспи. Ал эми "Кыз Бурак" ошол сахнага кыздын назын, сулуулугун, көзүндөгү мээримин, ажарын кошуп, эми гана пайда болгон кыргыз эстрадасына жаңылык киргизип, элдин купулуна толду.

Ал учурда концертке чыкканыбызга, элдин кол чаап колдогонуна, алардын белектерине ынтызар болуп жүрө берип, "Кыз Буракты" ушунча убакытка чейин эмгектенет деп ойлобоптурбуз. Анан элдин ыраазычылыгы, колдоосу менен ушинтип жарым кылымга чукул сахнадан түшпөй келе жатабыз.

Народная артистка Кыргызской Республики, создатель ансамбля Кыз Бурак Гулшайыр Садыбакасова во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
КР эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Гүлшайыр Садыбакасова

— Спортто болобу, башка жакта болобу, негизи эле кыздардан түзүлгөн топту башкаруу татаал эмеспи. Тажап, кол шилтеп басып кеткен учурларыңыз болду беле?

— Анда жаш экенмин, кыздарыбызды ала качып кетсе, топтун иши токтоп калгандай сезилчү. Убакыттын өтүшү менен сооронуп, кайрадан баштачумун. 2000-жылдан тарта элди туурап фонограммага өттүк. Ага чейин топтун ар бир мүчөсү алтынга тете эле. Гитарачы же урма аспапчы кетип калса, адамдын бир органы жок болуп калгандай, ансамблдин иши токтоп калчу. Мындай кезде ыйлап-ыйлап алып кайра "кой, эл күтүп жатат", "жаңы ырларды жаздырыш керек" деп ишке киришчүмүн. Өзгөчө Союз мезгилинде кыздарды баса калып эле ала качып кетчү. Жоопко тартуу деле оюбузга келбей, бул мыйзам ченемдүү болуп, "барган жеринен бак айтсын" деп калып калчубуз. Ошол окуялар аябай кайгыртып, далай ызаланткан. Анткени анын ордуна келген кызды жарым жылга чукул үйрөтүп, даярдап чыгасың. Ал аңгыча даяр турган кыздарыңдын башка бирөөсү кетип калат. Ошентип ый менен ызага, кубаныч менен ыраазычылыкка бөлөнүп, бүт өмүрүм ушул топко арналды.

18 жашымда келдим эле, азыр 67ге чыктым. "Кыз Буракты" таштап кете албадым. Бир кездерде жөн эле топ катары кабылданып келсе, азыр бир нече муунду басып өткөн мектеп болуп калды. Учурунда өлкөдө 500гө чукул ансамбль түзүлгөн болсо, алардын ичинен маданиятка өзүнүн салымын кошкон бир гана "Кыз Бурактын" калганы мен үчүн сыймык.

— Башка да топту түзүү боюнча ой болду беле?

— Ооба, "Кыз Бурактын" алгачкы мууну менен катар 90-жылдары дагы бир топ түзүп көрөйүн деп, жалаң жигиттерден турган "Эрк" тобун түптөгөм. Таланттуу жигиттерди топтоп, костюмдарды даярдап, накта кыргыздын мырза жигиттеринин образын бергенбиз. "Назгүлүм", "Айнура" деген ырлары менен тез эле элдин оозуна алынышкан. 3-4 жыл иштеген соң, тилекке каршы, топ чачырап кетти. Бири аскерге кетти, экинчиси үйлөндү дегендей. Арасынан "мүйүзү" чыгып, ички "мен" деген сезими күчөгөндөрү кездешти. Андыктан бул топту кайрадан курап, уланткым келген жок.

— Муну азыр заманбап тил менен айтканда "жылдыз оорусу" деп коет эмеспи. Психологдор бардык эле белгилүү адамдар бул баскычты басып өтөрүн айтышат. Учурунда сиз ушундай ооруга кабылдыңыз беле? Анан топко келген кыздар ушундай абалга жеткенде эмне кыласыз?

— Биздин мезгилде "жылдыз оорусу" деген эмне экенин билген жокпуз. Улууга урмат, кичүүгө ызат менен мамиле кылчубуз. Тарбия, талап ошондой болчу. Бул жүрүп отуруп мүнөз болуп калыптанып калат экен. Мисалы, мен тааныбаган эле араба түрткөн адам келип "сиз менен сүйлөшкүм келет" десе, аны менен баарлашып тура берем. Ошол кишинин арыз-муңун, ыраазычылыгын угам. Кээде Сайкал "апа, тура бересизби?" деп калат. Анан ал мендей эле пенде, мага ыраазычылыгын билдирип жатса, эмнеге сүйлөшпөйм деп калам. Союз доорун сүргөн адамдар ошондойбуз.

Ал эми топко келген кыздарга тарбия-таалимди бизге кошулгандан баштап үйрөтөм. Негизинен башка топтордо же продюсерлик борборлордо музыкалык талантына эле көңүл бөлүп, кыздын жүрүм-турумуна маани беришпейт. Бизде анын баары каралып, бир нерсени тажаганча жасатып отуруп, далай кызды даярдадык. Азыркы учурга чейин күйөө балдарым "сиз мага ушундай тарбиялуу, ыймандуу кызды даярдап бергенсиз" деп калышат, ал эми кыздарым өздөрү дагы ыраазычылыгын билдирип келишет. Бул эмгегибиз элге көрүнбөйт, метр менен өлчөнбөйт. Кээде "базардагы картошканы таразага тартса болот, биздин эмгекти өлчөөгө мүмкүн эмес" деп күлүп калам.

Народная артистка Кыргызской Республики, создатель ансамбля Кыз Бурак Гулшайыр Садыбакасова.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Садыбакасова: ата-энелер менен тыгыз иштешебиз. Анткени бирөөнүн баласына жоопкерчилик аласың

— Кыздарды топко алып жатканда ата-энелер менен кандай сүйлөшөсүз, келишимдер түзүлөбү?

— Алгачкы Союз кездеги түзүлгөн топтордо көптөгөн түшүнбөстүктөр болгон. "Биздин тукумда артист болгон эмес", "артист деген жаман" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, таланты бар, өзү каалап турган кыздарын жибербей койгон бүлөлөр кездешчү.

Ата-энелер менен тыгыз иштешебиз. Анткени бирөөнүн баласына жоопкерчилик аласың. Ата-эненин каалоосуна жараша оозеки же кагаз жүзүндө келишим түзөбүз. "Биз чыгармачылык менен кетебиз, ага тоскоол болбогула" деп талап коебуз. Ошого карабай, жашоо шартына байланыштуу келип чыккан жагдайларда келишимде жазылганына карабай, артка чегинген учурлар болду. Үйүндө жашоо-шарты начарлап, Россияга, Түркияга иштеп келишим керек деп жатса, кагазга жазылган деп отура бере албайсың да. Кай бир учурларда адамгерчиликти алдыга коюп, батамды берип, турмуш шартына ыңгайлашууга туура келди. Эми элибиздин жашоосу деле жакшырып, өлкөбүз бутуна турат. Ошол күндөр келсе, биздин топтун жашоосунда дагы талантка болгон мамиле акчадан алдыга чыгат деп ойлойм.

— Топтун өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон костюмдары тууралуу айтып берсеңиз...

— "Кыз Бурак" ансамбли көп каражат сарпталган топтордун бири. Мындай топтор жокко эсе. Ансамблде 5-6 кыз ырдайт. Анын баарына жыл сайын жок дегенде үч комплект концерттик форма тигилет. Албетте, эптеп-септеп, арзаныраак кылып тиктирип койсо болот. Бирок ал нерсе "Кыз Бурактын" нукура жүзүнө төп келбейт. Бир кызга орточо эсеп менен 25 миңге бир костюм тигилсе, төрт кызга 100 миң сом болот. Жылына үч-төрт комплект, клиптерди тарттыраарда дагы үч-төрт комплект форма тигилет. Мына ушунун баарын топ өз акчасына жасайт. Концерттерибизди 7 жаштан 70 жашка чейинки адамдар көрөт. Ошондуктан кыздар өтө ачык эмес, кыргыздын нукура жүзүн сактаган көйнөктөрдү кийишет.

— Репертуарды тандоодо коллегиалдуу чечим чыгарасыздарбы же сиздин айтканыңыздай болобу?

— Негизинен өзүм көзөмөл кылам, бирок айрым учурларда жамаат менен акылдашабыз. Азыр эми Сайкал (Сайкал Садыбакасова, кызы — ред.) аткаруучу директор да. Анан ал экөөбүз кеңешебиз. Чынында Сайкалдын мууну батышка, чет жактын музыкасына ыктагандар. Ал эми мен кыргыздын улуттук, салттуу музыкасы экинчи планда калбашы керек деген пикирдемин. Мунун айынан экөөбүздүн ортобузда дагы бир топ талаш-тартыш болуп кетет. Албетте, жетекчи болгондон кийин көп учурда "жеңип" кетем. Негизинен топтун репертуарынын 90 пайызы менин сунушум менен ырдалат. Калган он пайызы "мейличи эми жасай бергилечи" деген учурларда жасалып калат.

Народная артистка Кыргызской Республики, создатель ансамбля Кыз Бурак Гулшайыр Садыбакасова.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Садыбакасова: 1980-жылдары Москвадан 15 республикага тең кыздардан турган ансамблдер түзүлсүн деген тапшырма берилип, Кыргызстанда "Кыз Бурак" негизделген

— "Элүү жылда эл жаңы" деп коет эмеспи. Кырк жылда музыка жаатында деле көп жагдай өзгөрдү. Сиздин оюңуз боюнча кыргыз эстрадасынын учурдагы абалы кандай?

— Кыргыз музыкасынын абалы өтө начар же өтө жакшы деп айта албайм. Себеби бир кездердеги академиялык, драмалык, опералык жанрлар менен биздин Кыргызстандагы угармандар тааныш эмес. Бир гана фольклордук жана эстрадалык музыка менен турат. Бул кооптуу жагдай. Анткени адам бир нече багыттагы, жанрдагы музыка менен дагы табитин тапташы керек. Мисалы, классикалык музыка эстрададан, фольклордон жогору турат. Мунун баарын учурунда басып өткөнбүз, бирок эгемендүүлүк алганы анын баарын жоготтук. Азыр өсүп келе жаткан муун драма, опера, хорлорду билбей калды.

Экинчиден, бир кездерде артисттерди эңсеп жүрүп көрүшчү. Ырчылар, филармониянын артисттери, драма театры келет десе беш күн мурун майрам болчу. Апаларыбызга жагынып, жасалбай турган иштерди аткарып, ошол концертке жөнөтсө экен дечүбүз. Айылда клуб болсо да бир жөн, артисттер сарайларда, камаздардын үстүндө ырдап, концерт коюп. ошолордон руханий, маданий мурастарды алчубуз. Бүгүн ушунун баарын жоготуп калдык. Ошону жасай турган артисттер бул заманда жакшысыбы-жаманыбы, иши кылса той аттууга бара берип, эл бизди көрө берип чарчады.

Мунун баары улуттук маданиятыбыздын жакырланып бара жатканынан улам болгонун туюп жатабыз. Анан биздин программаларды ээлеген атуулдук, мекенчилдик, ата-энени сүйүү сыяктуу тематика артка жылып, угармандарыбыз "дүк-дүк" деген тойдун музыкасын эле күтүп калышты. Аны карапайым жарандар, интеллигенция, депутаттар деле ушул тойдун музыкасы менен жашап калдык. Той көп болсун, ошого себеп болгон жакшылыктар боло берсин. Бирок той деп отуруп, ушул музыкалык "байлыгыбызды" жоготуп алдык. Азыр телерадиолор ошол тойдун музыкаларын берип калышты. Ошентип отуруп маданият жаатында жакырлануу болуп турат. Учурда китеп окубай, театр көрбөй, классикалык музыка укпаган муун өстү. Келечекте кандай болот деп тынчсызданам.

Тема боюнча

Гандболчу Гүлшайыр Садыбакасова 64 жашта! "Кыз бурактын" апасы тууралуу 10 факты
Белгилер:
маек, эстрада, музыка, Гүлшайыр Садыбакасова

ЭҢ МААНИЛҮҮ