Назарбаевдин сый-урматын көргөн. Эл акыны Элмирбек Иманалиев тууралуу 8 факты

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваИнтервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумурай журтка таанымал ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев 42 жашка толду. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген.

Бул күндү утурлай Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү акын тууралуу факты сунуштайт.

Айтылуу Эшмамбеттин урпагы

Элмирбек Иманалиев Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү.

"Менин атамдын ысымы Калил. Аны төрөгөн Тай деген кемпир Эшмамбеттин жалгыз кызы болгон. Башка тукуму калган эмес. Мен ошол Тай чоң апамды кадыресе көрүп, билип калдым. 93 жашында каза болду. Анда мен 12 жашта элем. Эшмамбеттин сөөгү биздин Токтогул районунун Чоңко айылындагы Ак-Жар мазарына коюлган", — деп айтып берген Иманалиев Sputnik агенттигине берген маегинде.

Манасчылык өнөрү

Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, Сармердендин шайыр жеңеси Гүлбүбү Ороскул кызы - Sputnik Кыргызстан
Кайрыктардан издейбиз эми... Гүлбүбү Ороскул кызынын сүрөттө калган элеси
Болочок акын эрте тамга таанып, жаштайынан адабий чыгармаларды көп окуган. Ошол кездеги бөбөктөрдүн эң алгачкы окуган китеби "Алиппе" же жомок болсо, анын эң биринчи окуган китеби "Манас" эпосу болгон. Ошондон кийин манас айтып баштаса, өзүнөн улуу агалары "сен китепти окуп, жаттап алып айтып атасың" деп ишенишкен эмес. Ага арданып манас айтпай койгон. Кийин акындык өнөрдү аркалап, манасчылыкка көп көңүл бурбай калган. Анткен менен кээде айтып турат.

Төкмөлүгү

4-классынан тарта калем кармап ыр жазса, эки жылдан кийин комуздун коштоосунда ырдап баштаган. Өнөрүн байкаган белгилүү акын Тууганбай Абдиев аны шаарга алып кеткен. 15 жашында "Ак таңдай — 1993" фестивалында баш байгени жеңип алган. Ошол убактан тарта эл оозуна алына баштап, көптөгөн республикалык жана эл аралык айтыштарда баш байгени жеңген.

Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда баштап, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. 

Муңдуу обондордун автору

Элмирбек Иманалиев белгилүү ырчылар аткарып жүргөн "Күттүм, күттүм", "Ак секет", "Булбулум", "Боздотпочу", "Аруузат", "Булбулум", "Балкыма" ырларынын обонун жараткан. Өзү жазган ырларында арман, муң бар экендигин жашырбайт. Маектердин биринде "мен тамаша, күлкүмдү айтыш учурунда чыгарып салып, калган чыгармачылыгыма жалаң кайгы, арман гана калат окшойт деп ойлоп калдым" деп айтканы бар.

Актёр да болгон...

Бир кезде шаардык театрда иштеп, Кыргыз драма театрынын сахнасында Токтогулдун образын жараткан. Бирок өзүн актёр деп эсептебейт.

Казакстандын мурдагы президенти урматтаган

Журналисттер 2015-жылы Элмирбек Иманалиевден Нурсултан Назарбаев менен жеке мамилеси бар-жогуна кызыгып сурашканда, ал казак элинин ажосу чыгармачылыгын урматтай турганын айткан.

"Мен ал киши менен бир нече жолу бет маңдай отуруп баарлашкам. Туулган күндөрүндө дагы болдум. Назарбаев биздин Ысык-Көлгө келгенде жолуккан учурларым болду. Ал катышкан расмий, бейрасмий жолугушууларда ырдап жүрөм. Айтор, ошондой жакындыгым бар. Чыгармачылыгыма урмат менен мамиле кылат. Себеби өзү өнөргө жакын. Кыргыз-казактын улуу акындары боюнча дээрлик маалыматы кенен", — деген Иманалиев.
© Sputnik / Табылды КадырбековАкын Элмирбек Иманалиевге 2016-жылы Эл артисти наамы берилген.
Назарбаевдин сый-урматын көргөн. Эл акыны Элмирбек Иманалиев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Акын Элмирбек Иманалиевге 2016-жылы Эл артисти наамы берилген.

Биринчи турмушу

Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоордун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек
Төкмө акын 1995-жылы ырчы, "Сармерден" долбоорунун шайыр жеңеси Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошкон. Жубайларды чыгармачылык жол тааныштырган. 15 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Ортолорунда Айзуура жана Сезим аттуу кыздары бар.

Гүлбүбү Ороскул кызы 2017-жылы дүйнөдөн мезгилсиз кайткан. Улуу кызы Айзуура белгилүү журналист Мирзат Мукановго турмушка чыгып, Элмирбек Иманалиевдин учурда жээн небереси бар.

Экинчи жубайы медик

Азыркы жары Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да, күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар. Жубайлар үч баланын ата-энеси.

Элмирбек Иманалиев учурда жаш акындарга устаттык кылып келет. Ага 2016-жылы Эл артисти наамы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0