06:28 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Маданият

Голливуд жылдыздары кыргыз актёрлоруна таң калып... "Чыңгыз хандагы" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (95)
440 0 0
Народная артистка КР Жамиля Сыдыкбаева и лауреат Оскара Патриция Нил во время съемок в фильме Чингиз хан в 1992 году
© Фото / Александр Федоров.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

КРдин Эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нилдин сүрөтү 1992-жылы тартылган.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылында кыргызстандык жана чет элдик киночулар биргеликте "Чыңгыз хан" тасмасын тартууга киришкен. Фильмге англиялык Кен Эннакин режиссёрлук кылып, Төлөмүш Океев көркөм жетекчиси болгон. Аны тартуу иштери Ысык-Көл менен Чүйдө жүрүп, чет элдик киночулар, ондогон кыргызстандыктар катышкан.

Ошол учурду актриса Жамиля Сыдыкбаева мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү эпизод Чуңкурчакта тартылган. Сценарий боюнча мен согуш талаасынан жарадар болуп кайткан баламды ыйлап тосуп алып жаткан учурум болчу. Ал жерде мен сыяктуу жоокер уулдарын күткөндөр көп эле болгон. "Чыңгыз ханды" тартуу иштери аябай кызыктуу болуп, ага көрүнүктүү актёр, актрисалардан тарта жөнөкөй тургундар да тартылган. Голливуддан он актёр келген, актёрлордун көбү кыргыздар болчу. Алардын арасында Шайыр Касымалиева, Асел Эшимбекова, Эдилбек Чокубаев, Токон Дайырбеков, Марат Козукеев, Орозбек Кутманалиев да бар эле. Анда чет элдиктерге актёрлук чеберчиликти, мыкты ат мине ала турганыбызды көргөзгөнбүз. Алгач чет элдиктер бизге баа берген эмес, кийин жакын мамиледе болуп көбү менен достоштук. Эсимде, Голливуд жылдыздары "ар бир кыргыз актёру биздеги тасмаларда тартылса болот экен" деп макташкан. Соңуна чыгып калганда каржы маселесинен улам тасма көрүүчүлөргө сунушталган жок. Бирок жакшы долбоор болчу, кыргызстандыктар бир топ тажрыйба алган", — деди Сыдыкбаева.

"Чыңгыз ханга" атактуу италиялык актёр Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант менен Чарлтон Хестон да катышкан, бирок тасма соңуна чыкпай калган.

 

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (95)

Тема боюнча

Күлгүндөй жаш кездери. "Снайперлердеги" Шамшиев менен Темирова
Ричард Тайсон менен кылыччан кыргыз балдар. "Чыңгыз хандагы" таберик сүрөт
Белгилер:
Кыргызстан, кино тасма, Жамиля Сыдыкбаева, актриса, таберик сүрөт

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ